Ош: Чек ара кызматы коррупцияга шектелүүдө

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Чек ара кызматы быйыл жыл башынан бери 142 контрабанда фактысын аныктады. Бул товарлардын жалпы суммасы 131 миллион сомду түздү.

Расмий маалыматка ылайык, кечээ эле Кадамжайдагы Айдаркен чек ара кошуунунун аскерлери Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга үч тонна жүзүм алып өтүүгө аракет кылган Э.К. аттуу кыргыз жаранын кармады.

Бул жаңылык Ош облусу боюнча Чек ара кызматынын бир нече жетекчиси чек арадагы коррупция үчүн шектелип, УКМК тарабынан кармалгандан кийин орун алды.

Ош облусуна караштуу Чек ара кызматынын дарегине соңку жылдары коррупцияга байланыштуу көп дооматтар айтылып келди. Өзбек, тажик жарандары Ош облусундагы өткөрмө бекеттеринде алардан акча доолап жатышканы тууралуу буга чейин даттанып келишкен. Ал тургай, алар коомдук сайттар аркылуу бул тууралуу кыргыз президентине да кайрылышкан.

Пара баасы кеминде 350 сомго чейин барары да айтылган эле. Бул тууралуу өзбек блогери Исраил Садыр Жапаровго "аскерлериңиз постто ар бир адамдан 50 миң сумдан алып (болжол менен 300-350 сом), анан чек арадан өткөрүп жатышат, деген.

УКМК шейшембиде коррупцияга шектеп,  "Достук-автодорожный" өткөрмө бекетинин башчысы А.Э., Ош облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын жетекчиси Ч.Н. жана Генералдык штабдын Чек ара кызматынын башчысы К.Б. кармады.

"Кармалгандар Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деди Би-Би-Сиге УКМКнын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов.

Бул тууралуу расмий билдирүүдө чек ара аскерлери негизинен өзбек жарандарынан жана чек ара аркылуу Өзбекстан тараптан оор жүк ташуучу айдоочулардан акча дооланып келгени айтылат.

Ош шаарынын жанындагы "Достук-автодорожный" өткөрмө бекети - Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган эң ири бекеттердин бири. Андан күнүнө жүздөгөн киши өтөт.

Бул бекет аркылуу Иран, Түркиядан, Түркмөнстандан Кыргызстанга  товарлар ташылып келет.

Өзбекстандан  дары-дармек, жашылча-жемиш, кезмеде, кургатылган жемиштер, шыпыргы өңдүү үй-буюмдарын ташышат.  Ал эми Кыргызстандан Өзбекстанга биринчи кезекте мал-жандык, туз, Сүлүктүнүн көмүрү, Кызыл-Кыянын цементи, мунай жеткирилет.

Тимур Көкөев Россиядан, Өзбекстандан Кыргызстанга товар ташып, көптөн бери бизнес менен алектенип келет.

"Акыркы жолу ушул жайда эле базарларга Өзбекстандан коон жүктөп келгем. Эч кандай кысым деле болгон эмес, акча деле доолашкан эмес. Чек арачылар, бажычылар деле ишин жакшы алып барат. Чек арачылар кантип текшерет? Машинанын ичин, кабинанын ичин бүт карап чыгышат. Паспортуңду, бардачокту да карашат. Башка жарандар жокпу, коопсуздук жагы кандай, ошол нерселерди эле карайт", - дейт ал.

“Достук-автодорожный” өткөрмө бекетинде коррупция бар деп 2019-жылы Ош облусундагы Чек ара башкармалыгынын подполковниги маркум Талгат Аланов да айтып чыккан. Бирок Чек ара башкармалыгы аскер Куралдуу күчтөрдүн ички уставын бузду, айткандары чындыкка дал келбейт деп четке каккан.

“Коррупциялык элементтер болуп атат. Негизсиз жумушка дайындоо, ай сайын акча чогултуу деген токтобой жатат. Бул жакта иштеген кызматкерлер барын көрүп билип турат, бирок унчуга алышпайт. Анализ деле кылып көргүлө, 2017-2018-2019-жылдары иштен канчалаган офицерлер кетти. Жетекчиликке тааныш-жакындар кызматка келип атат”, - деген Талгат Аланов анда журналисттерге.

Аланов кийин куугунтук эле эмес, коркутуп-үркүтүүлөр да болуп жатканын ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусунда айткан. Былтыр ал жүрөгү токтоп, каза болуп калган эле.

Буга чейин Ош аба майданындагы чек арачылар чет элдик жарандардан  акча доолаган деп шектелип, УКМК 20 чек арачыны текшерип жатканын 29-сентябрда билдирген.