You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Төлөйкан Исмаилова: бийлик, бизнес, жарандык коом элге көпүрө болушубуз керек
15-ноябрда Бишкекте "Жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки лидерлер: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР коомчулугунун шериктештиги" темасындагы жалпы улуттук диалог болот.
Жыйынга кыргыз президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун, Акыйкатчы институтунун жана профсоюздар федерациясынын жана шериктештик уюмдардын негизги өкүлдөрү чакырылды.
Бул форумду өткөрүп жаткан “Бир Дүйнө-КР” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Би-Би-Сиге курган маегинде алдыдагы форумда талкууланчу маселелерге токтолду.
Би-Би-Си: Жалпы улуттук диалогду өткөрүүнү жайында президент Садыр Жапаровго сиз сунуштаган элеңиз. Анда карала турган башкы маселелер кайсылар?
Т. Исмаилова: Туура, 12-июлда президентибизге кайрылганбыз. Кыргыз-тажик чек арасында болгон конфликтте 36 адам курман болду. Чек арада бул жылы кыркка жакын конфликт болду. Биз он алты айылды кыдырып, “Агрессия” деген даректүү фильм тарттык.
Чек арада болгон кайгылуу окуялардын убагында Кыргызстан кайта аткан жок, дүйнөлүк жана эл аралык уюмдарга кээ бир адвокаттар арыз жазды, бирок анын көп тепкичтери бар да. Ошол агрессияда жабыркаган адамдар ушул форумга келишет. Мисалы, дарыгерлер Стамбул протоколун билишпейт экен. Ошону тактап жаңы бийлик менен чогуу иштешебиз.
Мына, бизнес-инклюзив деп атабыз, жергиликтүү аялдарга да жетиш керек да бизнес деген. Европанын кайра куруу жана өнүктүрүу банкынын жакшы бизнес программасы бар, бирок жергиликтүү аялдар билбейт. Ошондуктан негизги максат локализация жасаш керек. Ушундай жакшы долбоорлор Бишкекте бар, Ошто бар, бирок жергиликтүү элге жетпейт. Бийлик, жарандык коом жана инклюзивдүү бизнес бул жагынан биринчи көпүрө болушу керек.
Эң негизги маселе – ички жана сырткы коопсуздук. Мына Афганистандагы кырдаалдын коркунучу да күчөп келатат. Аны дагы талкуулайбыз. Жергиликтүү элдин көз карашын угабыз.
Дагы бир маселе – гендердик дисбаланс. Жапаров мырза дагы жакында айтып кетти, Министрлер кабинетинде дисбаланс бар экенин, бирок башка тепкичтерге айымдарды жана жаштарды көбүрөөк тартабыз деп. Бул аябай жакшы жөрөлгө.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары да келип, өздөрүнүн тажрыйбасын бөлүшөт, алдыдагы шайлоого карата кеп-кеңештерин беришет. Азыр шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттери да болбой койбойт, муну дагы жергиликтүү активисттердин көзөмөлүнө койгонго аракет кылабыз.
Көптөгөн улуттук программалар иштебей келатат. Анткени, жергиликтүү эл билбейт аларды. Ак үйдө эле отуруп алып чечимдерди кабыл алган практика, мына отуз жыл көрсөттү, зыяндуу экенин. Ошон үчүн жергиликтүү элди дагы катыштырып, аларды угуш керек. Мындай платформаны жылда башка уюмдар менен да иштеп кеткенге аракет жасайбыз.
Би-Би-Си: Жазында чек арада кошуна өлкөдөн куралдуу топ ээн-жайкын басып кирип, кан төктү, кыргыз кыштактарын өрттөп, талап-тоноду. 38 адам курман болду. Эмне үчүн бул агрессияга жол берилди, эмне үчүн күч органдарында координация начар болду, даярдык жок болду, тийиштүү кызмат адамдары эмнеге жоопко тартылбайт деген толуп аткан суроо бар элде.
Т. Исмаилова: Чек арада барымтага алынып, фашисттик ыкма менен кыйноого алынган адамдар, Мадинанын тагдыры баарыбызды кайдыгер калтырбаш керек. Ошондо Мадинаны кошунасы киргизип койсо, аман калат болчу. Кошунасы киргизбей койгон. Ошондой кырдаал болгондо каякка чуркаганды элге үйрөтүшкөн эмес, коопсуздук эрежелери элге жеткен эмес. Жергиликтүү эл кайра ошол ок атып жаткан жерге чуркаган да. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала пландарды түзүп, даяр болушу керек эле. Ошондо биздин министрликтер кайда эле? Эл аралык уюмдардан алынган акчалар кайда? Ошону элдин оозу менен айтып, “Агрессия” деген фильм менен көрсөтөбүз.
Би-Би-Си: Бул диалог өлкөдө энергетикалык кризис башталган учурга туура келди. Элге көмүр жетпей, баасы асмандап, электр жарыгын колдонууга лимит киргизилип, кыжаалат маанай болуп турат. Ошондуктан форумда энергетикадагы бүгүнкү кейиштүү абал жөнүндө биринчи кезекте сөз болбой койбойт го.
Т. Исмаилова: Сөзсүз. Эл дагы түшүнүшү керек энергетика кимдин колунда экенин. Энергетиканы менчиктештирип, үй-бүлөлүк кландар, олигархтар алып алган. Парламенттик системага жамынып алып, факт жүзүндө үй-бүлөлүк кландык система бүт байлыкты басып алган. Биз алардан дароо кутула албайбыз, азыр акча дагы, кнопка дагы алардын колунда. Мындан кандайча чыгабыз деген маселени эл менен акылдашабыз жана жардам беребиз.
Маектешкен Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек