BBC navigation

Жаңы Орлеанда ок атуудан 19 адам жаракат алды

Соңку жаңыланышы: 13-май, 2013 - 05:23 GMT

Полиция маалыматына карганда жаракат алгандардын ичинен экөөсү 10 жаштагы балдар, жетөө аял.

АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы Энелер күнүнө карата өтүп жаткан салтанат учурунда ок атуу болуп 19 адам жаракат алды. Полиция маалыматына карганда жаракат алгандардын ичинен экөөсү 10 жаштагы балдар, жетөө аял. Окуяга күбө болгондор ок ар кандай түрдөгү куралдардан атылганын айтууда. Учурда бул окуянын себеби иликтенип жатат.

Полиция шектүүлөрдү аныктоо боюнча операция өткөрүүдө. Күбөлөр окуя болгон жерден курал көтөргөн үч адам чуркап качып баратканын көрүшкөнүн билдирген.

Бул кишилерди кармоого жардамдашкандарга полиция 2,5 доллар сыйлык убадалады. ФБРдин өкүлү Мэри Бет Роумиг, «Бизде муну теракт деп божомолдогонго негиз жок. Бул көчө зомбулугу болду” деп айтты.

Ок атышуу болжолу саат 14.00 чамасында эл жыйылган айрылыш көчөлөрдүн биринде болгон. Ал жерде 200дөн кем эмес адам чогулуп турган эле дейт күбөлөр.

Би-би-синин Жаңы Орлеандагы кабарчысы Жейн Литтл, окуя шаардын эң жакыр райондорунун биринде болгонун билдирди. «Катрина” ураганынан кийин азырга чейин калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан эле дейт ал.

Буга окшогон окуя февралда дагы болуп, карнавал учурунда ок атылган. Анда төрт адам октон жаракат алган эле.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.