Афганистандагы кризис: Панжшерде жай тургундар Талибандын кол салуусунан каза болду

Published

Би-Би-Си бери эле дегенде 20 жөнөкөй тургун Афганистандын Панжшер өрөөнүндө өлтүрүлгөнүн аныктады. Алар Талибан менен каршылык көрсөткөн күчтөрдүн ортосундагы салгылашта каза болушкан.

Өрөөндө байланыш өчүп калып, маалымат берүү кыйын болууда. Бирок сабырдуулук көрсөтүүгө убада берген болсо да Талибан адамдарды өлтүргөнү боюнча Би-Би-Сиде далилдер бар.

Панжшердеги жолдун чаң баскан чети тартылган кадрда аскердик кийимчен бир эркек киши Талибан согушкерлердин курчоосунда турганын көрүүгө болот. Бирөө ок атканда ал жерге кулап түшөт.

Өлгөн киши аскер болгон-болбогону белгисиз. Анткени, аймакта аскердик кийимдерди кийүү кеңири колдонулган практика. Видеодо бир күбө каза болгон адам жай тургун болгонун айтат.

Би-Би-Си Панжшерде жок эле дегенде 20 киши каза болгонун аныктаган.

Курман болгондордун бири Абдул Сами аттуу киши болгон. Ал дүкөн иштеткен соодагер жана эки баланын атасы эле.

Жергиликтүү булактардын айтымында, ал киши Талибан келгенде “Мен болгону дүкөндүн кедей ээсимин жана согушка эч кандай тиешем жок” деп качып кетпей койгон.

Бирок ал кармалып, каршылык көрсөткөн жоокерлерге сим карта сатты деп күнөөлөнгөн. Бир нече күндөн кийин анын сөөгүн үйүнүн жанына таштап кетишкен. Анын сөөгүн көргөн күбөлөр кыйноо белгилери болгонун айтышкан.

Талибан өткөн айда бийликти басып алганда бир эле облус каршылык көрсөтүп туруп алган болчу.

Панжшер өрөөнү көптөн бери Афганистандагы каршылык көрсөткөн кыймылдын борбору болуп келатат. Каршылык көрсөткөндөрдүн аскер башчысы Ахмад Шах Массуддун жетекчилиги астында аталган аймак советтик күчтөргө да, Талибанга да каршы туруштук берген. Тоо кыркалары өрөөндү курчап, аймакты басып алууну оорлоштуруп турат.

Массуддун уулу Ахмад дагы талибдер Афганистандын бийлигин басып алганда экинчи жолу каршылык көрсөткөн фронтту жетектеп жатат. Бирок өткөн айда талибдер жеңишке жеткенин жарыялап, согушкерлер туу көтөрүп жатканы тартылган видеолорду чыгарышкан.

Каршылык көрсөткөн күчтөр согушту улантарын айтып, Ахмад Массуд Талибанга каршы “улуттук көтөрүлүшкө” чыгууга чакырды.

Учурда адамдардын көңүлү эми эмне болот экен деп Панжшерге бурулуп турган чагы.

Талибан өрөөнгө кирип барганда тургундарды жашоосун кадимкидей эле уланта беришин айткан.

“Алар сыртка чыгып, күнүмдүк иштерин жасай бериши керек”, - деген талибдердин өкүлү Малави Абдулла Рахамани.

“Эгер алар дүкөн иштетсе, алар дүкөндөрүнө бара беришсин. Алар фермер болсо, фермаларына бара беришсин. Биз аларды, алардын жашоосун жана үй-бүлөсүн коргоо үчүн келдик”.

Бирок анын ордуна жеринен тартылган видеодо мурда адамдар көп жүргөн базарлар кароосуз калганын көрүүгө болот. Адамдар качууга аракет кылышып, өрөөндөгү бийик чокулардан бери транспорттук каражаттардын узун тыгыны пайда болгон.

Азык-түлүк жана дары-дармектердин жетишсиздиги боюнча эскертүүлөр берилген.

Талибан жай тургундарды бутага алганын четке какты. Бирок хазар азчылыгынын өкүлдөрүн тукум-курут кылганы жана полицияда иштеген аял кызматкердин өлтүрүлгөнү боюнча маалыматтардан кийин бул өзүнчө бир белги болуп калды. Талибандын өч албоо боюнча убадалары менен иш жүзүндө эмне болуп жатканы дал келбей жатат.

“Мындай маалыматтар өзүнчө бир белгилерге айланды. Биз Афганистан боюнча аларды документтештирип койдук”, - деди Human Rights Watch уюмунан Патрисия Гроссман.

“Талибан июль жана август айларында Кабулду көздөй багыт алганда бизде ушундай эле маалыматтар болгон. Коопсуздук кызматынын, мамлекеттик мекемелердин мурдагы кызматкерлерин жана жарандарды өч алуу максатында өлтүргөнү боюнча маалыматтарды документтештиргенбиз. Азыр дагы ошондой эле белгилер болуп жатат”. (EA)