You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кузбасста шахтадагы жарылуудан 52 адам каза тапты
Кемеров областында “Листвяжная” шахтасындагы метандын жарылышынан 52 адам каза тапты, анын ичинде алты куткаруучу бар. Бул кырсык жөнүндө Россиянын маалымат агенттиктери менен жергиликтүү администрациядагы булактар билдирүүдө.
52 шахтердин өлүмү жөнүндө Интерфакска болгон интервьюда Белово шаар округунун администрациясынан дагы ырасташты. “Ооба, 52 адам каза тапты”,-деп айтты анын өкүлү.
Россиянын башкы прокурорунун орун басары Дмитрий Демешин кырсыктын себеби метандын жарылышы болушу мүмкүн деп билдирди.
“Бул метандын жарылышы болушу мүмкүн, кандайдыр бир учкун чыкканда анын артынан жарылуу, катуу сокку болот. Андан жаракат алган адамдар сыртка чыга албай калышты”,-деген Демешиндин сөзүн ТАСС келтирди.
Кырсык болгон учурда шахтада 285 тоо кен жумушчусу бар болгон, анын 239 сыртка алып чыкканга үлгүрүштү.
ӨКМнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шахтерлорду издөөгө куткаруучулар жиберилген. Бир куткаруучу топто алты адам болгон, алар байланышка чыкпай калган. Ошондон кийин үч куткаруучунун жансыз денесин сыртка алып чыгышкан.
“Тилекке каршы, куткаруучулар курман болду. Аларга баллондогу кычкылтек жетишпей калган. Алардын денеси табылды”, -деп билдирди Интерфакска Белово шаарынын “Тез жардамындагы” булак.
Үч куткаруучунун тагдыры белгисиз болуп жатат, бирок соңку маалыматтарга караганда алар да каза тапкан болушу мүмкүн.
Ошол эле убакта ӨКМдин өкүлдөрү куткаруу операциясын таңга дейре токтотууга туура келгенин билдиришти, анткени шахтада метандын концентрациясы көбөйүп кеткен.
Шахта директору жана орун басарлары кармалды
Бейшембиде кечинде Россиянын Тергөө комитети “Листвяжная” шахтасынын 47 жаштагы директору жана анын 59 жаштагы биринчи орун басары, 36 жаштагы участок начальниги кармалганын билдирди.
Шахтадагы инцидентке байланыштуу Тергөө комитети эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тергөө комитети өзүнүн маалыматында адамдардын өлүмүнүн себептерин төмөнкүдөй көрсөткөн: “№4 участканын вентиляциялык штрегинен түтүн чыгып баштаган, анын натыйжасында ал жактагы жумушчулар думугуп калышкан”.
Авариядан кийин Кузбасстын губернатору Сергей Цивилев өзүнүн телеграм-каналында каза болгондор он бир жумушчу экенин билдирди. Бирок ал муну жазып жатканда куткаруучулардын дагы каза тапканы белгилүү боло элек эле.
“Калган тоо кенчилер, божомолдоп айтканда, эки алыскы штректе турушат, азырынча алар менен байланыш жок”,-деп айтылат губернатордун кабарларынын биринде. – Газдын кырдаалы изилденген участкаларда коркунучтуу эмес, чыккан түтүн аз”.
"Алар өз алдынча чыга алышпайт, түтүн аябай көп жана штрек алыс жайгашкан. Аларга куткаруучулар баратат”,-деп Интерфакс агенттигинин булагы башкача билдирген эле.
Ооруканага 49 жабыркаган жумушчу жеткирилди, төртөөнү абалы оор, 41- жеңил жана орто экенин губернатор билдирди. Медициналык регионалдык борбордон жабыркаган адамдар күйгөн продуктулар менен ууланганын, травмасы жок экенин тактап кабарлашты.
Куткаруучулар газдын концентрациясы абдан чоң болгондуктан шахтадан чыгып кетишкенин шахтанын администрациясы айтты.
Кырсык кандайча болду?
Техникалык көзөмөл кызматындагы булак Интерфакска кабарлагандай, вентиляциялык штректе 250 метр тереңдикте жарылуу болгон. “Анын артынан өрт чыккан”,-деп айтты ал.
ТАССтын кабарына караганда, вентиляциялык штректеги жарылуу жөнүндө маалымат Ростехкөзөмөлдүн башкармалыгына келип түшкөн. Бул тууралуу агенттикке башкармалыктын оперативдүү нөөмөтчүсү билдирди.
“9:08 чалышты, түтүн чыгып жатат деп кабарлашты. Он беш мүнөттөн кийин №823 вентиляциялык штректе жарылуу болду, жумушчулар сыртка чыгып жатат деген такталган кабар келди”,-деди нөөмөтчү агенттикке.
Түтүн чыгып баштаганда эле тоо кенчилер өз алдынча сыртка чыга баштаганын шахтанын администрациясынан да айтып жатышты.
"Листвяжная" шахтасы "СДС-Уголь" ишканасына кирет. Ал Егозово-Красноярскидеги көмүр кенин иштетип келатат. 2012-жылы бул шахтага ошол убакта премьер-министр болуп турган Дмитрий Медведев түшкөн болчу.
"Листвяжная" шахтасындагы трагедия – Россиянын азыркы тарыхындагы эң масштабдуу инциденттердин бири болуп калды.
2007-жылы Кемеров областындагы "Ульяновская" шахтасында ири авария болуп, 100 адам каза тапкан.
2010-жылы "Распадская" шахтасындагы жарылуу токсондон ашык кенчинин өмүрүн алган. (КС)