4 күндүк жумушчу апта - кыялдан чындыкка

Published

Исландиядагы төрт күндүк жумушчу апта сыноосу “абдан ийгиликтүү” болду жана көптөгөн кызматкерлер азыраак иштөөгө өтүп жатышат дейт изилдөөчүлөр.

Кызматкерлер азыраак жумуш убактысы үчүн мурдагыдай эле айлык алган сыноолор 2015-2019-жылдар аралыганда өткөн. Изилдөөчүлөр сыноолордун натыйжасында көпчүлүк иш орундарында майнаптуулук мурдагы деңгээлде эле калганын же андан жакшырганын белгилешет.

Дүйнө жүзүндө учурда бир катар төрт күндүк жумушчу апта киргизүү сыноолору өтүп жатат.

Исландияда Рейкьявиктин шаардык кеңеши жана өлкөнүн өкмөтү мындай сыноого 2500 киши тартышкан. Бул Исландиянын иштеген калкынын 1% ашыгыраагы. Сыноого түрдүү иш орундары – бала бакчалар, кеңселер, социалдык кызматтар жана ооруканалар  катышууда. Алардын көбү 40 сааттык жумуш аптасынан 35 же 36 саатка өтүп жатышат - дейт британиялык Autonomy талдоочулар кеңешинин изилдөөчүлөрү жана Исландиянын Туруктуу өнүгүү бирикмеси (Alda).

Бул сыноо берген натыйжадан улам кесиптик бирикмелер иш тартибин өзгөртүү максатында жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Иштеген исландиялыктар мурдагы айлык менен азыраак иштөөгө өтүп жатышат же ага укук алышууда дешет изилдөөчүлөр.

Изилдөөнүн тыянактарында кызматкерлер зоругуп кетүү коркунучуна жана стресске азыраак азыраак кабылышары, алардын ден соолугу жана жашоо балансы жакшырганы айтылат. Ошондой эле алар үй-бүлөсү менен кененирээк убакыт өткөзүп, хобби күтүп жана тиричилик иштерине дагы көбүрөөк жетишип калышкан.

Autonomy өткөзгөн изилдөөнүн директору Уилл Стронг: “Коомдук тармакта кыскараак жумушчу апта киргизүү боюнча өткөн дүйнөдөгү эң чоң сыноо бардык тарабынан абдан ийгиликтүү болду” жана “бул коомдук тармак кыскараак жумушчу апта киргизүү үчүн бышып жетилгенин жана башка өкмөттөр мындан сабак алса болорун көрсөтөт”, - дейт.

Alda бирикмесинин изилдөөчүсү Гудмундур Харалдсон: “Исландиянын кыскараак жумушчу апта сыноосу бизге азыркы заманда азыраак иштесе боло турганын гана көрсөтүп турганы жок, ал прогрессивдүү өзгөрүүлөр дагы мүмкүн экенин билдирет”, -дейт.

Испанияда коронавирустан улам болгон өзгөрүүлөрдүн бири – компанияларда төрт күндүк жумушчу апта киргизүү болду. Күнүмдүк товарларды өндүргөн Unilever компаниясы Жаңы Зеландияда кызматкерлерине айлыгын сактап калуу менен иш убактысын 20% кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген сыноо өткөзүүдө.

Май айында “4 күндүк апта” өнөктүгүн жүргүзгөн Platform London чыгарган изилдөөдө, кыскараак жумушчу апта Британиянын көмүртек изин кыскарта аларын билдирген.