Абактан кат: Мелис Аспековдун кезектеги билдирүүсүбү?
Коомдук сайттарда президент Садыр Жапаровдун мурунку тарапташы, учурда камакта отурган Мелис Аспековдун атынан кезектеги билдирүү таратылып жатат.
Анда бир нече адамдын аты аталып, президентке байланыштуу каржылык эсеп тууралуу маалымат келтирилет.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Алардын ичинен эң орчундуусу - 2020-жылы болгон Октябрь окуяларынан кийин ал кездеги премьер-министр, азыркы президент Садыр Жапаров бозгундагы казак олигархы менен байланышканы жөнүндө болду.
“Садыр Жапаров төңкөрүштөн кийин, премьер-министр кызматына келгенде, мен аны белгилүү казак оппозиционер Мухтар Аблязов менен, видео чалуу аркылуу сүйлөштүрдүм”, - деп айтылат анын адвокатынын атынан таратылган билдирүүдө.
Аспековдун атынан таратылып жатат деген бул маалыматта конкреттүү суммалар тууралуу да сөз болот.
“Сүйлөшүп бүткөн соң, Мухтар ага 2 миллион доллар президенттик шайлоого жардам көрсөтөрүн билдирип жатат, кандай кылалы, деп текшерип көрдүм? Алыш керек, мен Европа аркылуу программага салып алып чыгып кетем деп, көздөрү күйүп чыкты”.
Бул айтылгандарды Би-Би-Си Аспековдун адвокаты Сергей Манукяндан тактап сурады.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Андай билдирүү тууралуу маалыматым жок, мен Аспековго кечээ эле кирип чыккам, андай билдирүү болгон эмес”,- деди ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Адвокат коомдук сайттарда Аспековдун адвокатынын атынан деп таратылып жаткан маалыматтарга тиешеси жок экенин айтты.
Ал арада бүгүн Бишкек шаардык сотунда Мелис Аспековдун соту башталды. Сот отурумду тартууга, Аспековдун журналисттерге комментарий берүүсүнө тыюу салды.
Буга чейин биринчи инстанциядагы сот Аспековду жети жылга абакка кесип, жабырлануучуларга 23 миллион 429 миң сом чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген.
Аспеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалып, “опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган.
Өткөн аптада укук коргоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн коомдук баракчасына абакта олтурган Мелис Аспековдон алдым деген маалыматтарды жарыялады. Анда 2021-жылы январда өткөн президенттик шайлоого байланышкан чыгымдардын бир бөлүгү көрсөтүлгөн. Аспеков анда Жапаровдун шайлоо фондуна каражат мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон алынганы тууралуу айтты.
Президент Садыр Жапаров ошондо дароо эле мындай айыптоолорду четкен каккан:
“Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”.
9-июнда болсо президент өзүнүн дарегине сын айткандарга дагы бир жолу жооп бергендей болду.

Сүрөттүн булагы, Official
“Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек”,- деди Садыр Жапаров.
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков дагы абактагы активист Мелис Аспековдун үстүнөн сотко кайрылган. Экс-спикер анын Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн Жээнбековдор 10 миллион доллар берген деген маалыматын төгүндөөнү талап кылып жатат.
Мелис Аспеков 2021-жылы январда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча координатору болгонун жарыялаган. Бирок Жапаровдун расмий өкүлдөрү БШКга Аспековду жана башка бир-эки адамдын ысымын атап, алар шайлоо штабынын кызматкерлери эмес экенин айтып кат менен кайрылышкан.
Кийин ал президенттин кадрд саясатын сынга алып, Арзыбек Бурхановду өлкө башчысынын кеңешчиси, ал эми Бакыт Сыдыковду “Манас” аба майданынын башчылыгынан алып салууну талап кылган.
Октябрь окуяларына чейин Аспеков Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири маркум Чыныбай Турсунбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылып, Бишкектеги арак заводун ал атайылап банкрот кылган деп айыптап чыккан эле.
Чыныбай Турсунбеков өз кезегинде Аспеков андан 11 миң доллар доолап, болбосо ал тууралуу чындыкка дал келбеген, бирок анын кадыр-баркына шек келтирчү маалымат таратам деп коркутканын айтып чыккан.
2017-жылы президенттик шайлоодон кийин Аспеков УКМК тарабынан “массалык баш аламандык уюштурууга” шектелип кармалганы тууралуу жаңылыктарда айтылган.
Аспеков өзү коюлган бардык айыптарды четке кагып, баарын өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет. EK
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:
· Youtube































