Глазгодо климаттык саммит - СОР26

Published

Шотландиянын Глазго шаарында БУУнун климаттык өзгөрүү боюнча конвенциясынын катышуучуларынын 26-конференциясынын алкагында эки күндүк саммит башталууда. Анын ишине катышууга 120 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү келди.

Римде болгон Чоң жыйырмалыктын жыйынынан АКШнын президенти Жо Байден, Канаданын премьер-министри Жастин Тюдо, Франциянын президенти Эмманюель Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Түркиянын президенти Реджер Эрдоган жана башка лидерлер учуп келишти.

Иш чаранын кожоюну катары британ өкмөтүнүн башчысы Борис Жонсон менен анын италиялык кесиптеши Марио Драги кызмат кылууда. Италия бул иш чараны уюштурууда Бириккен Королдуктун шериги болуп жатат.

Президент Путин бул иш чарага барып катышпай турганы мурда кабарланган. 29-октябрда орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин кандай форматта катышарын айтуу али эрте экенин билдирген болчу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Глазгого жекшембиде жнп кетти.

Саммиттин жыйынтыгында 2-ноябрда лидерлер биргелешкен билдирүү жасайт. Ал эми климаттык конвенциянын катышуучуларынын конференциясы 12-ноябрга чейин уланат, ошондо СОР-26 корутунду документтери, чечимдери жарыяланат.

Римде жыйын курган «Чоң жыйырмалыктын» лидерлери парник газдарынын абага бүркүлүшүн кыйла эле кыскартууга умтула тургандыгы жөнүндө биргелешкен билдирүү жасашты. (КС)

Кыргызстанда соңку бир жылда көмүргө болгон баа 20% өстү

Улуттук статистикалык комитет көмүргө болгон баа соңку бир жылда 20% өскөнүн билдирди.

Учурда өлкөдө көмүрдүн бир тоннасы орточо эсеп мнен 5 миң 306 сомго бааланып жатат.

Көмүр эң кымбат турган аймаккка Ноокат району кирди, бул жерде анын баасы 9 миң 794 сомго чыкты. Баткен облусунда да көмүр кымбат, тоннасы – 9 миң 524 сом, Исфанада 8 миң 642 сомго сатылууда.

Эң арзан көмүр Нарындын Чаек айылында катталды, бул жерде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомду түзүүдө. Нарындын өзүндө жана  Балыкчыда көмүр баасы 4 миң сомго жетти.

Соңку бир жылда көмур эки эсе кымбаттаган аймакка Кербен кирди, быйыл көмүр бул жерде 4 миң 76 сомго сатылып жатат. Баткенде көмүр 43,5%, Жалала-Абадда 39,4% кымбаттаган. (EK)