Шайлоо-2021: Ким катышат?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны жыйырмадан ашты.

“Шайлоого катышуу ниетин бүгүн дагы алты партия билдирди. Алар: “Азаттык”, “Ынтымак”, “Аалам”, “Тилектештик”, “Социалист”, “Ак Асаба””,- деди Боршайкомдун басма сөз кызматынын өкүлү Мээрим Кубанычбек кызы.

Оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата Мекен”, Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги”, экс-депутат Феликс Куловдун “Ар-Намыс” жана "Жашылдар" партиясын эске албаганда бул шайлоого жалпысынан жаш партиялар катышууда.

Былтыркы шайлоого катышкандардын ичинен “Социал-демократтар”, “Ыйман Нуру” жана “Реформа” партиялары дагы бул шайлоого аттанышты. Кызыгы, өткөн жергиликтүү кеңештерде Бишкекте биринчи чыккан “Эмгек” партиясы парламенттик шайлоого баруу ниетин билдире элек. Акчалуу да, борбордо абройлуу да бул партияны өлкөдөгү эң бай Салымбековдордун кланы менен байланыштырып жүрүшөт.

Эң биринчилерден болуп Жогорку Кеңешке шайлоого барарын жар салган экс-мэр Нариман Түлеевдин “Ак-Бата” партиясынын да азырынча дымы чыга элек.

Буга чейин Эл аралык Республикалык институт жүргүзгөн сурамжылоо өлкөдө бийликчил делип жаткан эки партияга - “Ата -Журт Кыргызстан” менен “Мекенчилге” - ишеним көп экенин көрсөткөн.

Бирок азырынча экөө тең БШКга шайлоого катышуу ниетин билдире элек.

““Ата-Журт Кыргызстан” соңку шайлоодогу жалпы 28 шаардык, айылдык кеңештердин 14үндө мандат алды. Алган жалпы мандаттарынын саны 129 болду. Орточо алганда ар бир шаардык кеңеште 9дан мандат алышты”, - дейт шайлоодо байкоочу болгон Арслан Өмүрзак.

Саясат талдоочуу Мусуркул Кабылбеков бул жолку парламенттик шайлоодо эки бийлик партиясы болот деген пикирде:

““Ата-Журт Кыргызстан” партиясын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. Азыр дагы бир партияны карап жатышканы тууралуу маалыматтар келип жатат. Анын ысымын атай албайм, бирок ал анча белгилүү эмес партия экенин айта алам. Учурда тажрыйбалуу саясатчылар кайсы саясий күчкө оошту билбей турган чагы, бирок алар эми кайсы партияны көп тандай баштаса, аны бийлик партиясы деп биле берсеңиз болот”.

Деген менен президент Садыр Жапаров шайлоолордо бийлик партиясы деген тажрыйба жоюларын айтып келет. Соңку жолу быйыл июлда ал айрым депутаттарды кабыл алып, шайлоо тууралуу бул сөзүн дагы бекемдеген.

“Бир Бол” фракциясынын өкүлү Мамасадык Бакиров Садыр Жапаровго депутаттар тарабынан бийликчил делген партиялар тууралуу суроолор берилгенин ачыктаган. Бирок президент “бийликке жамынгандар бар экенин моюнга алып, бирок андайга жол бербесин” айткан.