
Соңку окуя Алматынын четиндеги Тоошамалы айылында болгону айтылган
Казакстанда дагы бир массалык адам өлтүрүү катталды. Бул ирет терроризмге каршы операциянын алкагында 9 согушчан жок кылынганын өлкөнун баш прокуратурасы билдирди. Алматы шаарына чукул Карасай айылдык окуругунда террордук иш-аракеттерге тиешеси бар деп шектелген топ бугуп жатканы полицияга маалым болуп, аларды кармоо аракети көрүлгөндө ок чыгарышкан.
Расмийлердин айтымында, ок атышууда бир полиция кызматкери жарат алып, согушчандардын бешөө жок кылынган. Ал эми окуя болгон жерди тинтүүгө алышканда дагы төрт адамдын сөөгү табылды деп айтылат Казакстандын баш прокуратурасы тараткан маалыматта.
Бийлик өкүлдөрү жок кылынган шектүүлөр мындан бир ай мурда Алматы облусунун Тоошамалы деген кыштакта колго жасалып жаткан бомба капыстан жарылып, анда каза тапкан кишилерге байланышы бар дешүүдө.
Байкоочулар соңку окуя бул өлкөдө массалык киши өлүмүнө алып келген окуялар күч алганын көргөзөт деп белгилеп жатышат. Аз күн мурда эле Алматы облусундагы улуттук паркта массалык адам өлтүрүү кататлып, белгисиз бирөөлөр11 адамды өлтүрүп кетишкен.
Андан мурда Казакстандын Кытай менен кесилишкен чек ара өтмөгүндө 14 чекарачы жана бир токойчу өлүтүрулгөн эле. Бул окуяны президент Наразбаев террордук акт деп мүзөндөгөн. Өткөн айдыны соңунда болсо, Алматы шаарында коопсуздук күчтөру жети террорчуну жок кылганын кабарлаганган.
Былтыр жыл соңундагы окуяда, Жанаозен калаасында полиция менен нааразылыкка чыккан мунайчылар кагылышып, расмий маалыматтар боюнча 16 киши мерт болгон эле.




