Кумтөрдөн $90 миллион. Түрк кеңешинде Афганистан темасы. Индияда бороон. Элетте көмүр камылгасы
27-сентябрь: Күндүн башкы жаңылыктары
Израил аскерлеринин Батыш жээктеги чабуулдарынан беш палестиналык каза болду
Израилдик аскерлердин Батыш жээктеги чабуулдарынан беш палестиналык каза болду.
Израил армиясы операция Хамастын согушкерлеринин чабуулун алдын алуу максатында жүргүзүлгөндүгүн жана өлгөндөрдүн баары Хамастын мүчөлөрү экенин билдирди.
Билдирүүдө палестиналыктардын огунан эки аскер оор жаракат алганы дагы айтылат.
Хамастын айтымында, анын төрт мүчөсү өлтүрүлгөн. Палестин согушчан топтору буга жооп даярдап жатканын билдиришти.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки адам Жениндин жанындагы Буркинде, дагы үчөө Иерусалимдин жанындагы Биддуда өлтүрүлгөн.
Кабарчылардын айтымында, Израилде көптөн бери Газаны башкарган Хамас атаандашы - Иордан дарыясынын батыш жээгин башкарган Палестин автономиясына коркунуч жаратышы мүмкүн деген кооптонуу бар.
Өткөн аптада Женинде Израил күчөтүлгөн режимдеги түрмөдөн качып кеткен алты качкын палестин согушчанын акыркы экөөнү кайтарып алган.
Августта Иордан дарыясынын батыш жээгинде Израилдин шектүүнү кармоо рейдинде төрт палестиналык өлтүрүлгөн.
Андан бир нече апта мурун Жениндеги жашыруун рейд учурунда Израил тарабынан кол салууга шектелген эки палестин чалгын кызматкери жана бир палестин өлтүрүлгөн.
БУУнун маалыматы боюнча, Газада Израил менен палестиналык согушчан топтордун ортосунда 11-майдагы 11 күндүк жаңжалда кеминде 256 киши, Израилде 13 киши каза болгон. (CS)
Түрк кеңеши Афганистандагы кырдаалды талкуулайт

Сүрөттүн булагы, trtavaz.com.tr
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин тышкы иштер министрлери 27-28-сентябрда Стамбулда Афганистандагы кырдаалды жана коопсуздук маселесин карашат. Анын жүрүшүндө ошондой эле регионалдык экономикалык кызматташтык маселеси да талкууланат.
Борбордук Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен Өзбекстан менен Кыргызстан Афганистанда бийликке келген «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүп баштаганы белгилүү. Эми түрк тилдүү өлкөлөрдүн биримдиги Талибанга карата бирдиктүү позициянын иштеп чыгуу жагын талкуулаган жатат.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан кирет. Венгрия байкоочу макамында катышып келатат.
Башкы кеңсеси Стамбулда жайгашкан. (ErA)
Октябрь айынан тарта аймактарга көмүр жөнөтүлө баштайт

Сүрөттүн булагы, GOV.KG
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Октябрь айынын башында Нарын облусуна жана республиканын башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында билдирди.
Аалиев көмүр ишканаларынын абалы жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу максатында 25-сентябрда Нарын облусундагы “Кара-Кече” көмүр кенине иш сапары менен барган.
Анын айтымында, экономика тармагынын жана калктын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдыгына ылайык, республика боюнча жалпысынан 3 млн 18 миң тонна көмүр керектелет, анын 950,0 миң тоннасы Кавак көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканаларына туура келет.
«Кен казуу иштерин тездетүү үчүн көмүр казуучу ишканаларга Өзгөчө кырдаадар министрлигинин кошумча техникасы берилди. Октябрь айынын башында Нарын облусуна жана республиканын башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт. Калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүргө болгон муктаждыгы толук көлөмдө канааттандырылат», - деди Азиз Аалиев.
Ошондой эле, өкмөт аба ырайынын шарттарына байланыштуу көмүр казуудагы жетишпестиктерге жана күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашына карабастан, көмүр казуучу ишканалар тарабынан экономика тармактарын көмүр менен камсыз кылуу планы аткарылат деп билдирет. (MD)
Ташиев: “Кумтөрдөн” эки ай ичинде 90 миллион доллар киреше түштү

Сүрөттүн булагы, IGOR KOVALENKO/TASS
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Алайда өткөн мекеменин расмий иш-чарасында “Кумтөр” темасына токтолду.
Ташиев 21 жыл ичинде “Кумтөрдөн” болгону 84 миллион доллар түшкөн деди.
“Биз июнь-июль айларында эле 90 миллион доллар таптык. Мына, акча каякта жатат. Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. УКМК алардын коррупциялык схемаларын толук алып чыкты. Айына 1,5-2 тоннадан алтын өндүрүп жатса, ар айда самолетко салып алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күнү бир грамма алтын чыккан жок. Ушуну эсебинен мамлекетте акча пайда болду, байып калды”, - деди Камчыбек Ташиев.
Ал азыр мурда мамлекетик кызматта иштеген кызмат адамдары ал коррупциялык иштерге аралашканбы териштирүү жүрүп жатканын да белгиледи.
Атайын кызмат төрагасы Камчыбек Ташиев, тоо-кен тармагындагы башка компанияларда дагы жемкорлук аныкталганын айтты, бирок ал кайсы компаниялар тактаган жок. (EK)
Индияны «Гулаб» бороону каптады, 100 миң адам эвакуация болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын чыгыш жээктерин жекшембиде «Гулаб» бороону каптады. Кеминде бир адам өлдү, 100 миң адам эвакуация болду.
Бороон Одиш ажана Андхра-Прадеш штаттарына чоң зыян алып келди. Кутурган шамал бак-дарактарды жана электр линияларынын түркүктөрүн кулатып, балыкчылардын кайыктарын кыйратты.
«Гулаб» бороону азыркы убакта күчү кайтып, түндүк-батышка бет алды. Ошондой эле нөшөрлөгөн жамгыр Одиша, Андхр-Прадеш жана Теланган штаттарында болот деп күтүлүүдө.
Табигый кырсыктарга ыкчам аракет көрүү боюнча улуттук күчтөрдүн башчысы Сатья Нараян Прадхан Одише жана Андхра-Прадеше штаттарында 13 куткаруучу топ, кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатканын айтты. (КС)




























