Эдил Байсалов: "Конфронтацияны токтоткула"

Published

Кубат Чекиров, Бишкек, Би-Би-Си

Кыргызстанда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жарандык уюмдарды конфронтациядан баш тартууга чакырып, мамлекетке сый-урмат кылганды билбеген, орой уюмдар менен кызматташтык болбой турганын билдирди. Бул сөзүн Эдил Байсалов Бишкекте бийлик, бизнес жана жарандык коомдун жалпы улуттук диалогунда сүйлөдү.

Эдил Байсалов жарандык уюмдардын дарегине бир топ эле ачуу сын жана мамлекет менен кызматташтыктын шарттары жөнүндө айтты. Мамлекет менен кызматташуудан мурда сый-урмат мамиле кылууга, конфронтациядан баш тартууга чакырды. Хайп издегендерди бейөкмөт уюмунун статусуна жамынбай, түз эле саясатка баргыла деди.

“Бир да өлкөдө сылыктыктын элементардык нормасын билбеген оройлор мамлекеттик иш чараларга катыша албайт. Алардын катына биз “Жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү” Мыйзамдын жалпы нормаларынын негизинде жооп беребиз. Бирок мамлекеттик органдарды жалган жалаа менен мазактаган коомдук уюмдар кызматташтыкка мындан кийин жакын жолотулбайт”,-деди Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ошондой эле жарандык уюмдардын аткарган ишинде сапаттуу аналитика жок экенин, коомдук талкууга жарыяланган мыйзам долбоорлорун талкуулаганга бейөкмөт уюмдар таптакыр катышпай келатканын, алардын риторикасы кур пикирлерге толтура экенин айтып сынга алды.

Бул айтылган сөздөр жарандык коомго карата мамлекеттик саясатта кандайдыр бир өзгөрүүлөргө алып келеби, анын артынан практикалык чаралар көрүлөбү, бул жагы анча түшүнүксүз. Бирок башка элдин, башка жердин гранттарына иштеген бейөкмөт уюмдар жөнүндө айткандары эки ача ойду туудурбайт.

“Эскертип койгум келет, эгемендиктин отузунчу жылында ар кандай тышкы күчтөр тарабынан, алыскы Америкабы же Жакынкы Чыгышпы, анын ортосубу же айланасыбы, биздин жарандык жана коомдук уюмдарды көзөмөлсүз каржылоону токтотуунун убактысы жетти. Кыргызда макал бар: "Жамандын үйүн коногу билет" деген. Коноктор эми бирөөлөрдү каалагандай бузуп-бурмалаган, тымызын башка бирөөлөргө каршы тукурган кырдаал эми болбойт. Бардык жергиликтүү бейөкмөт уюмдарды сырттан каржылоо мамлекеттик органдарга ачык жана көзөмөлдө болушу керек”.

Эдил Байсалов ошол эле учурда жарандык уюмдардын аткарган иштерин каржылоого мамлекет өзү мүмкүнчүлүккө жараша каражат бөлө турганын айта кетти.

Минкабдын төрагасынын орун басарынын сөзүн жарандык коом өкүлдөрү өз ара кызуу талкуулап жатышат. "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун мурдакы жетекчиси Азиза Абдрасулова Эдил Байсаловдун өзү мурда чоң бейөкмөт уюмдарды башкарып, ири суммада грант алып жүргөнүн эске салууда.

"Эдил өзү убагында ушундай жарандык коомдон чыккан, бейөкмөт уюмду жетектеп жүргөн. Биздикине окшогон болор-болбос грант алган уюмду эмес, миңдеген, жүздөгөн адамдар жүгүргөн, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын башын бириктирген чоң коалицияны башкарды. Эң чоң акчаны ошол коалиция алчу, мен билем, шайлоодо окутабыз деген максатта. Эдил иштеген коалицияда мен дагы иштеп, жийиркенип кетип калгам убагында. Сапырылган акчаны кармап жүргөн Эдил колунда. Азыр бейөкмөт уюмдар алган акчага отчет берсин дегени, өзү сапырып жүргөн акчаны биз алгандай элестетип атат окшойт. Балким, кандайдыр бир деңгээлде туура айтып аткандыр. Бизге караганда билими жогору, бизге караганда дүйнөнү көп кезди, элчи болду. Балким, анын түшүнгөнүн биз түшүнбөй аткандырбыз. Анын айтканын дагы анализдеп көрүшүбүз керек", - дейт Азиза Абдрасулова.

Кыргызстанда июнда кабыл алынган мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, бейөкмөт уюмдар жыл сайын финансылык отчет берип турууга милдеттүү болуп калды. Ал отчетто тапкан кирешеси жана мүлкү жөнүндө маалыматтар болушу керек. Отчет тапшырбаган уюмду жоюп таштоону талап кылып салык кызматы сотко кайрыла алат. 

Жарандык уюмдар өз кезегинде бул кадамды демократиядан чегинүү деп нааразы болду. ЖК депутаты Дастан Бекешов бул мыйзам донордук жардамдын кыскарышына, демек, жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келет деген эле. АКШ Кыргызстандын жетекчилигин бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырган болчу.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар ансыз деле статистика, салык жана башка органдарга отчет беришет. Ошондуктан жаңы талаптарды эксперттер басмырлоо катары кабыл алышууда. Эми бийлик бейөкмөт уюмдарга кысым көрсөтүп, аларга жакпаган бейөкмөт уюмдун ишинен кыйкым таап жоюп салганга чейин бара алат деп чочуп турган убагы.

"Эдике бейөкмөт уюмда өзү иштеди, бирок терең философиясына жетпегенин көрсөтүп койду. Бейөкмөт уюмдар демократиянын күзгүсү. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында жарандык коомдун өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп беребиз деген милдети бар. Бейөкмөт уюмдарга ыңгайлуу шарт түзүлүп берсе, анда мамлекет оңолот, эгерде мамлекет жарандык коомду көзгө илбей, өз билгенин жасаса, бул авторитаризмге алпарат. Демек, жабык коомго айланат. Жабык коомдорду биз билебиз, Түндүк Корея, Афганистан, биздин кошуналар, авторитардык мамлекеттер. Алардын эли жыргабайт, алардын саясий элитасы гана жыргайт. Ошондуктан анын айткандары туура эмес, бул ого бетер бейөкмөт уюмдарды жабууга, катуу көзөмөлгө алганга шарт түзөт",-деди "Перемена" фондусунун жетекчиси Алмаз Тажибай.

1997-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Юстиция министрлигинен катталган коомдук бирикмелердин саны беш миңден ашат. Коомдук фонддордун саны төрт миңден ашуун. Бейөкмөт уюмдар өзүнүн ишмердигин негизинен «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жүргүзөт.

Кыргызстан Борбордук Азияда бейөкмөт уюмдар көп жана активдүү иштеген өлкө болуп келди. Өлкөдө бийликтин үч жолку кулашында саясий оппозиция менен катар эле ушул бейөкмөт уюмдардын дагы ролу чоң болгон деген көз караш бар. Соңку убакта аларды ашкере саясатташып кетти, сырттан алган акчалары ачык-айкын эмес деп сынга алган, ишмердигин көзөмөлгө коюуну талап кылган талкуу күчөдү.

Бейөкмөт уюмдар өз кезегинде алган гранттары боюнча да, аткарган иштери боюнча да ачык-айкын иштөөгө умтулушарын, бул жагынан керек болсо мамлекеттик органдарды окутуп келатышканын жүйө кылууда.