Херсондогу балдар ооруканасы аткылоого кабылды, жаракат алгандар бар

Сүрөттүн булагы, t.me/phogovua
Шаршемби күнү эртең менен Орусия аскерлери Херсондун Днепр районуна сокку уруп, кесепетинен медициналык мекемеге олуттуу зыян келтирди. Бул тууралуу аймактык аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди.
"Жарадар болгондордун арасында үч кызматкер жана бир бала бар. Тогуз жашар кыз мина жарылуусунан жаракат алып, бутуна чачырандылар тийди. Медицина кызматкерлери соккудан ар кандай оордуктагы жаракат алды", - деп жазган ал Telegram баракчасына.
Херсон облусунун прокуратурасы маалыматка тактоо киргизип, аткылоого балдар ооруканасы туш болгонун жана жабыркагандардын саны көбүрөөк экенин кабарлады.
"Алдын ала маалыматтар боюнча аткылоонун кесепетинен, тогуз адам, анын ичинде төрт бала жана үч медициналык кызматкер жаракат алды", - деп айтылат билдирүүдө.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, оорукананын имараты олуттуу жабыркаган, жарылуу толкуну жакын жердеги имараттарга да зыян келтирген.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, саат 9:20да орус аскерлери Херсондогу балдар ооруканасына артиллериялык ок чыгарган. Ал учурда имаратта балдар, алардын ата-энелери жана медициналык кызматкерлер болгон.
Орус аскерлери Херсондогу мурдагы аткылоолор сыяктуу эле бул билдирүү боюнча да комментарий берген жок.
Шаар чындыгында фронт сызыгында жайгашкан, анткени Днепр дарыясы эки тарапты бөлүп турат.
Анын аркы жээги Орусиянын көзөмөлүндө, учурда эки тарап бири-бирин үзгүлтүксүз аткылоолор үчүн айыптап келет.



























