"Кадимки Армагеддон": Нью-Йоркто массалык киши өлтүрүү

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарында супермаркетте бир кара ниет адам чогулган элге туш келди ок атып, он адам каза тапты.
Полиция бул расалык жек көрүүдөн келип чыккан кылмыш деп эсептеп жатат.
Окуя болгон жерден 18 жаштагы эркек кармалды. Полиция анын атын атаган жок.
Кылмышка шектүү адам супермаркетте эл толтура убакта кирип барып, ок атып баштаган. Полициянын маалыматына караганда, ал ошол жердеги камераны онлайн көрсөтүү үчүн колдонгон.
"Биз бул инцидентти расалык жек көрүүдөн чыккан зомбулук кылмышы катарында карап жатабыз",-деди басма сөз жыйынында ФБРдын Буфаллодогу өкүлү Стивен Белонгиа.
Болжолдуу маалымат боюнча, супермаркетте каран күн салган адам көбүнчө кара адамдар жашаган районуна барыш үчүн бир нече саат жол жүргөн.
Полиция комиссары Жозеф Граммалинин айтымында, каза тапкандардын көбү - афроамерикалыктар. Супармаркеттин үч кызматкери жарадар болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кол салган адам кубаттуу мылтык менен куралданып, чопкут жана шлем кийип алып барган. Аны токтотууга аракет кылган супермаркеттин күзөтчүсү ошол жерден өлтүрүлгөн.
Полиция кызматкерлерине да каршылык көрсөтүүгө аракет кылган, бирок куралын таштап, кармалып, камакка алынды.
Сот ага соттук-медициналык экспертиза өткөрүү дайындады. Бир нече күндөн кийин анын үстүнөн сот башталат. Ал эми өмүр бою камалышы мүмкүн, анткени Нью-Йоркто өлүм жазасы алынып салынган.
"Биз бул акмактын өлкөбүздү жана элибизди экиге бөлүшүнө жол бербейбиз",-деди Буфаллонун мэри Байрон Браун.
Buffalo News басылмасына полиция кызматкери : "бул үрөй учурган фильмге окшош болду, бирок баары чын болду. Бул өзүнчө эле Армагеддон болду",-деп айтып берди.
Окуя тууралуу дароо президент Байденге кабарлашты."Президент менен биринчи леди каза тапкандар үчүн да, алардын жакындары үчүн да кайгырып, дуба кылууда",-деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө. (КС)



























