You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Powerball” лотереясынын жеңүүчүсү 2 млрд доллар утту
Дүйшөмбү күнү америкалык “Powerball” лотереясы жеңүүчүсүн тапты. Ошентип, бактылуу билеттин белгисиз ээси тарыхтагы эң чоң джекпотту - 2,04 млрд долларды утуп алды.
Бирок иш жүзүндө бул адам (же адамдардын тобу) алда канча азыраак ала алат. “Powerball” лотереясынын жеңүүчүсүнө эки тандоо берилет: заматта 997,6 млн доллар (салыктарга чейин) алуу же бардык сумманы 29 жыл ичинде алуу. Дээрлик бардык жеңүүчүлөр биринчи вариантты тандашат.
Жеңүүчү азырынча белгисиз. Билет Калифорния штатында, Лос-Анжелестин жанындагы Алтадина аймагында сатылып алынганы гана белгилүү.
Дагы бир адам эки млн доллар утуп алды, ал эми 21 билет ээлерине бир млн доллар берилет.
АКШнын “Powerball” лотереясынын джекпоту 5-ноябрдагы лотерея кайрадан ийгиликсиз аяктагандан кийин 1,9 млрд долларга көтөрүлгөн. Бул лотереядан утуп алууга мүмкүн болгон тарыхтагы эң чоң сумма.
Үч ай бою эч ким көксөгөн сандарды таба албагандыктан, байгелердин саны өсө берди.
“Powerball’дун” маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнкү утушта джекпотту утуп алуу ыктымалдыгы 292,2 миллиондон бирди түзөт.
Эң чоң джекпот боюнча буга чейинки дүйнөлүк рекорд 2016-жылы коюлган, анда 1,59 млрд доллар үч “Powerball” оюнчусуна бөлүнгөн.
Ишемби күнү бардык алты номерге дал келген билет жок болсо да, 16 оюнчу беш номерди туура таап, ар бир бактылуу жеңүүчү миллион доллардан сыйлык алышты
“Powerball” билеттеринин баасы 2 доллар, ал эми жеңүүчү учурда 929 млн долларга бааланган бир жолку (бир аз азыраак) төлөм же 29 жыл бою толук төлөнүүчү аннуитет (б.а. жылдык төлөм) мүмкүнчүлүгүнө ээ. Дээрлик бардык жеңүүчүлөр накталай төлөм опциясын тандашат.
1992-жылы негизделген лотереяга АКШнын 50 штатынын 45и, Колумбия округу, ошондой эле Пуэрто-Рико жана Виргин аралдары катышат.
Билеттеги бардык алты негизги номур дал келгенде джекпотту утуп алса болот. Мындай билеттер бир нече болсо, сумма алардын ээлеринин ортосунда бирдей бөлүнөт.
Акыркы жолу джекпотту 3-августта утуп алышкан, анда жеңүүчү 206,9 млн доллар өлчөмүндө бир жолку төлөмдү тандап алган.
Испаниянын Рождестволук “Sorteo Extraordinario de Navidad” лотереясы дүйнөдөгү эң чоң байге фонду бар эң чоң лотерея оюну болуп эсептелингенине карабай, дүйнөдөгү эң ири лотереялык байгелер Америка Кошмо Штаттарына туура келет.
2012-жылы биринчи сыйлык 720 млн евро (ошол кездеги курс боюнча 941,8 млн доллар) болгон.
Жалпы европалык “Euromillions” лотереясынын тарыхында эң чоң утуш 2022-жылдын 19-июлунда болгон жана 232 млн АКШ долларын түзгөн.