You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
УКМК: Аскар Акаевге жаңы айыптар тагылды
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Кумтөр иши" боюнча экс-президент Аскар Акаевге коюлган бардык айыптар алынды деген маалыматты УКМК четке какты.
Атайын кызмат Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын, ал түгүл, ага жаңы айыптар тагылып жатканын ачыктады.
"Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишимди түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды. Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатат. Анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылган", - делет бул тууралуу расмий билдирүүдө.
УКМК "Кумтөр иши" боюнча тергөө амалдары уланып, кылмыштардын башка фактылары аныкталып жатканын айтты.
"Ошондуктан, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт",- дейт УКМК.
"Кумтөр иши" боюнча экинчи ирээт суракка келген Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кайрадан Россияга учуп кеткенин Би-Би-Сиге анын жакын тарапкери, мурунку аткаминер Бекболот Талгарбеков кечээ билдирген.
“Аскар Акаевге айып тагылган эмес. Ал бул иште күбө катары өттү. Териштирүүнүн жыйынтыгында Акаев Кумтөрдү иштетүүдөн бир да цент албаганы жана Centerraда бир да акциясы жок экендиги далилденди”, - деген эле Талгарбеков. УКМК анын мындай билдирүүсүнө бир күн өтүп жооп берүүдө.
Экс-президент 14-декабрда "Кумтөр иши" боюнча суракка келген эле. Биринчи жолу ал Кыргызстанга быйыл августта келип-кеткен.
"2021-жылы мекениме эки ирет барып келдим. Жайында бир апта, декабрда бир апта жүрдүм. Күн сайын, эртеден кечке укук коргоо органдары менен тыгыз иштедим. Мындан ары мекенимде мага эч кандай доомат жок, бардык иштер жабылды. Мындан ары Кыргызстандын башка жарандарындай эле каалаган учурда өлкөгө кирип-чыгып турам",- деди Акаев өзү "МК" орусиялык басылмасына курган маегинде.
Акаевдин интервьюсу президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык айтуу менен башталат. Анын айтымында, Кыргызстанга келип кетиңиз деген өтүнүчүн Жапаров жеке өзү телефон чалып айткан. Акаев чакырууну ыраазычылык менен кабыл алганын айтат.
Буга чейин айрым эксперттер Акаевдин Кыргызстанга суракка келиши Садыр Жапаров менен эле эмес, Кремль менен дагы алдын ала макулдашылган маселе дешкен.
“ Акаевдин күч менен эмес өз эрки менен Кыргызстанга кайтуу чечими мына ушул жагдайларга байланыштуу. Акаевди кайтаруу талабын буга чейин бардык кыргыз президенттери көтөрүп келген. Бирок Акаев аларга эмес, Садыр Жапаровго ишенип келип жатат. Ал эми азыркы кыргыз бийлиги үчүн Акаев канадалык инвесторлор менен сотто көзүр болгону калды”, -деген эле Би-Би-Сиге казак саясат талдоочусу Досым Сатпаев буга чейин.
Орусиялык басылмага берген соңку маегинде Аскар Акаев анын Кыргызстанга болгон сапары эки өлкөнүн президенттери деңгээлинде макулдашылганын тастыктады.
“ Мурдагы президенттердин тушунда прокуратура же Кыргызстандын башка күч органдарынын бешинчи, онунчу кызматкерлери байланышка чыкчу. Анан калса, алар издөө жарыялайбыз, абакка камайбыз деген жана башка сөздөр менен коркутушчу. Мен аларга коркутпагыла, мени улуу Россия коргоп калат деп айтчумун”, - деген ал.
“Кумтөр” боюнча тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын УКМК 2021-жылдын августунда жарыялаган. Анда Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө “Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары масштабдуу коррупцияга жол берилгени тууралуу далилдер чогултулганы айтылган.
Бул ишке байланыштуу экс-президент Аскар Акаев баштаган ондогон саясатчылар сурак берип, Өмүрбек Бабанов, Тайырбек Сарпашев, Талантбек Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматов камакка алынган. Бир далайы тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган. (EK)