Кыргызстанда AstraZeneca менен эмдөө жанданды

Published

Ала-Бука районунда “AstraZeneca” менен эмдөөдөн соң саламаттыгы начарлаган 44 жоокердин абалы жакшы.  Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Би-Би-Сиге ал окуянын чоо-жайын айтып берди.

Г. Ишенапысова: Ала-Букада болгон окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, реаниматолог, невропотолог, психолог адистерден турган топ ал жакка жөнөп кетти. Мен өзүм, министрдин орун басары болуп Жалал-Абад облусундагы окуя менен жеринен таанышып келдик.

Эмдөөдөн кийин балдарда психогендик мүнөздөгү коркуу сезими болгон. Ошондон улам дем ала албай кыйналышкан. Мындай реакция мыйзам ченемдүү.

Вакцинанын инструкциясында ал дене табын 39 градуска чейин жогорулатышы мүмкүн деп жазылган. Бирок ал 12-24 саат ичинде өтүп кете турган реакция.

Ала-Букадагы аскерлерде дене таптары 37 градуска чейин көтөрүлүптүр. Алар Ала-Букадагы медициналык пункта көзөмөлдө болушкан. Азыр саламаттыктары жакшы,  ПЧР тест тапшырышты. Бирөөсүнүн тамагы ооруп, башка да анилиздер  алынды. Бүгүн-эртең жыйынтыгы чыкса, балдар кайра аскердик бөлүккө жөнөтүлөт.

Би-Би-Си: Буга чейин кытай, орус вакциналары менен да эмдөө жүрүп келбедиби. Ушул сыяктуу окуялар катталды беле?

Г. Ишенапысова:  Жок, жоон топ адамдарда мындай реакция болгон эмес. Коронавирус башталгандан бери 2 миңге жакын кайрылуу болду. Ар бирин байкоого алдык.  Баары эле “башыбыз ооруду”, “кичине температура болду”, “кускубуз келди”, “башыбыз айланды” деген арызданууларын беришти. Алардын барына көзөмөл кылдык.

Би-Би-Си: Азыр эми үч  вакцина менен эмдөө жүрүп жатат. Алардын кайсынысы эффективдүү болуп жатат?  Бизде изилдөөлөр барбы?

Г. Ишенапысова:  Биз ар бир  вакцинаны  изилдеп бүткөндөн кийин алдык.  Мисалы,  канча пайызга эффективдүү экени инструкциясында жазылып келет. “Спутник”  80-95% натыйжалуу дешти, кытай вакцинасынын натыйжалуулугу деле 80%га чейин  деп атышат. AstraZeneca деле жогору. Алардын изилдөөсүнүн негизиндеги  инструкцияга эле таянып жатабыз. (EKa)