Израил менен ХАМАС ок атышууну токтотууну макулдашты. Чоо-жайы жана реакциялар

Сүрөттүн булагы, Anadolu
Катардын премьер-министри Шейх Мохамед бин Абдулрахман аль-Тани, Израил менен ХАМАС Газа секторунда 2023-жылдын октябрынан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча макулдашышканын тастыктады. Ошондой эле макулдашууга ылайык палестиналык топ израилдик тутукундардын бир тобун бошотууга макулдугун беришти.
Мындай кабарды Шейх Мохамед бин Абдулрахман аль-Тани соңку сааттарда бир нече жолу улам артка жылдырылып келген пресс-конференциянын жүрүшүндө билдирди. Анын бул билдирүүсүнө чейин макулдашуу тууралуу билдирүүлөр сүйлөшүү жараянына жакындыгы бар булактардын маалыматтарына гана негизделип жаткан.
Бул сүйлөшүүлөрдө Катар эң негизги ортомчулардын бири болуп калды жана тараптардын түзмө-түз өтпөй турган жолугушууларына өз аймагында шарт түзүп берди.
Газа секторундагы ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча макулдашуу Катардын премьер-министринин ХАМАСтын өкүлдөрү менен өзүнчө, Израилдин өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушууларында ишке ашты.
Шейх Мохамед бин Абдулрахман аль-Танинин айткандарына караганда, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу Израил өкмөтү макулдугун бере турган болсо 19-январь күнү күчүнө кирет. Ок атышуу канчада токтой турганы боюнча азырынча так убактысы аныктала элек.
Израил өкмөтү азырынча макулдашуунун шарттарына добуш бере элек. Reuters басылмасы өз булактарына таянып берген маалыматка караганда, 16-январда министрлердин көпчүлүгү макулдашууну колдоп добуш бергени жатышат. Израилдин Тышкы иштер министри Гидеон Саар чет өлкөгө уюштурулган сапарын соңку мүнөттөрдө токтотуп, Израилге шашылыш кайрылып келди.
Би-Би-Синин ХАМАСтагы булагы топ макулашуунун шарттарына жактырганын билдирди.
Азырынча макулдашуунун деталдары толугу менен ачыкталбайт. Маалымат агенттиктеринин анонимдүү булактары расмий кабар берилгенге чейин ок атышуунун биринчи фазасы алты аптага (42 күн) эсептелгенин билдиришкен. Бул убакытта израилдик аскерлер Газа секторунан акырындык менен чыгып кетиши керек жана аймакка гуманитардык жардам ташый турган жүздөгөн унааларды күн сайын өткөрүлүп турат.
Катардын премьер-министри бул учурда (биринчи фазада) ХАМАС туткундан 33 кишини бошотот. Изарил ХАМАСтын жана анын союздаштарынын колунда жалпысынан 94 киши туткунда деп эсептешкен. Ошол эле учурда алардын отуз төртү буга чейин эле көз жумган болушу мүмкүн деп эсептешет.
Израилдин президенти Ицхак Герцог Эл аралык кызыл чырым уюмунун жетекчиси Марьян Сполярич менен жолугушту. Президенттин офиси берген маалыматка караганда, ал жолугушууда бошотулган туткундарды кандай кылып алып чыгып кетүүнүн техникалык маселелери талкууланган.
Кызыл чырым уюму бул процесс бир катар кыйынчылыктар менен коштоло тургандыгын билдиргени менен эмне болгон кыйынчылыктар экени тууралуу чечмелеп айткан жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Байдендин планы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бул [келишимди түзүү] ХАМАС башынан өткөргөн болуп көрбөгөндөй кысымдын эле эмес, Ливандагы ок атышууну токтотуу, Ирандын алсырашынан кийин аймактагы тең салмактуулуктагы өзгөрүүлөр жана америкалык дипломатиянын бел чечпей, тыным албай иштегенинин натыйжасы. Ушундай жыйынтыкка жетишүү үчүн менин дипломатиям эч качан ишин токтоткон жок", — деп билдирди Байден.
Байдендин сөзүнө караганда, макулдашуу анын жеке планына шайкеш ишке ашты. Ал 2024-жылдын май айында атайын план сунуш кылып, ал БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир добуштан колдоо тапкан эле.
План үч этапты камтыйт. Катарда түзүлгөн макуладшуу анын биринчисине туура келет. Бул Газада ок атышууну токтотуу жана израилдик туткундардын бошотулушу тууралуу эле.
Экинчи этапта Израил менен ХАМАС согушту толук токтотуунун кадамдарын талкуулашмак деп билдирди Байден. Бул этап дагы алты аптага созулушу керек, бирок бул убакытта макулдашуу маселеси аяктай элек болсо анда ок атышууну токтотуу режими узартылат.
Соңку үчүнчү этап болсо калган туткундарды Израилге алып келип, Газа секторун калыбына келтирүү боюнча пландларды талкуулоо болмок.
Жо Байдендин сөзү боюнча, бул анын саясий карьерасындагы эң татаал сүйлөшүүлөрдүн бири болуп калды.
"Бул боюнча аткара турган иштер дагы эле көп. Бирок бул этапта жэн башкысы палестиналык жай тургундар көптөн куткөг гуманитардык жардамды алышат, а израилдик туткундар болсо 15 айдан кийин үйлөрүнө кайтып барышат",- деди Байден.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилде жана Газада төбөсү көккө жетип жаткандар
Газанын жашоочулары жана көптөгөн израилдиктер макулашууга жетишүү жөнүндө кабарды жетине албай кабыл алышты.
Бул палестиналыктар үчүн бомболоолордун аякташы жана жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген кишинин үйлөрүнө кайтып келиши дегенди билдирет.
Изарилде болсо Катардан келген кабарга жетине албай он миңдеген киши көчөг чыгышты.
Бул кишилер дээрлдик бир жарым жыл бою акцияларга чыгышып, өз өкмөтүн ХАМАС менен макулдашууга барып, туткундарды кандай болсо да бошотуп алгыла деп талап кылып келишкен.
Деген менен көптөгөн израилдиктер келишимди толук кандуу деп эсептешпейт, анткени туткундардын бир бөлүгү эле кайрылып келе тургандыгы жөнүндө сөз болуп жатат.
Мындай ойдогу кишилердин бир тобу дагы көчөгө чыгып, премьер-министр Нетаньяхудан жооп талап кылышты.
Биньямин Нетаньяхунун кеңсесиндегшилер болсо, макулдашууда "дагы деле чечиле элек бир нече пункт бар, аларды дагы чечүү керек" деп жатышат. Бирок өкмөт башчы алар жакынкы сааттарда толугу менен макулдашылат деп үмүт кылып жатканын билдирди.
Нетаньяхунун өкмөтүнүн ичинде тынчтык келишимине тикелей каршы чыккандар да бар. Алар ашынган оңчуллар партиясынан Каржы министрлигин жетектеген Бецалель Смотрич жана Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир.
Макулдашуу тууралуу белгилүү болгондон бир нече саат өткөндөн кийин Смотрич бул тууралуу негативдүү пикир менен чыкты. "Өкмөткө келе турган макулдашуу — жаман жана Израил мамлекетинин коопсуздугу үчүн коркунучтуу",- деп айтканын AFP агенттиги цитата кылып жарыялады.
Израилдин президенти Ицхак Герцог көп маселелерде символикалуу ыйгарым укуктарга ээ жана ал өкмөттү келишимди кабыл алууга чакырды.
"Бул макулдашуу кол коюлуп, жактырылып жана аткарылганда өзү менен кошо бир топ баш оорута турган, оор жана жаралай турган учурларды алып келет. Ал ошондой эле бир топ эле сезилээрлик чакырыктарды таштайт. Бул жөнөкөй эле кырдаал эмес, — бул биз билген эң чоң чакырыктардын бири",- деди Герцог пресс-конференцияда.
Трамптын реакциясы

Сүрөттүн булагы, Reuters
АШКнын жакында шайланган президенти келишим тууралуу кабарга социалдык баракчаларында бир нече пост жазып, реакция кылды.
"БИЗДЕ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ТУТКУНДАР ҮЧҮН КЕЛИШМ БАР. АЛАР ЖАКЫН АРАДА БОШОТУЛУШАТ. ЫРАКМАТ!" деп жазды Truth Social баракчасына.
Башка дагы бир постунда "ок атышгууну токтотуу боюнча эпикалык макулдашуу биздин ноябрь айындагы тарыхый жеңишибизден улам болуп олтурат",- деп жазды Трамп.
Трамп анын администрациясы тынчтыкка умтула турганын жана жалпы америкалыктардын, алардын союздаштарынын коопсуздугу үчүн келишимдерди түзө тургандыгын убада кылууда.































