Жаңыртылган келишимди Украина акыры кабыл алабы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Сара Рейнсфорд
- Role, Түштүк жана Чыгыш Европа боюнча кабарчы, Женева
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Доналд Трамп Украинада тынчтыкты орнотуу келишимин чыдамсыздык менен күтүп жатат. Киев деле тынчтыкты эңсөөдө, бирок жети өлчөп бир кесейин дейт. Ошондуктан АКШ "Ыраазычылык күнүнө" карата келишимди алга сүрөй баштаганда Украина четке какты. Келишимде баарынан баш тартуу шарты камтылган болчу.
Келишим жогорку мансаптуу бийлик өкүлдөрүн Женевадагы сүйлөшүүлөргө алып келди. Жекшемби күнү АКШ менен Украинанын делегаттары бир жерден экинчисине кара лимузиндер менен нары-бери каттаганда көрүп жаттык.
Сүйлөшүүлөргө Германиядан, Франциядан жана Британиядан улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер катышты.
Киевдин сүйлөшүү тобун жетектеген Андрей Ермакты бир гана жолу көрө алдым. Анын жүзү томсоруп турган эле.
Таң калыштуу деле эместир: талкууга алынып чыккан баштапкы сунуш Орусиянын талаптарына ушунчалык ыктагандыктан АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сүйлөшүүнү келишим Кремль тарабынан жазылбаганын айтып түшүндүрүүсү менен баштоого туура келди.
Бирок Доналд Трамп Украина тез арада кол коюшу керек экенин, болбосо так аныкталбаган кесепети болорун айткан. Ошого Киев сүйлөшүүгө барган.
Жекшемби күнү кечинде Марко Рубио сүйлөшүүлөрдө "болуп көрбөгөндөй жылыш" байкалганын, "бир-эки маселе" жыйынтыктала электигин билдирген. Эмне экенин тактап сурашканда ал кырдаалды "сезимтал" деп атап, көп маалымат берген эмес.
Бирок Украина-АКШ биргелешкен билдирүүсүндө жаңыча келишим ишке кирери жана ал "жаңыртылган жана кайра каралган рамкалык документ" экени айтылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Документти азырынча көрө элекпиз. The Financial Times гезити делегаттардын бирине шилтеме келтирген. Анда Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Кислица 19-пункттан турган жаңы план жөнүндө сөз кылган жана баштапкы келишимден "өтө аз нерсе" калганын айткан.
Жаңы документ бери эле дегенде европалыктар тарабынан сунушталган айрым өзгөртүүлөрдү камтуусу мүмкүн. Reuters маалымат агенттиги жарыялаган документте Киев кабыл ала тургандай шарттар камтылганын айтууга болот.
Бул вариантта НАТОго келечекте кошулуу боюнча Украинага коюлган автоматтык вето алып салынган. Ошондой эле, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн санын чектөө жоюлган.
Анда Батыштын эч бир куралдуу күчтөрү Украинага туруктуу түрдө киргизилбеси айтылат, бирок толук түрдө тыюу салбайт.
Аймактык бүтүндүк боюнча маселе сезимтал бойдон. Жерин коргоо үчүн украиналык аскерлер 11 жылдан бери күрөшүп, өмүрлөр кыйылууда. Донбасстын калган бөлүгү Орусияга жөн эле өткөрүп берилбейт. Украина басып алынган аймактарын дипломатиялык жол менен гана кайтарып алууну көздөйт. Муну Украинанын президенти Владимир Зеленский мурдатан бери айтып келет.
Согуштук кылмыштар боюнча толук амнистия да алынып салган.
Бирок эң башкысы коопсуздук боюнча кепилдиктер каралган.
Айрым жогорку мансаптуу расмийлер, анын ичинде Британиянын премьер-министри Кир Стармер да, билдиришкендей, Украина "5-беренеге" ылайык коргоого ээ болот. Ага ылайык, эгерде Орусия келечекте дагы кол сала турган болсо, анда АКШ коргоого милдеттүү болот.
Дал ушул маселеде Украина сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөсүн айтууда.
Европалыктардын канча идеясы жаңы келишимге киргенин билбейбиз. Бирок Германиянын канцлери Фридрих Мерц келишимди оң мааниде "кыйла өзгөртүлгөн" деп атоодо.
Орусиячыл келишимден мындай вариантка бир күндө кантип келдик? Залда Трамптын өкүлү Стив Уиткофф сыяктуу америкалык туйгун куштар турганда так кесе айтуу кыйын.
Кремлге ыктаган алгачкы план Уиткоффтун ушул жазда Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда иштелип чыккан болчу. Ал кайтканда Орусиянын талаштуу билдирүүсүн сөзмө-сөз келтирген эле.
Анын ордуна бул жаңы планга Украина акыры макул боло тургандай көрүнөт.
Дал ошон үчүн Трамп Киевдеги аткаминерлерди "эч ыраазы эмес" деп жемелегенин токтотуп, "кандайдыр бир жакшы" жышаан болорун айтып жаткан болушу ыктымал.
Бирок ал канчалык деңгээлде жакшы? Орусияны мажбурлап токтотпосо эле, азырынча согушту токтотору боюнча эч кандай белги жок.
"Путин аскерий жактан азырынча өзүнө бир топ ишенип турат", — дейт Орусия-Евразия боюнча Карнеги борборунан Татьяна Становая.
Ал Киевдеги коррупциялык жаңжалдарга, саясий кризиске, аскерлерди мобилизациялоо маселесине жана орус күчтөрүнүн жер-жерлердеги ийгилигине ишарат кылып, мунун баары Путиндин ой жүгүртүүсүнө таасир этип жатканын белгиледи.
Айрымдар Трамптын келишим түзүү талабы тынчтыкты орнотуу аракеттерине жаңы дем бергенин божомолдоп жатышат. Тынчтыкты ок астында калган украиналыктар аябай каалап жаткан болушу мүмкүн.
Бирок азыркы карбаластаган дипломатия бизди кайра жолдун башына алып баргандай.
"Орусиянын көз карашы: биз талаптарыбызды айттык, макулсуңбу же жокпу? дегендей болуп жатат", — дейт Становая. "Макул болсоңор, биз согушту токтотобуз. Болбосо, силер кабыл алганга чейин күтө турабыз".



























