Иркутскидеги мигранттар мушташы: төрт кыргыз жараны депортация болот
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Россияда миграция жаатында мыйзамдар жаңыланып жатат. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтерине Россиянын Миграция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги атайын жыйын өтүп, кеңири маалымат берди.
Мындан тышкары, мигранттар арасында кылмыштуулук боюнча кыргызстандык жарандар алдыда экени айтылды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Москвадагы кыргыз консулу Манас Жолдошбеков айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Social media
М.Жолдошбеков: Бул жыйында Россиянын миграция мыйзамдарына кирип жаткан жаңы толуктоолор боюнча маалымат берилди. Мисалы,эң башкы өзгөрүү тууралуу айтылды. Быйыл 28-апрелде Госдума тарабынан чет элдик жарандардын миграциялык каттого туруу тартибин жеңилдетүү тууралуу мыйзам кабыл алынган. Азыркы мыйзамдар менен чет элдик жарандар кабыл алуучу тарап же батирдин кожоюну менен миграциялык борбор же полицияга барып каттоо жүргүзшчү. Эми жаңы мыйзам менен муну онлайн кылса болот. Башкача айтканда чет элдик жаран өзү эле порталга регистрация болуп, онлайн заявка берет, жаран ошентип каттоого барбай эле аралыктан ишин бүтүрө алат.
Би-Би-Си: Жыйында мигранттар арасында кылмыштуулук өсүп жатканы да сөз болуптур. Кыргыз жарандары ушунча ээнбаш болуп кеттиби?
М.Жолдошбеков: Мигранттар арасында мыйзам бузуу фактылары жылдан жылга өсүп жатканы тууралуу сөз болду. Тилекке каршы, административдик мыйзам бузуулар боюнча кыргызстандыктар биринчи орунда экен. Бул жанагы миграциялык мыйзам бузуулар боюнча, экинчи орунда жол эрежелерин бузуу турат. Россия аймагында такси тармагында иштеген кыргызстандыктар көп, биздин жарандарга ошондой укук берилген, көпчүлүк ушул тармакта иштегенге умтулат.

Сүрөттүн булагы, who.ca-news.org
Би-Би-Си: Россияда кыргызстандыктардан катышуусу менен калайман мушташтар да көп катталып атат. Соңкусу Иркутск шаарында жакында эле болду, ошол иш боюнча канча кыргыз жараны кармалды жана кандай иш-чаралар өтүп атат?
М.Жолдошбеков: Россиянын Миграция боюнча башкы башкармалыгы кечээки жыйында ушул маселени да көтөрдү. Орус тарап ушундай массалык мушташ көп болуп жатканын маселе кылып көтөрдү. Соңку статистиканы айтса эле, Россия аймагында төрт ушундай окуя болуп, анын жарымына кыргыз жарандары да катышкан экен. Иркутскиде болгон окуя боюнча кыргыз элчилиги иштеди. Окуя болгон жерге элчилик кызматкери өзү барып, жарандар менен жолугуп, жеринде укуктук жардам көрсөтүлдү.
Би-Би-Си: Азыр эми ошол мушташка катышкан кыргыз жарандарына кандай жаза чегерилип жатат?
М.Жолдошбеков: Мындай массалык мушташка катышкандарга орус өкмөтүнүн мамилеси катаал. Иркутск шаарында мушташка катышты делген төрт жаран депортация болуп жатат. Ушундай катуу чаралар көрүлүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул мушташты уюштурду деген негиз менен аларга ушундай чара каралыптыр.































