Трамп Орусияга каршы санкция киргизген жок. Анын жаңы коркутууларына ишенүүгө болобу?

Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-Би-Си
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Дональд Трамп соңку бир нече айдан бери Кремлди жаңы санкциялар менен коркутуп келет. Анын айткандарына ишенсек, Владимир Путин Украинага каршы агрессиясын токтотпосо, Москвага олуттуу чаралар көрүлмөк. Бирок ультиматумдардын мөөнөтү аяктап, улам артка жылдырылганы менен абал өзгөрүлгөн жок: Трамптын бийлиги өкүм сүрүп жатканына алты ай болгонуна карабастан, АКШ Орусияга бир да жаңы санкция киргизе элек. Ошондуктан анын опузасына ишенүүгө болобу деген суроо жаралууда.

Жакында Трамп Путинге дагы "бир нече жума" убакыт берип, эгер тынчтыкка карай жылыш болбосо, "өтө маанилүү чечим кабыл алам" деп эскертти.

"Биз эмне кыларыбызды мен чечем. Ири санкция салалыбы же тариф киргизелиби деген абдан олуттуу чечим кабыл алабыз. Балким экөөнү тең ишке ашырабыз. Же болбосо эч нерсе кылбай, өзүңөр чечкиле деп коёбуз", — деди Трамп.

Эксперттердин баамында, азырынча экинчи вариант көбүрөөк ишке ашчудай көрүнүп турат. Себеби Трамп акырындык менен Орусияга жумшак мамиле кыла баштады: Путинди жылуу кабыл алды, андан кийин ок атышууну токтотууну талап кылганды унутта калтырды.

Ак үй санкциялар, тескерисинче, тынчтык жараянына тоскоол болуп жатат деп түшүндүрүүгө ашыкты.

Украинадагы согуш үчүн Трамп киргизген жалгыз санкция Индияга каршы багытталган: бул өлкө орус мунайын сатып алганы үчүн жазаланууда. Бирок эксперттер муну да Москвага кысым эмес, Нью-Дели менен соода сүйлөшүүлөрүндө артыкчылык алуунун амалы катары баалашты.

Трамптын Индияга каршы кошумча бажы төлөмдөрү 27-августта күчүнө кирет. Теория жүзүндө бул чара Индияны Орусиядан мунай сатып алуудан баш тартууга түрткү бериши мүмкүн.

Адистердин баамында, иш жүзүндө Дели Москванын негизги кардарларынын бири бойдон кала берет. Алардын айтымында, Трамп жакын арада бул төлөмдөрдү да жокко чыгарышы ыктымал. Анын менен кошо анын экинчи президенттик мөөнөтүндө кабыл алынган Кремлге каршы жалгыз санкция да жокко чыгарылышы мүмкүн.

"Трамп айрым учурларда Орусияга нааразы экенин билдиргени менен, Москвага согушту токтотууга мажбурлай турган эч кандай чара көргөн жок. Бүт кысым Украинага багытталды. Орусияга санкция киргизүү тууралуу айтылган опуза болсо ишке ашпай калды", — дейт Лондондогу Кинг колледжинин Орусия боюнча эксперти Рут Дейермонд.

Эмне үчүн АКШ жаңы санкция киргизбей жатат?

Рут Дейермонд АКШ Конгрессинде Трампка "кыйратуучу санкцияларды" киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору даярдалып, бирок ал кагаз бетинде эле калганын эске салат. Себеби Ак үй "жаңы мыйзамсыз эле дүйнөдөгү эң ири экономика болгон Америка өзүнүн бүт санкциялык күчүн Орусияга колдонууга даяр" деген жүйө келтирген.

"Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Ал эми Трампты жаңы санкциялардын так датасын атоого көндүрүшкөндө, ошол күнү ал санкциянын ордуна Путинди Аляскага чакырганын жарыялады", — дейт Дейермонд.

Путин менен Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

Саммиттен кийин Ак үй санкциялар маселеси күн тартибинен алынып салынганын жарыялады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио CBS телеканалына курган маегинде: "Эгер тынчтык мүмкүн болбой, согуш уланса жана миңдеген адамдар курман боло берсе, президенттин жаңы санкция киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, эгер азыр санкция киргизсек, сүйлөшүүлөр ошону менен токтойт. Натыйжада жок дегенде бир жыл же бир жарым жылга созулган согуш, өлүм жана кыйроо уланат. Тилекке каршы, иш ушундай аякташы мүмкүн, бирок биз муну каалабайбыз", — деген.

Анда Ак үй эмнени каалайт?

Рут Дейермонддун пикиринде, Трамптын негизги максаты Украинадагы согушту токтотуу эмес, Орусия менен мамилени жандандыруу.

Трамптын колунан эмне келет?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эгер Трамп күтүлбөгөн жерден оюн өзгөртүп, Путинди жазалоону чечсе, анда анын кандай санкциялык мүмкүнчүлүктөрү бар?

Эң башкы колдонула элек көзүр — Орусиянын валюталык резервдериндеги тоңдурулган 300 миллиард долларды конфискациялоо. Бирок бул акчалар Европанын колунда. Анткени Путин согуш баштала электе эле аларды ал кезде душман деп эсептелген Америкадан чыгарып, Европага жайгаштырган.

Ошондуктан Трамптын колунда калган бирден бир күчтүү курал — Орусиядан энергия ресурстарын сатып алгандарга каршы экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү.

Мунай жана газ экспорту Кремлге согушту каржылоого мүмкүнчүлүк берип жатат. АКШ буга чейин толук эмбарго киргизген, ал эми Европа жарым-жартылай гана чектөө койгон. Ошентсе да Москва экспорттун тизгинин Кытай менен Индияга буруп, ошондой эле Европага, айрыкча Венгрия жана Словакия сыяктуу Путинге лоялдуу мамлекеттерге да аз көлөмдө мунай жана газ сатып жатат.

Трамп 27-августтан тартып АКШда индиялык товарлардын кошумча 25% бажы төлөмү алынарын жарыялады. Бул чара Индия Орусиядан мунай сатып алууну токтотпосо, күчүнө кирмекчи.

"Бул жарыядан кийин дароо Путин Трамптын атайын өкүлү менен жолугушууну суранды. Кокустанбы? Мен буга ишенбейм", — дейт Колумбия университетинин Дүйнөлүк энергетика саясаты борборунун орус энергетикасы боюнча эксперти Татьяна Митрова.

Индия мунайдын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан алат жана андан өндүрүлгөн бензин жана дизелдик отунду биринчи кезекте Европага сатып, жакшы киреше табат. Америкалыктар орус мунайына баа чегин киргизүү аркылуу Орусиянын кирешесин азайткысы келген. Эми алар бул үчүн Индияны жазалайбыз деп коркутуп жатышат

Сүрөттүн булагы, Bloomberg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия мунайдын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан алат жана андан өндүрүлгөн бензин жана дизелдик отунду биринчи кезекте Европага сатып, жакшы киреше табат. Америкалыктар орус мунайына баа чегин киргизүү аркылуу Орусиянын кирешесин азайткысы келген. Эми алар бул үчүн Индияны жазалайбыз деп коркутуп жатышат

"Бул чечүүчү учур жана чындыгында талуу маселе. Менин пикиримде, Индиянын мунай картасы өз ролун ойноду", — дейт Татьяна Митрова.

Мунай баасынын төмөндөшү менен Орусиянын кирешеси буга чейин эле азайган. Демек, Кытайдан кийинки экинчи ири сатып алуучу болгон Индиядан ажыроо Кремль үчүн оор жоготуу болуп эсептелет.

Индия кайрадан таасирдүү роль ойнойбу?

Путинди сүйлөшүүгө чакыруу менен иш бүтпөйт, башкысы аны согушту токтотууга көндүрүү.

Татьяна Митрованын Колумбия университетиндеги кесиптеши, америкалык санкциялар боюнча эксперт Ричард Нефьюнун айтымында, Трамптын опузасы ишке ашары белгисиз.

"Эң ыктымал сценарий — тарифтер күчүнө кирбейт, эгер кирсе да көпкө созулбайт, Трамп аларды бир-эки жума ичинде токтотот", — дейт Нефью.

Орусия, мунай жана согуш бул тарифтер үчүн жөн эле шылтоо болгон, - дейт АКШнын Соода министрлигинин мурдагы кызматкери, азыр CSIS аналитикалык борборунун эксперти Билл Рейнш. Айтымында, чыныгы себеп — Индия менен Трамптын соода сүйлөшүүлөрүндөгү келишпестиги.

CSIS изилдөө борборунун эксперти, мурда АКШнын Мамлекеттик департаментинде экономист болуп иштеген Филип Лак АКШнын Индияга каршы үч дооматы бар экени айтат.

Биринчиден, Индия америкалык товарлардын импортуна жогорку бажы төлөмдөрүн киргизген. Экинчиден, ал өз рыногун америкалык айыл чарба продукциясына ача элек. Үчүнчүдөн, Орусиядан мунай сатып алып жатат.

Ошондуктан АКШ Путинди согушту токтотууга мажбурлоо үчүн Индияга бажы төлөмдөрүн киргизип жатат деген кеп күмөн туудурбай койбойт.

"Эгер соода сүйлөшүүлөрүндөгү башка көйгөйлөр чечилсе, Орусия мунайы боюнча маселе өз маанисин жоготушу мүмкүн. Эгер негизги максат чындап эле Орусияга зыян келтирүү жана анын мунайын базардан четтетүү болсо, анда муну жасоонун жеңил жана башка ыкмалары да бар эле", — дейт ал.

Татьяна Митрованын баамында, эгер Индия бир заматта Орусиядан мунай сатып алууну токтотсо, дүйнөлүк мунай баасы болжол менен 1,5 эсеге же бир баррели 30 долларга өсүшү мүмкүн.

Кытай мындай көлөмдөгү мунайды сатып албайт. Ал эми башка сатып алуучулар Трамптын каарынан коркушат.

Трамп америкалыктар үчүн бензиндин баасын төмөндөтүүнү убада кылганын эске алганда, мунайдын наркынын жогорулашы Ак үйдүн кызыкчылыгына да туура келбейт.

Мындан тышкары Индия канчалык маанилүү болсо да, Орусия мунайынын башкы сатып алуучусу эмес. Кремлдин негизги өнөктөшү — Кытай. Ал эми Трамп Си Цзиньпин менен мамиленин мындан да начарлоосун каалабайт. Учурда АКШ менен Кытайдын соода согушунда убактылуу тыным бар.

Трамп менен Си Цзиньпин октябрдын аягында Малайзиядагы АСЕАН саммитинде жолугары күтүлүп жатат.

Басым жасай турган курал аз

Америкалык санкциялар боюнча эксперт Ричард Нефью эгер Трамп Орусиянын энергия ресурстарын сатып алуучуларга каршы экинчи даражадагы санкцияларды киргизбесе, анда Путинге басым жасоочу куралдар чектелүү экенин белгилейт.

Аляскадагы жолугушуудан кийин Трамп Путинден Украинада ок атышууну токтотууну талап кылбай калды, Ак үй санкциялардын пайдасыздыгы тууралуу айта башташты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аляскадагы жолугушуудан кийин Трамп Путинден Украинада ок атышууну токтотууну талап кылбай калды, Ак үй санкциялардын пайдасыздыгы тууралуу айта башташты

"Акырында санкциялар Орусияны согушту токтотууга мажбурлоо үчүн натыйжалуу курал болуп жататбы деген суроо туулат. Эгер мунай жана энергия ресурстарынын экспорту болбосо, Орусиянын стратегиясын өзгөртүүгө жөндөмдүү башка куралдарыбыз барбы?" — дейт Ричард Нефью.

Нефьюнун айтымында, Трам жеке өзүм Путин менен жолугам жана согуш токтойт деп ойлогон. Бирок баары күтүлгөндөй болгон жок, эми эмне кыларын так билбейт.

CSIS изилдөө борборунун эксперти Билл Райнш болсо Путин согушту улантып, Украинанын капитуляциясын күтүп жатканын айтат.

"Орусия менен байланышкан бул окуяда мени бир нерсе таң калтырат. Путин тынчтыкка эмес, жеңишке умтулуп жатканын түшүнүү үчүн Трамп ушунча убактысын короттубу? Бул көпчүлүк үчүн мурда эле белгилүү болчу. Акырында муну өзү да түшүндү окшойт", — дейт Райнш.

Бирок убакыт өтүп кетти. Анткени санкциялар "мышык-чычкан оюну", дейт Райнш. Америка алты айга тыныгуу алган маалда, Орусия чектөөлөрдү буйтап өтүүнүн жолдорун иштеп чыкты. АКШ чара көрбөсө, барган сайын колдонулуп жаткан санкциялардын натыйжалуулугу төмөндөйт.

"Сен кандай кадам жасасаң да аларга жооп болот. Алар санкцияларды айланып өтүүнүн жолун табат. Ошондуктан бул дайыма мышык-чычкан оюну, жана биз дайыма сак болушубуз керек", — дейт Райнш.