Вашингтондогу сүйлөшүүлөр: Трамп Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна даярдык башталганын айтты

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында Володимир Зеленский Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып, Орусиянын лидери Владимир Путин менен болчу жолугушуу тууралуу комментарий берди. Айтымында, Дональд Трамп жана Европа лидерлери менен болгон жолугушууда Украинанын коопсуздук кепилдиктери талкууланды.

"Биз үчүн бул согуштагы убактылуу тыныгуу эмес, өнөктөштөрүбүздүн коопсуздук кепилдиктери менен бекемделген чыныгы тынчтык болушу абдан маанилүү", — деди ал.

Зеленский Путин менен жолугушуу кандай форматта өтүшү мүмкүн экени азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

"АКШ орус тарап менен байланышып, мүмкүн болгон дипломатиялык кадамдарды талкуулады. Орусия адегенде эки тараптуу жолугушууну, андан кийин үч тараптуу форматты сунуштады. Мен мурда айткандай, биз лидерлердин деңгээлиндеги бардык форматтагы жолугушууга даярбыз. Анткени эң оор жана талуу маселелерди лидерлердин деңгээлдинде гана чече алабыз. Ошондуктан мен эки тараптуу жолугушууга даяр экенимди тастыктадым жана бул позициямды бардык европалык лидерлер колдоду", — деди Зеленский.

Ошондой эле украиналык балдарды, аскер жана жарандык туткундарды алмашуу маселеси талкууланганын айтты.

"Аймактар маселеси Путин экөөбүздүн ортобузда гана талкууланат",- деди Володимир Зеленский Ак үйдүн алдында өткөн маалымат жыйынында.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да буга чейин Ак үйдө Трамп менен сүйлөшүүдө Орусиянын келишимге жетишүү талабы болгон Украинанын аймактык жеңилдиктер маселеси талкууланбаганын билдирген.

Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу билдирүүнү АКШ президенти жана Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков дээрлик бир убакта жарыялады. Бирок эки билдирүүнүн мазмунунда айырмачылыктар байкалды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамп лидерлер Зеленский менен Путиндин жолугушуусуна, андан соң АКШнын катышуусу менен үч тараптуу саммитке даярдыктарды баштоону макулдашканын түз айтты.

Ушаков болсо алда канча этият сүйлөп, "Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүндөгү өкүлдөрдүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароо идеясы бар" деп гана чектелди.

Учурда Украина менен сүйлөшүүлөрдө орус делегациясын (алар быйыл Стамбулда үч жолу жолугушкан) Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектөөдө. Эгерде Орусия президенти кийинки жолугушууга өзү барса, бул албетте "өкүлдөрдүн деңгээлин көтөрүү" деп эсептесе болот.

Бирок ошол эле Ушаковдун өзүн же тышкы иштер министри Сергей Лавровду жибере турган болсо аны деле "өкүлдөрдүн деңгээлин көтөрүү" деп эсептесе болот.

Ушаковдун сөзүн Москванын Киев менен президенттик деңгээлде жолугушуудан биротоло баш тартканы катары кабылдоого болбойт. Бирок ал айткан позиция Кремлге буйтап кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Трамптын Зеленский жана Европа лидерлери менен сүйлөшүүлөрүнөн көп нерсе көз каранды болот. Бул жолугушуунун жыйынтыгында сунушталган жөнгө салуу варианты Владимир Путинге жакса, сүйлөшүүгө макул болушу мүмкүн. Эгерде компромисске жетишилбесе, украин тарап менен жолугушууга президенттен төмөнүрөөк деңгээлдеги өкүлдү жиберип коюшу толук ыктымал.

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Украина президенти Володимир Зеленский жана европалык лидерлер менен "абдан жакшы жолугушуу өткөнүн" айтып, Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалганын ырастады.

"Жолугушууда биз Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү маселесин талкууладык. Кепилдикти бир катар европалык мамлекеттер АКШ менен биргеликте көрсөтөт. Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгү үчүн баары кубанып жатат. Жолугушуулар бүткөн соң мен президент Путинге чалып, эки лидердин жолугушуусуна даярдыкты баштадым. Анын кайсы жерде өтөрү азырынча чечиле элек. Бул жолугушуудан кийин эки президент жана мен катышкан үч тараптуу сүйлөшүү болот", – деп жазды ал Truth Social тармагына.

Буга чейин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берип, бирок ал Орусия менен Украинанын лидерлеринин жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу түз сөз кылган эмес. "Сүйлөшүүлөрдө Москва менен Киевдин өкүлдөрүнүн деңгээлин көтөрүү" идеясын гана айткан.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин Владимир Путин менен Володимир Зеленский эки жуманын ичинде жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди.

"Орусия президентинин мындай саммитке барууга саясий эрки жетеби-жетпейби, азырынча билбейбиз", – деди Мерц.

Ак үйдөгү жолугушуудан соң Axios басылмасынын журналисти Барак Равид өз булагына таянып, АКШ администрациясы Путин менен Зеленскийдин августтун аягына чейин жолугушарына үмүттөнүп жатканын жазды.

Буга чейин Дональд Трамп Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна даярдык башталганын айткан. Украин президенти да брифингде мындай даярдыктын жүрүп жатканын тастыктады.

Анын айтымында, Орусия алгач эки тараптуу жолугушууну, андан кийин үч тараптуу форматты сунуш кылган.

AFP агенттигине сүйлөшүүнүн мазмунунан кабардар булак билдиргендей, АКШ жана Орусия лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Владимир Путин Дональд Трампка украин президенти менен жолугушууга даяр экенин айткан.