You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзбекстандагы шайлоо: шааниси бар, шансы жок талапкерлер
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда жарыяланган президенттик шайлоодо добуш берүү башталды.
Эксперттер Өзбекстандагы бул шайлоонун жыйынтыгы алдын ала белгилүү, анда Шавкат Мирзиёев ишенимдүү түрдө жеңип чыгат деп жатышат.
Президент Шавкат Мирзиёевдин кызмат мөөнөтү дагы 3,5 жылдан кийин гана бүтмөк. Анда эмнеге Өзбекстанда кайрадан президенттик шайлоо болуп жатат?
Жаңы Баш мыйзам
Өзбекстанда 30-апрелде өткөн референдумга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылды. Муну менен президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды. Жаңы Баш мыйзам менен 65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылды, эми ал дагы эки жолу шайлана алат жана ыйгарым укуктарын бир топ кеңейтип алды.
Эксперттердин баамында, Мирзиёев жаңы Конституцияга ылайык мындай шашылыш жол менен президенттик шайлоо өткөрүп, ага карата элдин ишеними чоң болуп жаткан маалда, бийлигин бекемдеп алууну каалап жатат.
Мирзиёев Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген. Анын президенттик мөөнөтү 2026-жылы чыкмак. Лондондогу өзбекстандык саясат талдоочу Алишер Илхамов "Настоящее время" программасына эмнеге Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоого бара жатканын чечмелеп берген:
“Эгер Шавкат Мирзиёев президенттик мөөнөтү бүткүчө дагы бийликте 3,5 жыл кала бере турган болсо, анда кийин ага кайсы Баш мыйзам иштейт, эскиби же жаңыбы суроо чыкмак. Бирок жаңы Конституция боюнча президент Мирзеевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгып жатпайбы. Ал азыр жети жылга, андан кийин дагы жети жылга шайлана алат. Мына ушундай укуктук коллизиядан кутулуу үчүн башынан баштоону чечти окшойт. Өлкөдө реалдуу оппозиция жок болгондон кийин шайлоолор, калыс эмес, атаандаштык жок шартта өтөт. Мында анын жеңишине 100% кепилдик болот да”.
Каримовдун тушунда өкмөт башчы кызматын аркалаган Мирзиёев өлкөдөгү репрессивдүү бюрократиялык бийликти модернизациялоого багытталган бир катар реформаларды өткөрүп, экс-президенттин тарапкерлерин бийликтин бийлик бутактарынан алды. Өкмөткө жаңы муундун өкүлдөрүнөн турган кадрлар келди.
Конституциянын жаңы редакциясында "Өзбекстан социалдык, укуктук жана светтик өлкө" деп жазылган. Мурунку Конституцияда мындай түшүнүктөр болгон эмес. Мындан тышкары, Сенаттагы депутаттардын саны 100дөн 65ке чейин кыскартылат. Талдоочулар өлкө президенттик, борборлоштурган башкарууга ыктап бара жатканын айтышууда.
Талапкерлер ким?
Өзбекстанда президенттикке талапкерлер 7-июндан тарта шайлоодогу үгүт өнөктүгүн жүргүзүп келишти. Өзбекстандын БШК маалыматына ылайык, ар бир талапкердин шайлоо фонду 5 миллиард сумду же 437 миң долларды түздү.
"Өзбекстандагы президенттик шайлоолор бул формалдуу эле иш-чара. Алар демократиялык принциптерди бузуу менен өтүп жатканын, өлкөдө чыныгы оппозициялык партиялар жок экендиги жана шайлоодо ким жеңери алдын ала белгилүү экенинен эле билсе болот. Өзбекстандын эгемен тарыхында демократиялык шайлоолор дегеле боло элек",- дейт "Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева.
Өзбекстандагы президенттик шайлоого талапкерлер партия атынан гана көрсөтүлөт. Төмөндө Мирзиёевге атаандаш болчу талапкерлерге сереп сала кетели.
Президенттикке талапкерлердин арасында 65 жаштагы айым, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Робахон Махмудова да бар. Ал президенттикке социал-демократиялык "Адолат" партиясынан көрсөтүлүп жатат. 2008-жылга чейин ал Жогорку Соттун судьясы, ал эми 2017-2020-жылдары өзбек президентинин Фергана облусу боюнча Элдик кабыл алуусунун жетекчиси болуп иштеген. 2020-жылы Жогорку Соттун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындаллган. Өзбек мыйзамдары боюнча соттор саясий иштер менен алек боло албайт, андыктан Махмудова президенттикке аттанганы ал кызматынан баш тартты. Шайлоо программасында бул аял талапкер ишкерликти колдоого басым жасап жатат.
Мурдагы билим берүү министри 61 жаштагы Улугбек Иноятов элдик-демократиялык партия атынан президенттикке ат салышууда. Ал 2013-2018-жылдары министр, 2020-жылдан тарта өзбек парламентиндеги мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин орун басары кызматын аркалап келген.
Иноятов эгер президент болуп калса, социалдык акыйкаттык башкы багыты болорун айтып, ашкере байлыкка карата салык салууну убада кылууда.
Өзбекстандагы президенттик шайлоого жылдырып жаткан дагы бир талапкер 50 жаштагы агроном Абдушукур Хамзаев. Анын ысымы буга чейин коомчулукка анча белгилүү эмес болчу. Хамзаев көптөгөн жылдар бою экология, айыл жана токой чарбасында иш алып барганы айтылат. 2021-жылы ал Экология жана жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалган.
Башкы талапкер, буга чейин эки жолу президенттик шайлоодо жеңип чыккан Шавкат Мирзиёев үгүт маалында ИДПнын көлөмүн эки эсе көбөйтүп, өзбек автопромдогу монополияны жоюу, элеттеги элди таза суу жана интернет менен камсыз кылууну убадалап жатат.
Каракалпакстан, адам укугу жана сөз эркиндиги
Мирзиёев өзүнүн үгүт өнөктүгүн бул жолу Нукустан баштады. Бул анын Каракалпакстандагы массалык каршылык акцияларынан кийинки жергиликтүү эл менен биринчи жолугушуусу болду. Буга чейин Каракалпакстан автономдук макамынан ажырашы мүмкүн деп жергиликтүү эл митингге чыгып, кеминде 18 киши каза таап, ондогон адамдар камакка алынган эле.
Катаал саясат жүргүзгөн Ислам Каримовдон айырмаланып Шавкат Мирзиёев либералдуулукка ыктарын эл аралык коомчулукка далилдегиси келет. Чындап эле, мурдагы жылдарга салыштырмалуу Мирзиёев бийликке келгени Өзбекстан мурдагыдай жабык болбой, ачык өлкөгө айланып, экономикалык дымагы боюнча Борбор Азияда лидер болгусу келгени көрүнүп жатат.
Бирок ошол эле убакта Өзбекстандагы адам укугу, сөз эркиндиги жаатында Мирзиёевге карата да сын-пикирлер жетиштүү.
"Биздин мониторинг боюнча соңку эки жылда эле 60 блогер жана 25 журналист куугунтукка алынды. Атайын кызматтын басымы алдында 20 телеграм-канал жабылды. Бул жарандардын баары УКМКнын бутасына сын-пикир айтып, башкача ой жүгүртүүсү үчүн үчүн гана алынды. Кадыресе сын президенттин бийлигине карата коркунуч катары кабылданган өлкө адам укугу жаатында эл аралык милдеттенмелерин аткара албайт",- дейт "Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева.
Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев мурдагы өзбек лидери Ислам Каримовдун Өзбекстандын эч бир саясий бирикмелерге кирбөө жана аскердик конфликттерге катышпоо тууралуу концепциясын улантып жатат. Бирок Өзбекстан мурункудай жабык болбой, туристтерге эле эмес, дүйнө коомчулугуна да ачык боло баштады. Расмий Ташкент Борбор Азияда аймактык лидер болууга умтулуп, тышкы саясатын ириде коңшу өлкөлөр менен алаканы бекемдөөдөн баштаган.
Кыргыз-өзбек мамилелери Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден тарта “жылып” баштаганы айтылат. Атап айтканда, бир жылдын ичинде чек аранын 85% такталган, ал эми эки өлкөнүн жарандарына өткөрмө пункттардан өтүүдө тоскоолдуктар жоюлду. Мындан сырткары, көп жылдан бери сөз болуп келаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ишке аша баштады.
2018-жылы Мирзиёевдин демилгеси менен Өзбекстандагы этникалык кыргыздар жашаган "Манас" айылы жаңыланып, бул да болсо Кыргызстанда өтө жылуу кабыл алынды.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан-Өзбек соодасы 2019-жылы $818 млн, 2020-жылы $903 млн түзгөн. Өзбекстанга эң эле көп көмүр менен күйүүчү май (орточо $40 млн), таш, курулуш материалдар, цемент ($30 млн) жана кара металлдар ($20 млн) экспорттолот. Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга трикотаж кездемелери менен кийим-кечелер (былтыр дээрлик $60 млн), мөмө-жемиштер ($28 млн), пластмасса буюмдары ($27 млн доллар), жер семирткичтер ($23 млн) жана килемдер ($10 млн) импорттолот.
Мындан сырткары, Өзбекстан өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыз кылат. Бирок адатта суук түшкөндө газдын көлөмү азая баштайт.
Өзбек-кыргыз алакасындагы соңку учурдагы эң эле урунттуу окуя катары 2022-жылы эки өлкө ортосундагы чек ара талаштарына чекит коюлганын атаса болот. Бирок Кыргызстандын өзүндө Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегинде башталган талаш эмдигиче сууй элек, бул келишимге каршы чыккан жергиликтүү саясатчылар, активисттер кармалып, соту жүрүүдө.