You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Молотов-Риббентроп пактысы жана жашыруун протоколдор
Алмаз Кулматов, тарыхчы
1939-жылы 23-августа Германия менен СССРдин ортосунда “Кол салбоо тууралуу келишимге” кол коюлган. Эки өлкөнүн өкмөттөрү үчүн бул документке СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов жана Германиянын тышкы иштер министри Иоахим Риббентроп кол койгондуктан, келишим коомчулукка Молотов-Риббентроп пактысы деген ат менен кеңири белгилүү.
Келишимде тараптар бири-бирине карата өз бетинче да, башкалар менен бирге да агрессиялык, зордук аракеттерге барбайт, непадам бирөө кол салса, кол салган мамлекетти эч колдобойт, эки өлкө бирине каршы мамлекеттердин тобуна кошулбайт, ниети бузук мамлекеттердин тике жана кыйыр аракеттерин колдобойт, кокус эки өлкөнүн ортосунда талаш маселе жаралса тынчтык жол менен гана чечилет деген жоболор камтылган.
Бир караганда эч талаш нерсе жоктой, кадимки эле келишим. Бирок ушул келишим бүйүр кызыткан талштын бутасына алынып келет.
Молотов-Риббентроп пактысы өз алдынча келишим катары да Европанын айрым өлкөлөрү тарабынан Гитлердин Европага агрессиясына жол ачкан, колун бошоткон деген аныктамага ээ. Башкалар бул келишим СССР үчүн баары бир кол сала турган Германия менен согушка даярдыкка эки жыл утуш берген, аргасыз убакытты созуу далалаты деп баалайт.
Туура, СССР үчүн бул объективдүү зарылчылык болгон. Советтер Союзу нацисттик Германия эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди жана укуктук жоболорду одоно бузган, СССР эч кандай согушту күтпөгөн да даярданбаган, Гитлер кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн эч нерседен кайра тартпаган агрессор деп эсептеген.
Нацистик Германиянын кандуу согушу өз үстөмдүгүн орнотууга багытталган агрессия, адамзатка каршы эң оор жана 20-кылымдагы масштабдуу кылмыш экендиги талашсыз. Бирок СССР өзүнө кол саларын күткөн эмес , эч кандай согушка даярданган эмес деген көз караш бери болгондо баеолук. Совет өкмөтү да, башкалары да Германия менен согуш эртеби-кечпи боло турган иш экендигин билишкен.
Германияда орногон нацисттик режим реваншизм менен чектелбей турганын, Европа менен Азияга бүлүк салып, аралай чаап, бул конитенттерди ээлеп алууга ниети тээ Гитлер бийликке келгенде эле көпчүлүккө маалым болгон. Франция, Британия сыяктуу ошол кездеги, эми да кубаттуу мамлекеттердин расмий жетекчилиги негедир реалдуу окуялардын логикасына ынабай, Черчилль, де Голль сыяктуу ишмерлердин эскертүүсүнө кулак салган эмес.
Мүнхен кутуму
Эгер Молотов-Риббентроп актысы Германиянын агрессиясына жол ачкан деген логикага жетеленсек, андан туура бир жыл мурдагы Мүнхен келишими кандай бааланууга тийиш? 1938-жылы 29-сентябрда Германия, Франция, Англия, Италия түзгөн келишимге ылайык, Чехословкия килейген Судет аймагын Германияга берүүгө аргасыз болот. Адольф Гитлер, Эдуард Даладье, Невилл Чемберлен жана Бенито Муссолини “Мүнхен кутуму” катары белгилүү келишимге кол коюп жатканда, тагдыры сыртынан чечилген Чехословакиянын өкүлдөрү чакыртылып, бирок келишимдин шарттарын талкуулоого катыштырылбастан, даяр кагазга кол коюга мажбурланышкан.
Келишим Польша менен Венгриянын талабына ылайык түзүлгөн тиркеме менен толукталып, шартнаамага жараша Чехословакия кыйла аймагынан ажырайт. Словакиянын түштүгү жана Карпат этеги Венгриянын карамагына, Чехословакиянын түндүгүндөгү областтар Польшанын ээлигине өтөт. Натыйжада Чехословакиянын ордуна пайда болгон Богемия жана Моравия протектораты деп аталган огожо мамлекет толугу менен Германияга караштуу болуп тынат.
Ошентип Германияны “тынчытуу саясаты”, аныгында Гитлердин араанын ого бетер ачат. Жеңиштин даамын таткан Германия эми Европаны жана Азияны мелжейт.
Демек, Молотов-Риббентроп пактысы 2-дүйнөлүк согушка жол ачкан деп бүтүм чыгаргандан мурда ага чейин түзүлгөн “Мүнхен кутумун” эстен чыгарбоо тарыхха карата калыстык болор.
Дүйнө коомчулугу, асыресе, анын ичинде биз дагы, бир нерсени жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз. Мүнхен келишими түзүлгөнгө чейин Чехословакиянын өнөр жайы абдан өнүккөн, кен байлыктарга мол Судет облусунда 3,5 миллион немис тектүү калктын улутчул жана жикчилдик маанайы күчөйт.
Гитлер немис тилдүү калктын укугу бузулуп, кор болду, коргоого тийишпиз деген демагогияны бетке кармап, опузалай баштайт. Англия менен Франция улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу, адам укугу сакталууга тийиш деген позицияны ээлейт. Тааныш аныктамалар, үндөш чакырыктар.
Жашыруун протоколдордун тагдыры
Молотов-Риббентроп келишими жогоруда белгиленген пункттар менен чектелген эмес. Пакт иш жүзүндө Европанын айрым мамлекеттерин бөлүштүрүп, ээлеп алуу актысы деген көз карашка себеп болгон документтер бар. Бул Германия менен СССРдин ортосунда “Кол салбоо тууралуу 1939-жылы 23-августагы келишимге кошумча жашыруун протоколдор”. Ушинтип расмий аталат. Тээ 1980-жылдардын ортосуна чейин Советтер Союзунда бул тема козголгон эмес. Балтика боюндагы республикаларда, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө ич күптү кеп, үзүл-кесил маалымат гана болгон. Батыштын колундагы документтерди СССР караманча танып, жасалма, фальсификация деп келген.
Молотов-Риббентроп пактысына кошумча жашыруун протоколдордун табылышы, изилдениши, жарыяланышы, аларды тануу жана таануу узак жылдарга созулган, драматизм менен коштолгон өзүнчө тарых, айыгышкан саясий-идеологиялык күрөштүн предмети, айрым мамлекеттер үчүн суверенитеттин маселеси.
Пакт да, пактыга кошумча протоколдор да, Экинчи дүйнөлүк согушта, андан кийинки дүйнөнүн саясий картасынын сызылышына, 1990-жылдары Балтика боюндагы республикалардын, Чыгыш Европадага өлкөлөрдүн саясий тагдырында чоң роль ойногон. 51 бир жыл бою сөздүн чыныгы маанисинде жашыруун бойдон сакталган документтердин түп нускасы 1992-жылы гана расмий жарык көргөн. Протоколдордор, ага тиркелген карталар жана башка документтер Батышта жана Америка Кошмо Штаттарында эбак эле маалым болуп, жарыяланып, изилденип келген. Бирок алар юридикалык күчкө ээ эмес, микропленкадан көчүрүлгөн документтер болгондуктан, СССР моюнга албай, тааныган эмес.
Бул протоколдор тууралуу алгачкы маалыматтар 1945-жылы пайда болгон. Батыш тарыхнаамасында жана саясий адабиятта “фон Лештун коллекциясы” деп аталат. 1944-жылы январь-февраль айларында Берлин бомбалана баштаганда Германиянын тышкы иштер министри Риббентроп өз кеңсесинде сактаган (Риббентроптун бюросу) маанилүү документтердин тобун микропленкага шашылыш көчүртүп, бекем сактоону тапшырат. Бомбалоодон улам өрттөнгөн архив менен чогуу документтер да жок болот. Бирок Риббентроптун бюросундагы бир топ документтин фотокөчүрмөлөрү Тюринг токоюндагы жашыруун кампага сакталып калат. Фотокөчүрмөлөрдү жасоого жана катууга катышкан тышкы иштер министринин кызматкери Карл фон Леш 1945-жылы англис-америкалык иликтөө тобуна тапшырат. Ошентип “Фон Лештун коллекциясынын” арасынан Молотов-Риббентроп келишимине тиркелген кошумча жашыруун протоколдор Черчиллдин жана Рузвельттин колуна тиет. Фотокөчүрмөлөр жасалма эмес, түп нусканын накта көчүрмөсү экендигин ошол замандагы техникалык-химиялык анализ тастыктаган. Бирок Москва мындай протколдордордун дегеле табиятта жок, карандай калп деп танган. Анын үстүнө Нюрнберг процессинде жеңген союздаштар протоколдорго анча басым жасаган эмес, анткени протоколдор айыпталып жаткан нацисттик төбөлдөрдү жазалоого кандайдыр терс таасирин тийгизиши ыктымал эле. Ошондуктан Риббентроптун Нюрнберг процессиндеги протоколдор жөнүндө кыйыр көрсөтмөлөрү эске алынбаган. 1948-жылы жашыруун протоколдордун тексти англис тилинде биринчи ирет жарыяланат. Фототасмалардын өзү ФРГ өкмөтүнө тапшырылат. Протоколдордун түп нускасы жок, дайынсыз болгондуктан, Кремль караманча танат.
Танмак дургай, дароо реакция кылып, 1948-жылы Москвадан “Тарыхтын фальсификаторлору (тарыхый маалымат)” деген китепти жарыкка чыгарат. Китеп толугу менен эч кандай жашыруун протоколдор болбогун далидөөгө арналат. Кийин Молотов да картайып калган кезде берген маегинде дегеле андай документти билбей турганын билдирген. Бирок ошол интервьюсунда ал СССР менен чектешкен мамлекеттердин тагдырын биз Риббентроп экөөбүз 1939-жылы эле чечкенбиз деп кыйыткан. Карыган адамдын эскерүүсүн олуттуу далил катары ким эсептемек эле. СССРдин алгачкы президенти М.С. Горбачев да биринчи катчы кезинде да, президент кезинде документтердин түп нускасын жарыкка чыгарууга тоскоолдук кылып келген.
1988-жылы ФРГнын канцлери Гельмут Коль протоколдор жөнүндө кеп кылганда, Боннго изилдөөчүлөр тобу жиберилет. Окумуштуулар тобу “фон Лештун коллекциясынан” табылган фотокөчүрмөлөр жасалма эмес деген аныктама менен кайтып келет. Бирок Совет жетекчилиги буга да ынабайт. Чындыгында жашыруун протоколдордун түп нускасы КПСС Борбордук комитетинин жалпы бөлүмүндө жашыруун документтер сакталуучу өзүнчө №34 папкада катылуу болгон.
Архивдер ачылгандан кийин № 34 папка 1992-ж. генерал-полковник Дмитрий Волкогонов тарабынан табылган. Протоколдун илимий жарыяланышы “Новая и новейшая история” журналынын 1993-жылкы №1 санында орун алган.
Ошентип жарым кылымдан ашык жалган, жок эсептелген документтер жарык көрөт. Бул протоколодор XX кылымдын аягында Балтика боюндагы республикалардын СССР бизди нацисттер менен тымызын келишим түзүп, сыртыбыздан тон бычып, күчкө салып ээлеп алган, эгемендүүлүккө тарыхый акыбыз бар, укугубузду калыбына келтирүү абзел деп суверенитетке аттанышына саясий негиздеме, Польша, Финляндия, Румыния сымал мамлекеттердин бизди СССР менен Германия камчыга ченеп бөлүп кеткен деген айыптоосуна өбөлгө болгон.
Европанын аймактарын бөлүштүрүү
Ошентип, “Кол салбоо тууралуу” Молотов-Риббентроп келишими жалгыз документ эмес, кол салбоо менен чектелбеген макулдашуулар топтому.
1946-жылы “Кызматтык пайдалануу үчүн” белгиси менен жарык көргөн “СССР менен Германиянын ортосундагы чек ара жана достук жөнүндө Келишим”, ушул келишимге карата Билдирүү, “Жашыруун кошумча протоколодор”, аларга тиркелген карталар Пактынын ажырагыс бөлүгү.
Пактынын “Жашыруун кошумча протоколунда” анчалык талаш, кан кызыткан кармаш, тагдыр чечкен не маселелер камтылган? Жашыруун протоколдо тараптар конфиденциалдык тартипте Чыгыш Европада ээлик кылуу аймактарын чектөө (разграничении сфер обоюдных интересов) белгиленип, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва республикаларынын, Литванын түндүк чектери эки державанын ээлик кылуу аймагына кире тургандыгы аныкталган.
Эки өлкөнүн Польшадагы ээлей турган аймактардын чеги Нарева, Висла и Сана дарыялар аркылуу өтөт деп жазылган. Бессарабия (азыркы Румыния) СССРдин карамагына тие турган аймак деп белгиленет.
Экинчи кошумча жашыруун протоколдо Литва толугу менен СССРдин карамагында, Люблин жана Варшава воеводстволору (Польша) Германиянын карамагында болоору так аныкталат (караңыз: Пономарев М.В. Смирнова С.Ю. Новая и новейшая история стран Европы и Америки. т. 3. Москва, 2000 г).
Демек ушул протоколдор менен эртең беш жылга созулган кандуу кармашка бири каардуу, кандуу агрессор, бири бошотуучу катары аттана турган эки держава Чыгыш Европанын басымдуу аймагын бөлүп алган.
“Таасир этүү чектерин аныктоо” аталганы менен, иш жүзүндө ээлеп алышкан деп Литванын, Латвиянын, Эстониянын, Польшанын, Румыниянын жана башка өлкөлөрдүн коомчулугу эсептейт.
Эми минтип орус-украин жаңжалы күч алганда, Россия-НАТО кармашы жаңы деңгээлге чыкканда, 1939-жылдагы Молотов-Риббентроп пактысы жана ага кошумча жашыруун протоколдор кайрадан актуалдашып отурат.
Протоколдор эмдигиче актуалдуу, саясий күүсүнөн жаза элек. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай саясий, маалыматтык кармаштын өзөгүн түзөт. Тарыхый окуялар жана фактылар саясий жана идеологиялык куралга айланып, улам кийинки процесстерди аныктай бермеги мыйзам ченемдүү. Сабак катары кызмат кылууга тийиш.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.