You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түндүк Корея: 2023-жылы Ким Чен Ындан эмнени күтүүгө болот?
- Author, Жин Маккензи
- Role, Сеул
- Published
2022-жыл Түндүк Корея үчүн рекорддук көрсөткүчтөр жылы болду: өткөн жылы ал мурдагы жылдарга караганда көбүрөөк ракета учурду. 2022-жылдын ичинде эле расмий Пхеньян өлкөнүн бүткүл тарыхында учурган ракеталардын төрттөн бир бөлүгүн учурууга жетишти. Былтыр сентябрда өлкө жетекчиси Ким Чен Ын КЭДР өзөктүк кубаттуу мамлекетке айланды жана эми бул макамды андан ары сактап калууга ниеттенет, деп шардана кылган болчу.
АКШнын ошол кездеги президенти Доналд Трамп Түндүк Кореяга "от-жалын жана каардуулук" менен сес көрсөткөн 2017-жылдагы окуянын сыңарындай эле, былтыркы жигердүүлүк Корей жарым аралындагы чыңалуунун андан ары күчөшүнө алып келди.
2023-жылы бизди эмнелер күтүп турат?
Өзөктүк курал өндүрүү далаалаты
2022-жылы КЭДР өзүнүн курал-жарак кампасын кеңейтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Өткөн жылдын башында Пхеньян Түштүк Кореяга сокку урууга багытталган кыска аралыкка учуучу ракеталарды сынай баштаган, андан соң Жапонияга сокку урууга жөндөмдүү орто аралыкка учуучу ракеталарды сыноого өткөн.
Жылдын аягында болсо түндүк корей режими өзүнүн "Хвасон-17" деген аталыштагы эң кубаттуу делген континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады. Жапония мындай түрдөгү ракета АКШнын аймагына чейин учуп жете алат, деп ырастады.
Ким Чен Ындын өзөктүк согуш жаатындагы коркутуп-үркүтүүлөрү дагы мурдагыдан алда канча күчөдү.
Ким Чен Ын, Түндүк Кореянын жаңы өзөктүк макамы тууралуу айтып жатып, өзөктүк курал мындан ары ал үчүн жөн гана болжолдуу каршылашын чабуулга өткөрбөстөн, кармантып туруу каражаты болуп кала бербей тургандыгын жана Пхеньян согушта жеңүү үчүн өзөктүк куралды озунуп колдонууга дагы даяр экендигин 2022-жылы сентябрда баса белгилеген.
Былтыркы жылдын аягына чукулдаган маалда ал 2023-жылга карата өз пландары тууралуу маалымат берүү максатында бийликтеги Эмгек партиясынын жогорку даражалуу мүчөлөрүн жыйынга чогулткан.
Кимдин артыкчылыктуу саясий багыттар жаатындагы тизмесинин башында өзөктүк курал кампасынын өтө ыкчам жана эч чектөөсүз ("экспоненциалдуу") кеңейтилиши милдети турат. Бул милдет, Ким өзү тактагандай, Түштүк Корея менен болжолдуу согушта колдонулушу ыктымал болгон салыштырмалуу чаканыраак тактикалык өзөктүк куралдын түрлөрүн өндүрүүнү өз ичине камтыйт.
Бул – Кимдин кайрылуусунун эң олуттуу бөлүгү болду, дейт Карнеги фондунун өзөктүк саясат жаатында изилдеп жүргөн адиси Анкит Панда (Ankit Panda) мырза.
Тактикалык өзөктүк куралды өндүрүү үчүн расмий Пхеньян оболу чакан ракетага орнотула тургандай салыштырмалуу кичинекей өзөктүк дүрмөт жасашы керек.
Азырынча сырткаркы дүйнө Түндүк Кореянын бул жаатта ийгиликке жеткенин тастыктаган эч бир далилди көрө элек. Батыштын чалгындоо кызматтары былтыркы жылдын оодук бөлүгүн дал ушундай чакан ракетаны сыноо окуясын күтүү менен өткөрүштү, бирок андай сыноо жүзөгө ашырылган жок. Балким, бул жаттагы алгачкы сыноолор 2023-жылдын ичинде жүзөгө ашырылышы ыктымалдыр.
Ошондой эле Кимдин жаңы жылдык убадаларынын арасында ал 2023-жылы жаз мезгилинде учурууну көксөгөн тыңчы жасалма жандоочуну жана АКШнын аймагына жете ала тургандай жөндөмгө ээ болгон, катуу отундун күйүшүнө негизделген жана оор салмактагы континенттер аралык ракетаны өндүрүү кыялы бар.
Ошентип, 2023-жыл кайсы бир өңүттөрдө былтыркыга (2022-жылга) окшош болот деп болжолдой алабыз: БУУнун санкцияларына карабастан, расмий Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал кампасындагыларды жигердүү түрдө сыноону, өркүндөтүүнү жана кеңейтүүнү уланта бермекчи.
Бул жүрүм эчак эле башталып калган: Түндүк Кореянын алгачкы ракета учуруусу жаңы жыл башталгандан үч сааттан кийин орун алды.
"Келе жаткан жылы учурула тургандардын көбү жөн гана ракеталык сыноолор эмес, күжүрмөн машыгуулар болуп калышы мүмкүн: КЭДР ыктымал болуп жаткан жаңжалда өз ракеталарын колдонууга беленленип жатат", – деп Анкит Панда былтыркы жыл соңунда билдирди.
Сүйлөшүү жүргүзүүгө деги мүмкүнбү?
Түндүк Кореянын лидери, 2023-жылга карата мындай кеңири пландары турганда, АКШ менен сүйлөшүүгө убакыт табаарына деле күмөн бар. Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы 2019-жылы майнапсыз аяктап, ошондон бери Ким бул жааттагы сүйлөшүүлөргө кайра кайтып келүүнү каалайм деген эч кандай ишаарасын көрсөтпөй келет.
Кимдир-бирөө аны сүйлөшүү жүрүмүндө эң жогорку середеги артыкчылыкка жетишүүнү каалайт деп ойлошу мүмкүн. Азырынча Ким Чен Ын Түндүк Корея тарабы АКШ менен Түштүк Кореяга олуттуу сокку уруп, зыян келтириши мүмкүн деген бардык шектенүүлөрдү жокко чыгармайынча, бул лидер өз шарттарына ылайык сүйлөшүүлөр жүргүзө албастыгы да шексиз.
Анын ордуна Түндүк Корея акыркы бир жылда Орусия менен Кытайга жакындады.
АКШ өкмөтүнүн Түндүк Корея жаатындагы талдоочусу катары 20 жылдай иштеген жана азыркы тапта “Open Nuclear Network” аттуу бейөкмөт уюм менен кызматташып жаткан илимпоз Рейчел Мин-Йөн Ли (Rachel Minyoung Lee) айым Би-Би-Сиге өз пикири менен бөлүшүп, балким, Түндүк Корея өзүнүн тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарын түп-тамырынан кайра карап чыгып жаткандыр, деп айтты.
Корей жарым аралындагы чыңалган кырдаал
Ал ортодо Корей жарым аралында кайрадан жарылууга жакын кырдаал түзүлүүдө.
Сеул, кээде АКШ да, Түндүктүн ар бир чагымчыл аракетине жооп кайтарып келишет.
Мунун баары 2022-жылдын май айында Түштүк Кореянын жаңы президентинин шайланышынан башталган. Юн Сок Йөл расмий Пхеньян менен мамиледе күч колдонууга көбүрөөк басым жасоону убада кылганы жана Кимди токтотуунун эң мыкты аргасы – бул аскердик кубат деп бир нече жолу айтканы маалым.
Юн Сок Йөл мырза кайрадан америкалык аскерлердин катышуусу менен кеңири өлчөмдөгү деңиз аскер машыгууларын өткөрө баштады, ага Түндүк Корея жаңы ракеталарды учуруу менен жооп кайырды.
Ошентип, аскердик машыгуу амалдарынын жана аларга жооп кайтаруунун айлампасы башталды. Эки тарап тең, маселен, аскердик учак жана тик учактарды чек араны бойлото учуруп турууга жана деңиз мейкиндигинин ар кыл тилкелерин замбиректен аткылоого чейин барышты.
Өз ара мамилелердеги соңку чыңалуу өткөн аптада Түндүк Кореянын беш дрону күтүүсүздөн Түштүк Кореянын аба мейкиндигине учуп киргенде орун алды. Ракетадан коргонуу күчтөрү аларды атып түшүрө алган жок. Бул жагдай Түштүк Кореянын коргонуусунун талуу жерин ачыктап, өлкө тургундарын сарсанаага салып койду. Адатта, түштүк тургундары Түндүктөгү өлкөнүн аскердик аракеттерине дүрбөлөңгө түшпөстөн мамиле кылчу.
Түштүк Кореянын президенти болсо өз өлкөсү расмий Пхеньяндын чагымчыл аракеттерине ылайык теңдеш жооп кайтара турганын билдирди.
Ал эми “Risk Korea Group” бейөкмөт иликтөө уюмунун жетекчиси, Сеулда жашаган британдык журналист Чед О'Кэррол (Chad O'Carroll) 2023-жылы кырдаалдын чыңдала бериши эки өлкөнүн ортосунда түз аскердик жаңжалга алып келиши ыктымалдан алыс эмес, деп болжолдойт. Ал орто жолдо калайык набыт кетиши да мүмкүн, деп санааркайт.
"Түндүктөн же түштүктөн келчү жооп кокустуктан болобу же жокпу, айтор, өз ара ок атышууларга өсүп чыгышы ажеп эмес", – дейт Чед О'Кэррол.
Эгерде бир эле катачылыкка жол коюлса, анда кырдаал улам курчуткан айлампа нукта көзөмөлсүз түрдө тездеп жыла баштайт.
Түндүк Кореянын ички турмушу
Дагы бир маанилүү суроо: деги 2023-жыл түндүк кореялыктар үчүн эмнелерди сунуштай алат?
Алар пандемиядан улам бекем жабылган чек аранын артында үч жыл тиричилик кылышты. Коронавирустан улам өлкө бардык эл аралык соода алакаларын убактылуу токтотуп салды.
Кайрымдуулук уюмдары бул жагдай азык-түлүк менен дары-дармектин олуттуу таңкыстыгына алып келди деп эсептешет. Өткөн 2022-жылы Ким азык-түлүк кризиси жөнүндө өзү да билдирди. Адатта, КЭДР бийлиги сейрек учурларда гана мындай нерселерди ачык моюнга алып келет.
2022-жылдын май айында Түндүк Корея коронавирустун жайылып жаткандыгы тууралуу чындыкты мойнуна алган, бирок ошол эле май айында ал алааматтуу вирусту жеңе алганын шаңдуу жарыялаган.
Деги 2023-жыл КЭДР үчүн акыры-түбү өз чек арасын Кытайга ачып, коңшусунун товарларын өз базарына киргизчү жыл болуп калаар бекен?
Ачык маалыматтарга караганда, КЭДР Кытайдын чек арасына жакын байырлап жаткан калайыкты эмдөөдө. Бирок, бул өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын абалын эске алганда, кооптуулук сакталып кала берет, дейт Ли айым.
"Эгерде КЭДРдин экономикасы толук кыйроого жакын болбой турса эле, анда пандемия залакалары дүйнө жүзү боюнча, айрыкча Кытайда толугу менен жоюлмайынча, Корея чек араларын толук ача албайт ко", – деп серепчи Рейчел Мин-Йөн Ли айым баса белгиледи.
Ошондой эле Кимдин мураскери ким болушу ыктымалдыгы жаатындагы имиш кептерге кулак салып туруу да абзел. Бул тууралуу коомчулукка эч кандай билдирүүлөр жасалган жок, бирок Ким жакында дүйнөгө биринчи жолу жанындагы бир кызды көрсөттү. Сыягы, бул кыз – диктатордун өзүнүн Ким Жу Э аттуу кызы болсо керек.
Ал аскердик иш-чарада атасынын жанында жүргөн үч учур катталды. Жаңы жылда анын жаңы сүрөттөрү жарыяланды. Көптөгөн кишилер бул кыз сааты келген чакта атасынын мураскери болот ко деген жоромолдорун айтышууда. (TT)