"Команда тез арада сүйлөшүүлөрдү баштайт": Трамп Путин жана Зеленскийге телефон чалды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дональд Трамп Орусиянын президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. АКШ президентинин сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо боюнча макулдашуу болду. Кремль бул сүйлөшүү бир жарым саатка созулганын жана эки өлкөнүн лидерлери жеке жолугушуу уюштурууну макулдашканын билдирди. Трамптын айтканына караганда, сүйлөшүү абдан жемиштүү болду. Ал Путин менен сүйлөшкөн соң дароо эле Украинанын президенти Володимир Зеленскийге телефон чалды.
Сүйлөшүү тууралуу биринчилерден болуп Трамп жарыялады.
"Мен жаңы эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен узак жана абдан натыйжалуу сүйлөштүм",- деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына.
Путиндин пресс-секретары Дмитрий Песков мындай сүйлөшүү болгонун тастыктады. Ал дээрлик бир жарым саатка созулду.
Трамптын айткандарына караганда, эки өлкөнүн лидерлери Украина, Жакынкы Чыгыш, энергетика, жасалма акыл, доллардын күчү жана башка темаларда сүйлөшкөн. Песков түрмөдөгүлөрдү алмашуу, Ирандын өзөктүк программасы жана АКШ менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты талкуулаганын айтты.
"Бирок биз биринчи кезекте Орусия менен Украинанын согушундагы миллиондогон өлүмдү токтотууну макулдаштык",- деп жазды Трамп. Алар эки президенттин командалары согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо тууралуу бир пикирге келген.
Трамптын Украина менен тынчтыкка келүү жөнүндө айткандарына Путин жооп кылып, "конфликттин эң негизги себептерин жокко чыгаруу зарылдыгын жана узак мөөнөттүү жөнгө салуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашышы мүмкүндүгүн" Песков айтып чыкты.
Путин Орусия тарап Украина боюнча жооптуу америкалык расмийлерди кабыл алууга даяр экендигин билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн жакын арада башталышы мүмкүндүгү тууралуу Песков так кесе айткан жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп Путин менен сүйлөшүп бүтөр замат дароо эле Украинанын президенти Володимир Зеленскийге телефон чалып, Путин менен сүйлөшкөндүгү тууралуу айткан.
Американын атынан сүйлөшүүлөрдү мамлекеттик катчы Марко Рубио, ЦРУ директору Жон Рэтклифф, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц жана атайын чабарманы болуп дайындалган Стив Уиткофф жүргүзмөкчү.
Песковдун сөзүнө караганда, Путин Трампты Москвага келип кетүүгө чакырды жана президенттер жеке байланышты улантууну, анын ичинде жеке жолугушууну уюштуруу тууралуу дагы сүйлөштү.
Трамп кабинетинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Путин менен биринчи жолугушуусу Сауд Аравиясында өтө турганын айтты.
"Мен ушул сүйлөшүүгө убакыт бөлгөнү жана кечээ күнү мен Ак үйдө кабыл алган мыкты адам Марк Фогелди бошоткону үчүн президент Путинге ыраазычылыгымды билдирем. Жакында биздин аракеттерибиз ийгиликтүү жыйынтыкка жетерине ишенем",- деп сөзүн аяктады Трамп.
Трамп Володимир Зеленскийге дагы телефон чалган. Би-Би-Синин кабарчылары билдиргендей, сүйлөшүү болжолдуу бир саатка созулду.
Зеленский өзү дагы сүйлөшүү болуп өткөнүн телеграм каналы аркылуу тастыктады, бирок ал сүйлөшүү тууралуу жалпы жонунан эле кабарлады.
"Жаңы эле Дональд Трамп менен сүйлөштүм. Тынчтыкка жетүү мүмкүндүгү тууралуу узакка сүйлөштүк. Командаларыбыздын деңгээлинде иштөөгө даяр экендигибиз тууралуу сүйлөштүк. Биздин технологиялык мүмкүнчүлүктөрүбүз, көбүнесе дрондорубуз жана заманбап өндүрүш тууралуу. Биз биргелешип эмнелерди кыла алабыз деген кызыгуусу үчүн Президент Трампка ыраазычылыгымды билдирем",- деп жазды Зеленский.
Зеленский АКШ жана Орусия президенттери эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу буларга токтолду:
"Украина тынчтыкты баарынан көбүрөөк каалайт. Орусиянын агрессиясын токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетүү үчүн Америка менен биргеликте эмнелерди кыла алабыз деп орток кадамдарыбызды аныктайбыз".
Ошол эле учурда Дональд Трамп Зеленский менен дагы сүйлөшүү "абдан жакшы" болгонун билдирди.
"Ал дагы президент Путин сыяктуу тынчтыкка жетүүнү каалайт. Биз согушка байланышкан көп суроолорду талкууладык. Бирок негизинен жума күнү Мюнхенде боло турган жолугушууну сүйлөштүк. Ал жакка делегацияны вице-президент Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио жетектеп барат. Мен бул жолугушуунун жыйынтыгы жакшы болот деп үмүттөнөм",- деп жазды Трамп.
Зеленский дагы, Трамп дагы тынчтык макулдашуусунун шарттары же болжолдуу сүйлөшүүлөр тууралуу билдиришкен жок.































