You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Венгриянын парламенти жаңы президентти шайлады. Талапкер бирөө гана болду
Венгриянын депутаттары 11-августта мурдагы премьер-министр Виктор Орбандын тушунда кызматтан алынган Жогорку соттун экс-төрагасы Андраш Баканы мамлекет башчысы кылып шайлашты.
Бул кызмат июль айында бошогон. Анда өлкөнүн жаңы премьер-министри Петер Мадьяр Орбандын өнөктөшү болгон мурдагы президентти кызматтан кетирген. Мадьяр мурдагы өкмөт башчысынын мамлекеттик институттарда сакталып калган таасирин азайтууга аракет кылууда.
Мадьярдын бийликтеги "Тиса" партиясы 11-августта президенттикке Европанын адам укуктары боюнча сотунда 17 жыл судья болуп иштеген Баканы талапкер кылып көрсөткөн. Венгрияда президент негизинен өкүлчүлүк милдеттерди аткарат. Бирок Андраш Бака кызыктуу тандоо болуп саналат. Анын президенттик мөөнөтү эки жылдан беш жылга чейин созулуп, Венгрияда жаңы Конституция кабыл алынганга чейин уланат. Би-Би-Синин кабарчысы Ник Торптун белгилешинче, бул мезгил окуяларга бай болушу күтүлүүдө.
Мадьяр Баканы "демократиялык укуктук тартипке жана конституциялык принциптерге берилгендиктин үлгүсү" деп атап, өлкө "мыйзам үстөмдүгү жана конституциялык башкаруу жолуна кайтышы керектигин" айтты.
"Тиса" партиясы парламентте 73 жаштагы Баканы биринчи турда оппозициянын колдоосусуз эле шайлоо үчүн зарыл болгон үчтөн эки көпчүлүккө ээ.
"Системаны өзгөртүү"
Мурдагы президент Тамаш Шуйоктун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Мадьяр сунуштаган реформалардын алкагында кабыл алынган Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин кыскартылган.
Мадьярдын партиясы апрель айындагы шайлоодо жеңишке жетип, Виктор Орбандын 16 жылдык башкаруусуна чекит коюп, "системаны өзгөртүүгө" убада берген.
Бирок укук коргоочу уюмдар Шуйоктун кызматтан алынышын сынга алып, бул кадамдарды Орбандын "либералдык эмес" деп атаган системасын курууда колдонгон ыкмаларына салыштырышкан.
Орбандын "Фидес" партиясы союздашы KDNP менен бирге парламенттеги добуш берүүгө бойкот жарыялай турганын билдирип, Шуйокту кызматтан алуу "тираниялык" жана "мыйзамсыз" болгонун айткан.
Бака өзү Шуйоктун кызматтан алынышын сынга алган эмес. Бул анын өзү да ушуга окшош мыйзамдык актынын негизинде кызматтан алынганына карабастан болду.
"Мыйзам үстөмдүгү орногон өлкөдө мындай өзгөчө чаралар колдонулбашы керек. Бирок Орбандын тушунда Венгрия басып алынган мамлекетке айланды", — деген ал июль айында AFP агенттигине.
Президент сыяктуу мамлекеттик кызмат адамдары "өкмөттүн бийлигин чектөө үчүн эмес, шайлоодогу жеңилүүдөн кийин да мурдагы системанын саясий жактан сакталып калышын камсыз кылуу үчүн дайындалып келген", — деп кошумчалаган Бака.
"Баканы президенттик кызматка дайындоо "либералдык демократияны калыбына келтирүү так белгиленген жол менен ишке ашарына кепилдик берет", — деди Адилеттүү саясий анализ борборунун өкүлү Зига Булчу AFP агенттигине.
1990-жылы демократияга өткөндөн кийин консервативдүү Венгриянын демократиялык форумунун (MDF) партиялык тизмеси менен депутат болуп шайланып, кыска убакыт иштегенин эске албаганда, Бака башка саясий кызматтарды ээлеген эмес.
Ал 1991-жылдан 2008-жылга чейин Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотунда судья болуп иштеген.
2009-жылы Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Бирок 2012-жылы Орбан өкмөтүнүн судьялардын милдеттүү пенсияга чыгуу жашын 70 жаштан 62 жашка чейин төмөндөтүү демилгесин сындагандан кийин кызматтан алынган. Ал бул кадамды "сот системасын тазалоо" деп атаган.
Европа Биримдиги да, АКШ да пенсия курагын төмөндөтүүнү мыйзамсыз деп атаган. Ал эми 2016-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту Баканы кызматтан алуу анын сөз эркиндигине болгон укугун бузган деген чечим чыгарган.
Июль айында Мадьяр белгилүү шахматчы Юдит Полгардын талапкерлигин президенттик кызматка сунуштаган, бирок премьер-министр коомчулук менен кеңешем деген убадасына карабастан, бул маселеде коомдук талкуу өткөрбөгөнү үчүн катуу сынга алынгандан кийин Полгар талапкер болуудан баш тарткан.
Мадьяр жаңы президенттин ыйгарым укуктары толук мөөнөткө созулбай турганын, Орбан доорундагы Баш мыйзамды жарандардын кеңири катышуусунун негизинде иштелип чыккан жаңы Конституция менен алмаштыруу процесси аяктаганга чейин гана кызмат өтөй турганын айтты.
Мадьярдын эсебинде, Конституцияны кайра иштеп чыгуу бир же бир жарым жылга созулат. Ал бул маселе боюнча кеңешүүлөрдү сентябрь айында баштоого убада берген.