PFIZER вакцинанын үч ченеми Омикронго каршы иштерине чоң үмүт бар

Published

Pfizer/BioNTech алардын вакцинасынын күчтөндүрүүчү (үчүнчү) ченеми коронавирустун жаңы Омикрон вариантынынан натыйжалуу коргой алат деп үмүт кыларын билдиришти.

Компания өзүнүн чакан изилдөөсүнөн кийин, коронавирустун башка варианттарына алардын эки ченем вакцинасы канча антидене жаратса, вакцинанын 3 ченеми Омикронго каршы ошондой эле деңгээлдеги антиденелерди камсыз кыла алат дешет.

Мурдараак, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) учурдагы вакциналар дагы Омикрондун оор учурларына каршы иштеши керек деп айткан.

Дүйнө жүзүндөгү изилдөөчүлөр Омикрон тууралуу маалыматтарды бириктирип жатышат.

Бул коронавирустун азыркы учурдагы эң көп мутация болгон варианты.

Pfizer компаниясынын аткаруучу директору Альберт Бурла, шаршемби күнкү билдирүүсүндө, вакцинанын үчүнчү ченеми бул варианттан коргоой алуучу натыйжа бере турганын айтты.

"Мүмкүн болушунча көп адамдардын алгачкы эки ченем жана үчүнчү ченем менен толук эмдөөдөн өтүшүн камсыз кылуу, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн эң жакшы иш-аракет болуп кала берет", - дейт ал.

Бирок, Pfizer/BioNTech бул алдын ала жыйынтыктар экенин белгип жана алар маалымат чогултуу менен "чыныгы натыйжалуулукту изилдөөнү" уланта турганын айтышты.

Уруксат берилсе, алар Омикронго каршы иштеген вакцинанын жеткирүүгө даяр түрүн 100 күндүн ичинде эле иштеп чыгууга белсенип жатышканын кошумчалады.

Pfizer/BioNTech изилдөөсү жана Түштүк Африканын жаңы изилдөөсү дагы - азырынча рецензиялана элек - вакцина коронавирустун баштапкы штаммына караганда Омикронго каршы нейтралдаштыруучу антиденелерди алда канча азыраак жаратышы мүмкүн экенин аныктады.

Бирок Pfizer/BioNTech үчүнчү ченем бул антитеденелерди 25 эсеге көбөйтүп, коргонуу деңгээлин башка варианттарга каршы сайылуучу эки дозанын деңгээлине барабар кылганын айтты. (DO)