You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Израил менен “Хамас” тобу ок чыгарбоо келишимине жетишти
Газадагы палестиналык “Хамас” тобу менен Израилдин ортосундагы ок чыгарбоо келишими жергиликтүү убакыт менен түнкү саат экиде күчүнө кирди.
11 күнгө созулган жаңжалда Газада 232 жайкын тургун каза тапты, жүзгө чукулу жаш балдар менен аялдар. Израил болсо каза тапкандардын 150сү куралчан топтун мүчөлөрү экенин айтууда. “Хамас” тобу бул маалыматты четке кагып келет. Израилде 12 адам каза тапты, анын ичинде эки жаш бала.
Израилдин өкмөтү 11 күнгө созулган аскердик операциялары ийгиликтүү болгонун жарыялады. “Хамас” тобу дагы бул жаңжалда жеңишке жеткенин маалымдады.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш эки тараптын ок чыгарбоо келишимин колдоду. Эми Газага гуманитардык жардам жеткирүү аракеттери башталат.
Би-Би-Синин Газадагы кабарчысы Рушди Абуалуф ок чыгарбоо келишими күчүнө кирердин алдында, аскердик аракеттер күчөгөнүн билдирди.
“Ок чыгарбоонун алдында жаңжал күчөдү. Израил аба соккуларын улантып, палестиналык топтор ракеталарын учурду. Эки тарап тең акыркы окту атканын далилдегиси келди”,-деп айтты Рушди Абуалуф.
Соңку тирешүү Иерусалимдеги ыйык саналган Ал-Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр киргизилгендиктен жана соттун бир нече палестиналыкты үйүнөн чыгаруу чечиминен кийин чыкты. Буга жооп кылып палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ракета аткан.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму толук кандуу согуш тутанып кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Мындай масштабдагы тирешүү 2014-жылдан бери орун ала элек болчу. Анда Израилдин армиясы Газадан атылган ракеталарга жооп кылып, аймакта аскердик операция өткөргөн.