Мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы эки эсе көбөйөт

Published

Президент Садыр Жапаров республикадагы мамлекеттик кызматчылар менен муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыктагы маалыматка караганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы категориялар боюнча эки-эки жарым эсе жогорулатылды.

Министрликтин бөлүм башчысынын эмгек акысы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алганда орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып 67 749 сомго чыгат. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 196,7% түзөт.

Министрликтин жетектөөчү адисинин эмгек акысы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алганда 21 098 сомду түзсө, 1-августунан тартып 49 012 сом болот. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 232,3%.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын эмгек акысы азыр социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды кошуп эсептегенде 22170 сом. 1-августтан бөлүм башчынын эмгек акысы 41 319 сомго чыгат. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 186,4%.

Райондук маанидеги шаар мэрияларында, маселен, бөлүм башчысы учурда социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды кошуп эсептегенде, 16881,3 сом алат. 1-августтан 39 785 сом болот. Өсүшү орто эсеп менен 235,7% түзөт. Мэриянын жетектөөчү адисинин эмгек акысы 34 708 сомго чыгат.

Айыл өкмөттөрүндө бөлүм башчынын эмгек акысы учурда социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды кошкондо 16 125 сом, 1-августтан 33 851 сом болот.

Кыргызстанда канча мамлекеттик кызматчы бар?

Расмий статистика боюнча Кыргызстанда мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштеген кызматчылардын саны 2020-жылдын башында 19 миң адамды түзгөн, анын ичинен 39% аялдар. Коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоочу мамлекеттик органдар бул санга кирген жок.

Мамлекеттик кызматчылардын тогуз миңге жакыны, жарымынан көбү Бишкек шаарында иштейт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында он миңге жакын адам иштеген, алардын ичинен сегиз миңден көбү муниципалдык кызматчылар болуп саналат. Муниципалдык кызматчылардын жалпы санынын үчтөн көбүрөөк бөлүгүн аялдар түзгөн.

Өткөн жылы июнда президент мамлекеттик аппаратты 30 пайызга чейин кыскартуу жөнүндө жарлык чыгарган. Анын кандай аткарылганы, канча мамлекеттик кызматкер кыскарганы жөнүндө расмий маалымат бериле элек. (КС)