Израил ХАМАС менен келишимди жактырды. Эми эмне болот?

Израилде өткөн жыйын

Сүрөттүн булагы, Kobi Gideon/GPO

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Израилдин өкмөтү ХАМАС менен жарашуу боюнча Доха шаарында ушул аптада даяр болгон келишимди жактырды. Министрлер кабинетинин жыйыны түн бир оокумга чейин созулду. Ашынган оңчул көз карашты карманган эки министр каршы добуш беришти. Эми келишим мурунтан пландалгандай 19-январь күнү күчүнө кирет.

Келишимди адегенде коопсуздук кабинети жактырды. Андан соң добуш берүүнүн жыйынтыгы маалым боло баштады. Израилдин президенти Ицхак Херцог министрлер кабинети дагы жакшы чечим кабыл алаарына үмүт артып тургандыгын билдирген эле.

"Бул улут өз жарандарынын алдында сактоого жана аткарууга милдеттүү болгон өтө маанилүү, негизги кадамдардын бири",- деп билдирди Херцог.

Ошол эле учурда ал бул келишим боюнча эч кандай иллюзия жок экенин, келишимди ишке ашырууда толгон-токой "баш ооруга айлана турган жана кейиткен" жагдайлар бар экенин айдан ачык түшүнүп турганын кошумчалады.

Тар курамдын жыйынына чейин Нетаньяху сүйлөшүү жүргүзгөн топ менен жолугушту. Ал топ макулдашуу келишиминин кол коё турган соңку варианты даяр болоору менен эле түнү менен Дохадан кайрылып келишкен. Алар менен чогуу келишимди ишке ашырууда келип чыга турган тобокелдиктерди таразалап көрүштү.

Келишимдин шарттары боюнча элдешүү 19-январь күнү күчүнө кирет. Ошол эле күнү ХАМАСтын туткунуда турган 33 израилдикти бошотуу жараяны башталышы керек.

Эң соңку учурга чейин израилдик министрлер кабинети жума күнү чогулууга үлгүрүшөбү деген маселе түшүнүксүз болуп жаткан. Себеби, министрлердин бир тобу динди бекем карманаарын айтышып, шабат эрежелерин сактагандыктан кандай болоор экен деген маселе турган. Себеби иудей салттары боюнча жума күнү кечинде биринчи жылдыз пайда болгондон тарта шабат башталат деген эрежеси бар.

Бирок жыйын өттү. Диний шарттарын карманган бир нече министр жыйындын башталышында шабат башталганы калганын жүйөө келитиришип, чыгып кетишти. Бирок алар өз добуштары макулдашуунун пайдасына деп эсептелсин деп жыйындын төрагасына инструкция калтырып кетишти.

Келишим басымдуу көпчүлүктүн добушу менен жактырылды.

Туткундагылардын туугандарынын басымы

Туткундардын туугандары

Сүрөттүн булагы, AFP

Ал ортодо министрлер премьер-министр Нетаньяхуну кыйла эле кыжырдантышты. Алар макулдашуу өз убагында күчүнө киришине Вашингтондон кепилдик талап кылышса, туткундардын тууган-уруктары ачуулары шакардай кайнап турду.

Жума күнү туткундардын тууган-уруктары Тель-Авивдеги Туткундар аянтына (Тель-Авив көркөм музейиндеги сквердин бейрасмий аталышы ушундай болуп калган) жыйылып келишти.

Алар дээрлик бир жарым жылдан бери туткунда күн кечирип жаткан адамдардын өмүрү жана эркиндиги министрлердин шабат кармануусунан дагы маанилүүрөк болушу керек деп турушту.

Макулдашунун этаптары тууралуу эмнелер белгилүү?

Макулдашуу үч этапты камтыйт. Алар тууралуу азыр жалпы жонунан эле белгилүү.

Биринчи этап

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчи этап алты аптага эсептелинген жана ок атышууну толугу менен токтотуудан башталышы керек.

Израилдин министрлер кабинети келишимди жактырган соң элдешүү жараяны 19-январда күчүнө кирди.

Ошондон кийин Газанын согуш жүрүп жаткан аймактарынан качып чыккан палестиналыктар үйлөрүнө кайтып барууга өбөлгө түзүлмөк. Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча Газада качып-бозуп жүргөн эки миллионго жакын киши бар. Буд дээрлик калктын 90 пайызы дегенди түшүндүрөт.

Ошондой эле биринчи этапта Газа секторуна жиберилген гумманитрадык жардамдар коё берилет. Күнүнө болжолдуу жүздөгөн унааларга жүк ташып кирүүгө уруксат берилет деп болжонууда.

Ошол эле учурда ХАМАС израилдик туткундарды коё берүүнү баштайт. Адегенде 33 кишиден турган биринчи группа бошотулат (буга чейин 34 деп жаткан). Алар негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Бирок булардын канчасы тирүүлөр, канчасынын жасатын бере турганы жөнүндө сөз болгону белгисиз.

Израилдин министрлер кабинетинин өкүлү Давид Месер бошотула тургандардын көбү аман-эсен деп күтүп жатышканын билдирди.

Макулдашуунун дал ушул пункту боюнча өкмөт кимдерди боштуп алганы жатканы тууралу толук билбейт деген маселе Израилде кыжырадууну пайда кылды.

ХАМАС алардын ордуна камакта жаткан миңдеген кишилерди бошотууну талап кылууда. Анын баары аман-соо кишилер. А Израил болсо дагы бир жолу тең салмакталбаган алмашууга барып жатат жана көзүн жумуп алып эле ушул ишти жасап жатат деп көптөгөн изралдик сынга алууда.

Аларга эмне себептен алардын өкмөтү туткундалган 94 кишини дароо бошотуп алууну талап кылбаганы түшүнүксүз. Израил чалгын кызматынын маалы мат боюнча дал ушунча сандагы киши туткунда турат жана алардын отуз төртү тирүү эмес.

Палестиналык расмийлер калган туткундардын тагдыры макулдашуунун кийинки этаптарында талкууланат деп билдирүүдө. Бул ок атышуунун токтогонуна 16 күн болуп, биринчи фаза план боюнча жүрүп жатканда болот.

Экинчи этап

Бул этап согуштун толук токтошун мүнөздөйт. Бирок тараптар азырынча аны талкуулоого кирише элек болгондуктан, "толугу менен токтойт" деген эмнени түшүндүрө турганы ушул тапта белгисиз.

Баарын таразалап көргөндө ЦАХАЛ бул этапта Газанын аймагынан чыгып кете баштайт, бирок анын деталдары белгисиз.

Макулдашунун негизин түзгөн Жо Байдендин жөнгө салуу планына караганда, экинчи этапта израилдик туткундар толугу менен кайтарылып, каза тапкандарынан сөөктөрү өткөрүлүп берилет.

Израил өз кезегинде миңдеген палестиналыкты абактардан бошотот. Алардын ичинде оор кылмыштарга айыпталып, 15 жылдан ашуун убакыттан бери жазасын өтөп жаткан 190 киши дагы бар.

Израил түрмөлөрүнөн миңдеген палестиналык экинчи этапта бошотулабы же алардын бир бөлүгү биринчи фазада эле коё бериле баштайбы деген масел дагы толук белгисиз.

Үчүнчү этап

Сонку жыйынтыктоочу этап Газаны калыбына келтирүүнү карайт. Бул жылдап созула турган иш.