You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылышты Москванын кийлигишүүсү токтотту
Азербайжан-Армения чек арасындагы кырдаал 16-ноябрда өтө курчуп кетти. Азербайжан өз позицияларына чабуул болгонун айтса, Армения Бакуну чек арасын бузуу аракетине айыптады. Ереван суверендүүлүгүн коргоого жардам сурап Москвага кайрылды.
Би-Би-Си Азери кызматы, бүгүнкү күнгө такталган маалымат боюнча кагылышуулардан Азербайжан тараптын 7 аскер кызматкери каза болуп, дагы он киши жаракат алганын жана Армениянын 24 жоокери менен байланыш жок болуп жатканын, бири набыт болгонун жазып чыкты.
Орусиянын коргоо министирлигинин билдириши боюнча, Азербайжан менен Армения согуш аракеттери Орусиянын коргоо министри менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон.
Кырдаалдын өнүгүшү
16-ноябрда эртең менен Азербайжандын коргоо министри армян аскерлери Азербайжандын Келбажар жана Лачын чек ара аймактарынын басып алуу аракетин баштаганын билдирди. Азербайжан тарап армиясынын позициялары ири калибрдүү жана гранат атуучу куралдар менен катуу аткыланып, натыйжада эки жоокер жарадар болгонун билдирди.
Армениянын коргоо министрлиги өз кезегинде, армян аскерлери “илгерилөөнү токтотуу максатындагы жооп аракеттерди” көрүшкөнүн айтты. Алардын версиясы боюнча, Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армениянын позицияларын жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 аткылап баштаган.
Саат 15:00 (жергиликтүү убакыт) Азербайжандын коргоо министрлиги каршылашынын танкага каршы каражаттарын жана мина атуучу куралдарын жок кылганын кабарлады. Билдирүүдө “чек арада кырдаал курч, учурда кагылышуу жүрүп жатат”, - деп айтылган. Армения аскерлери позицияларына чабуул болуп жатканын билдиришкен, бирок ал кайсы жерлер экени такталган эмес.
Кийинчерээк Ереван саат 16:00 (жергиликтүү убакыт) боюнча Азербайжан чек арасына чектеш чыгыш аймактарында абал өтө оор болуп турганын жарыялаган. “Армения тараптан өлгөндөр жана жарадар болгондор бар, маалымат такталып жатат. Ошондой эле армян тарап эки аскердик позициясын жоготкону белгилүү”, - деп айтылган Армениянын коргоо министрлигинин пресс-кызматынын билдирүүсүндө.
Дагы бир билдирүүсүндө, Азербайжан менен чек арадагы кагылышууларда 12 армян жоокери колго түшкөнү маалымдалган. Армения кечинде бир жоокери набыт болгонун билдирди.
Жана дагы, Ереван жооп аракеттери менен «каршылашынын жеке курамына жана техникасына чоң бүлгүн келтиргенин” белгиленген.
Орусияга жардам сурап кайрылуу
Кагылышуулар тууралуу маалыматтар тарап жаткан учурда Ереван Москвага Армениянын теорриториясынын Азербайжан армиясынын чабууланун коргоп калууга чакырган кайрылуу жолдоду. Бул тууралу Армениянын коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян телекөрсөтүү аркылуу билдирди.
"Кол салуу Армениянын суверендүү территориясына болгондуктан, 1997-жылкы келишимге ылайык, биз РФга Армениянын территориялык бүтүндүгүн сактап калуу чакырыгы менен кайрылабыз”, - ТАССтын цитатасы.
Кеп 1997-жылы Борис Ельцин менен Левоном Тер-Петросян кол койгон орус-армян достук, кызматташуу жана өз ара жардам келишими тууралуу. Бул документтин үчүнчү беренесине ылайык, үчүнчү мамлекеттер агрессия кылган учурларда, тараптар бири-бирине аскердик жардам берет жана ага каршы туруу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерди көрөрүн "Ведомости" басылмасы келтирген.
Шейшембиде Армениянын ТИМи Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армениянын чек арасын чыгыш багытында кол салып, өлкөнүн суверендүү территориясына басып киргенин билдирди. Еревандын пикири боюнча, Азербайжан, былтыр Карабахтагы согушту токтоткон 9-ноябрда Орусиянын катышуусу менен түзүлгөн үч тараптуу келишимди бузууда.
Армениянын ТИМи бул келишимдин негизинде Азербайжанга өткөн территориялар сокку урууда колдонулуп жатканын баса белгилеген. Азербайжандын ТИМИ өз кезегинде чек арадагы кырдаалдын чыңалуусуна “абалды чыңалтууну көздөгөн” “Армениянын дагы бир аскерий-саясый чагымы” деп баа берди.
Азербайжандын коргоо министрлиги чет өлкөлүк аскер атташелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө Армения менен чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди. “Армения тарап кылган чагымдар тууралуу кеңири маалымат берилди”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эл аралык коомчулуктун реакциясы
АКШ Азербайжан менен Арменияны мындан аркы чыңалууну азайтуу жана алдын алуу үчүн “тезинен так кадамдарга барууга” чакырганын Би-Би-Си Азери кызматы жазып чыкты.
Шейшембиде АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу кагылышуулар АКШнын “терең тынчыздануусун” жаратып жатканын билдирди:
“Биз тараптарды чечилбей келе жаткан маселелерди, анын ичинде чек араны демаркациялоону чечүү үчүн түз жана конструктивдүү иштешүүгө чакырабыз”.
Евробиримдиктин өкүлү Шарл Мишел, Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан тууралуу билдирүүлөрдөн улам тараптарды чек арадыга ок атууну толук токтотууга жана “тезинен деэскалациялоого” чакырды.
Мишел Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөздү. Алиев Азербайжан “Армениянын аракетине жарашыктуу жооп” бергенин билдиргенин белгилейт анын пресс-кызматы билдирди.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян дагы Мишел менен сүйлөшүп, Азербайжан "2020-жылдын 9-ноябрында түзүлгөн үч тараптуу келишимдин жана 2021-жылдын 11-январындагы келишимдин шарттарын аткарбоо үчүн атайлап абалды курчутуп жатканын” билдирген.
“Эл аралык коомчулук Азербайжандын Армениянын суверендүү территориясына кылган кыянатчылыгын көңүл кош карабашы керек”, - дейт Никол Пашинян.
16-ноябрда Азербайжандын коргоо министри Туркиянын улуттук коргоо министри Хулус Акар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Азербайжандын коргоо министринин пресс-кызматы билдирди.
“Туркия, боло жүргөндөй, бүгүн дагы Азербайжанды колдой турганын билдирет”, - деди Хулуси Акари.
Шойгу менен сүйлөшүү
Андан соң чырга Москва кийлигишти.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, шейшембиде Армениянын жана Азербайжандын аскер күчтөрүнүн башчылары Сурен Папикян жана Закир Гасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Шойгу Баку менен Ереванды “абалды чыңалткан аракеттирди токтотууга” чакырды деп айтылат Орусиянын коргоо министрлигинин пресс-релизинде.
Орусиянын коргоо министрлиги, Шойгу телефон аркылуу өткөзгөн сүйлөшүүдөн кийин Азербайжан менен Армения Килисали тоосунун аймагындагы согуш аракеттерин токтотушту дейт.
Армениянын коргоо министрлиги “Орусиянын ортомчулугу менен жетишилген макулдашууларга ылайык” саат 18:30да ок атуулар токтотулганын билдирди.
Ошондой эле Орусиянын президент России Владимир Путин Армениянын премьер-министри Пашинян менен армян-азербайджан чек арасындагы абалды талкуулаганы белгилүү болду.
Ноябрдагы кырдаалдын курчушу
Бул аймакта акыркы жарым жылда майда куралдуу кагылышуулар болуп келаткан.
Бул тилкеде 1992-1994-жылдары болгон биринчи Карабах согушунан кийин Армениянын көзөмөлүнө, 2020-жылкы экинчи Карабах согушунан кийин Азербайжанга кайра өткөн Келбажар району жайгашкан. Ал Армениянын Сюникинский району менен чектешет.
Интерфакс агенттиги армян медиаларын шилтеме берип, азыркы салгылашуулар Жермук жана Сисиан менен Ангехакот багытында болгонун, Азербайжандын куралдуу күчтөрү Еревандан Гориске өткөн автожолду бууганга аракет кылып жатканын жазды. Бул жол тосулса, Армениянын Азербайжан жана Иран менен чектешкен Сюникинская облусу Армениядан кесилип калат. (CS)