You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу токтоду
Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде саат 14:15те ок атышуу токтотулганын УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн кабарлады.
"Саат 14:07де тараптардын чек ара бөлүктөрү ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тарапка саат 14:15ке чейин аткылоону улантты.
Атышуу учурунда кыргыз тараптын эки аскер кызматкери жаракат алып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Бирөөнүн абалы оор. Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барууда.
Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Буга чейин Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Тажикстан тараптын чек арачылары шарттуу чек ара сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына киргенин аныкташкан",- деп билдирди чек ара кызматы.
Ошондон улам эки тараптын ортосунда атышуу башталып, тажик тарап миномёт колдонуп, оор техникаларды тартып жатканы кабарланган эле.
Кырдаалды турукташтыруу максатында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири полковник Р. Миршакиров окуя болгон жерге жөнөп кетти.
Кыргызстандын чек ара кызматы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.