Жо Байден менен Владимир Путиндин жолугушуу алдындагы сөздөрү

Published

Байден Путин тууралуу

16-июнда АКШнын президенти Жо Байден менен РФ президенти Владимир Путиндин Женева шаарында жолугушат.

НАТОнун Бельгиядагы саммитинде сүйлөп жатып, Байден мырза Путин менен буга чейинки жолукканын айтып, орус лидери "жөндөмдүү, кыйын... татыктуу атаандаш" болгонун айтты.

“Биз Оруссия менен конфликт издеген жокпуз. Мен Президент Путинге кызматташуу мүмкүн болгон чөйрөлөр бар экенин, кааласа биз кызматташууга даяр экенибизди, каалабаса жана өзүн мурдагыдай эле алып жүрсө, биз ага жооп берерибизди так билдирдим. Кызматташуу мүмкүн болбогон жерлерде кызык сызыктар бар. Аларды өткөнгө болбойт”, – деди президент Жо Байден журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Журналисттер Байденден Путинди “киши өлтүргүч” – деп атаганын Путин күлкүгө чыгарганына кандай карарын дагы сурашты. Байден Путиндин күлкүсүнө күлкү менен жооп берди.

Путин Байден жөнүндө

Президент Путин Эн-би-сиге берген чоң маегинде Америка менен болгон мамилерине токтолуп, Жо Байдендин аны “киши өлтүргүч” атаганына “биздин киши өлтүргөн адатыбыз жок” – деп жооп берди.

“Навальный түрмөдөн эсен чыгарына кепилдик бере аласызбы” деген суроого Путин мырза Оруссияда камактагы кишинин коопсуздугун түрмөнүн администрациясы камсыздай тургандыгын, бул президенттин иши эмес экенин билдирди.

Ошондой эле Путин мырза Оруссия АКШга каршы кибер согуш жүргүзүп жатат деген айыптоолор негиз деп баа берди.

Путин АКШнын азыркы президентин Трамп менен салыштырып, мындай баа берди:

 “Албетте, Президент Байден Трампттан кардиналдуу айырмаланат. Анткени ал адис саясатчы, өмүр бою саясатта жүрөт. Бул башка киши. Учурдагы президент капыс кыймылдарга барбайт, мунун дагы жакшы жана жаман жактары бар, баарлашуу эрежелер чегинде өтөт, кандайдыр бир макулдашууларга жетебиз, жалпы чекиттерди таба алабыз деп бекем ишенем”.

Тектеш макалалар