You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусияда президенттик шайлоодо шумдук бурмалоо болгонун матанализ көрсөттү
Наталья Зотова, Би-Би-Си
Орусиядагы ар бир шайлоодон кийин шайлоо аналитиктери шайлоочулардын катышуусу жана добуштарды бөлүштүрүү боюнча маалыматтардан аномалияларды издешет, анткени алдамчылыкты математикалык жактан далилдесе болот. Бул жолу шайлоо участкаларынан алынган маалыматтарды талдоо болуп көрбөгөндөй бурмалоонун белгилерин көрсөттү.
Аял шайлоо участогуна араң басып кирди. Анын колунда бюллетендер салынган оор баштык бар. Урнанын алдында тизелеп туруп ал бюллетендерди уячага салууда. Урнанын ичиндеги үйүлгөн кагазды түздөө үчүн жана бурмалоо анча байкалбасы үчүн, аял урнаны кучактап, ичтин булчуңдарын бекемдеген көнүгүү жасап жаткансып, чалкасынан жатып алат. Милиционер эмне болуп жатканын көргөнү менен кийлигишкендин ордуна артын буруп, басып кетет.
Санкт-Петербургда шайлоо учаскасындагы бул окуя камерага түшүп калган - эгер бийлик 2012-жылдан бери болуп келген видеокөзөмөлдү коомчулукка ачык калтырса, мындай видеолор дагы көп болушу мүмкүн эле.
«Голос» президенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөнүн, анын айынан чыныгы эрк билдирилбегенин билдирди. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы буга макул эмес. Элла Памфилова шайлоодон кийин журналисттерге: «Бизде эч кандай дооматтар же мыйзам бузуулар жок" деп билдирди.
Байкоочулар бардык мыйзам бузууларды каттай алышкан жок, аларга бул шайлоого катышууга уруксат берилген эмес. Бирок бул жерде математика жардамга келип, көп сандагы бурмалоолорду аныктоого мүмкүндүк бере алат.
Добуштарды бөлүштүрүү — баары талапка жооп бербейт
2010-жылдардын башында физик Сергей Шпилкин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жарыяланган шайлоо участокторунун ачык маалыматтарынын негизинде таза добуштардын көлөмүн бурмаланган добуштардан бөлүү ыкмасын сунуштаган. Ал добуш берүүнүн жыйынтыктарын Гаусс ийри сызыгы же нормалдуу бөлүштүрүү менен салыштырды - бул таза добуш берүүдөгү кокус процесстерге мүнөздүү.
УШКлардын эки өлчөмдүү диаграммасында шайлоочулардын катышуусу жана талапкерлердин жыйынтыктары бир симметриялуу, тегерек так болушу керек. 2024-жылдагы шайлоо — иш жүзүндө добуштардын нормалдуу бөлүштүрүлүшү эффективдүү өчүрүлгөн биринчи шайлоо. Фальсификациянын натыйжасында шайлоочулардын катышуусу менен өкмөттүн талапкерине добуштардын акыркы пайызы бир эле убакта көбөйөт. Эгерде биз шайлоочулардын катышуусун бир огу боюнча, ал эми Путиндин пайызын экинчи огу боюнча уланта берсек, анда тактын ордуна “кометанын куйругу” пайда болот.
«Новая газета Europe» эсептеп чыккан акыркы президенттик шайлоодо Орусиянын 41 аймагында «чынчыл» добуш берүү дээрлик же таптакыр болбоду. Дагы беш аймакта Владимир Путинге добуштардын үчтөн биринен көбүрөөгү берилген, бул алардын анализинен көрүнүп турат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 2018-жылы Орусиядагы шайлоону Гаусс ийри сызыгы менен баалоого каршы чыгып, бул ыкма добуш берүүгө такыр ылайыктуу эмес деп табышкан. Элла Памфилова Европадагы шайлоолор да мындай сыноодон өтпөйт деп ырастады. Бирок, Медузанын журналисттери (Орусия Федерациясында “чет элдик агент” катары таанылган) ошол эле ыкма менен Германия менен Франциядагы шайлоону талдап чыгышканда, Гаусс ийри сызыгы ал жакта абдан натыйжалуу болуп чыкты.

Чуровдун араасы чүткөргө айланды
2011-жылы Думага болгон шайлоодо добуштарды бурмалоого кыжырдангандар Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол кездеги жетекчисинин ысымын бурмалоого байланыштырып “Чуровдун араасы” деп тамашалашкан. Кадимки бөлүштүрүлгөн шайлоодо талапкердин добуштарынын ийри сызыгы коңгуроого окшош. Графиктеги добуштар менен добуш берүүнүн активдүүлүгү араа тиштерине окшоп, миздүү учтарында тез-тез пайда болуп жатты, анткени жыйынтык чыгарганда, пайыздын ондон жана жүздөн бир бөлүгүн эмес, жуп санды көрсөтүү жеңил. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мынчалык "жагымдуу" натыйжалар өз алдынча болушу мүмкүн эмес.
Шайлоо боюнча талдоочу Иван Шукшин азыркы шайлоолор боюнча маалыматтарды, анын ичинде Шпилкиндин ыкмасын колдонуп: «Араа чүткөргө айланып кетти», - деп белгилейт. Бул жолу аномалдык чокулар 2018-жылдагы маалыматтарга караганда алда канча чоң жана байкаларлык: 2024-жылы коңгуроо формасынан жарытарлык эч нерсе калбады.
Канчаны салдыңыз?
"Кагаз бюллетендери менен добуш бергенде, Путин үчүн аномалдуу добуштардын саны 22 миллионду түзөт" - деп эсептейт Шукшин өзүнүн анализине таянып.
Талдоо электрондук добуш берүүнү камтыбайт: ДЭГ баа берүү үчүн таптакыр бүдөмүк, ошондой эле ДЭГ аркылуу добуш берүү көп жагынан эркин болбогону белгилүү: дал ошол жерде бюджеттик кызматкерлер “сүрмө топко” айланышат.
Башка талапкерлердин да жыйынтыгы өзгөрдүбү?
“Жаңы элдин” талапкери Владислав Даванковдун жыйынтыгы анча бааланган жок дешет серепчилер: бийлик менен макул болбогондор нааразылык добуш берүү үчүн тандап алган бул талапкер атайылап үчүнчү орунга калтырылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан алынган маалыматтарга караганда, шайлоочулардын реалдуу катышуусу менен өткөн шайлоо участкаларында Даванков Леонид Слуцкий (ЛДПР) менен Николай Харитоновдон (Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы) алдыга озуп, экинчи орунда экени белгилүү болду. Ал эми шайлоочулардын 80% катышты делген "жалган" аймакта ал коммунисттен да төмөн көрсөткүчкө ээ.
"75 пайыздык катышууга чейин анын ийри сызыгы башкалардан болжол менен эки эсе жогору болгон, бул анын жыйынтыгы, ал орусиялыктардын 11%га жакынынын добушун алган", - деп жазат талдоочу Иван Шукшин.
Бурмалоолор каерде күчтүүрөөк?
Көз карандысыз байкоочулар Оруоиянын картасында шайлоонун жыйынтыктары салттуу түрдө “чыгарылган” “шайлоо султанаттарын” жана шайлоо маданияты жогоркудан өзгөчөлөнгөн аймактарды – байкоочулардын кыймылы күчтүү жана добуштарды чынчыл санагысы келген адамдардын УШКларга кирген аймактарды белгилеп алышкан.
Бул шайлоолордо добуштар салыштырмалуу таза саналган аймактар алда канча азыраак. “Новая газета ”Путинге 10%дан аз добуш алган 13 аймакты аныктады. «Мурунку 2018-жылдагы президенттик шайлоодо «чынчыл» аймактар үч эсеге (41), 2000-жылы 4 эсеге (59) көп болгон», - деп эсептешет журналисттер.
Математикалык ыкмалар бардык бурмалоолорду эсепке алуу үчүн ылайыктуу эмес. Маселен, бул талдоо жумушта жетекчилер “керектүү адамга” добуш берүүгө мажбурланганын көрсөтпөйт. Ал ошондой эле кичине болсо да, оппозициянын талапкерин шайлоого катыштырбай койгонун эске албайт. (МА_