You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сел жүрүү коркунучу сакталууда
Лейлек районунун Исфана шаарында жана айрым айылдарында 2-майда каптаган селдин материалдык жоготуулары дээрлик 70 млн сомго жакын деп бааланып жатат. Аксы районунун Ак-Жол айылында 4-майда сел каптады.
Исфана шаарынын тургуну Элдияр Жээналиев агасы менен унаа оңдоочу жай иштетчү. Анын баары 2-майда топон суу алдында калды. "Кичинекей канал бар, андан суу чоң келген. Каналдын башында сай бар. Агамдыкы өтө чоң техстанция болчу, ичинде ошол учурда төрт унаа болгон. Эми аларды да кайра оңдоого туура келет. Дубалдар, кээ бир курулуш материалдар жарабай калган. Эң көп чыгым тарткан Марс аке болду. Анын үйүнө да кирди, пластик чыгарган цехин, кампасын алды", - деди Жээналиев Би-Би-Сиге.
Исфанада үйлөрдүн жер төлөлөрүн, короолорун, бала-бакчанын жер төлөсүн, Исфанасай сел өтүүчү сайдын 170 метр тосмосун жууп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркаган үйлөрдүн саны жыйырмадан ашуун.
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ унаа жолунун 10-27-чакырымдарынын аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27 чакырымдарынын аралыгын кум шагылга толтурган.
Исфана шаарынын тургуну Марс Сатаровдун үйүндөгү чакан ишканасын, кампасын сел жууп кетти. Ал турган конушка суу жылгалардан топтолуп келип, сел үчүн казылган арыктан ашып кеткен. Азырынча чыгымдарымдын эсеби белгисиз: “Жабдыктарды жууп-тазалап, иштетип көрүш керек ошондо билинет. Суу келээрден 15 мүнөт мурда бала-чакамды коопсуз жерге алып чыгып кеттим эле. Ошого эле сүйүнүп жатам. Азыр тууган-туушканым келип, тазалап жатабыз. Бир аптада калыбына келип калат”.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел калдыктарын тазалоо жумуштары уланып жатканын билдирди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районун да суу каптады. Аксы районунун Жаңы-Жол айылында, Тосту, Туюк-Жар, Кара-Башат участокторунда 3-майда сел жүрүп, 2-3 үйдү, үч дүкөндү, баш-аягы 400 метрдей ички жолду суу каптаган. Райондун башка айылында да бүгүн сел жүрдү.
Лейлекте 2014-жылы да ушундай сел жүргөн. Ошондо Исфанасайдагы сууну тосуучу тосмо курулган. Аны 2-майда суу алып кетти. Би-Би-Си Исфана шаарынын мурдагы мэри Ташполот Козубаевден дарыялар жана тосмо тууралуу сурады.
“Негизинен сел Чимген айылында Шорбулак сай дегенден түшкөн. Бул жерде өткөн жылы сайдын жээктерин бетондоо жүрүп, аягына чыкпай калган. Ошол жерлерден суу ашып кетип, бир үй талкаланды. Андан сырткары чарбалык курулуштар, социалдык объекттер жабыркады”, - деди Козубаев.
Ал дарыя, сайлар союз учурундагыдай терең эместигин, кум толуп калганын кошумчалады:
“Дарыялардын алды айылдын деңгээли менен эле бирдей болуп калган. Быйыл суу көп келди. Мөндүр катуу жаады. Бизде жер Өзгөндөгүдөй, Жалал-Абаддыкындай топурак эмес, катуу болгон үчүн суу сиңип кетпейт”.
Исфанада Ак-Суу жана Исфана дарыялары өтөт. Ал жерде бассейн куруу долбоору тууралуу сөз болуп келет.
Кыргызстанда 7-майга чейин туруксуз аба ырайы, катуу жаан болоору эскертилип жатат.