You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Парижде мечиттерге чочконун баштары ташталды. Франция чет элдик атайын кызматтардан, Орусиядан шектенүүдө
Франция полициясы дүйшөмбү күнү кечинде Париждеги мечиттердин жанына чочконун баштарын таштап кеткен адамдар чет өлкөлүк атайын кызматтардын, балким Орусиянын көрсөтмөсүн аткарган болушу мүмкүн деп шектенүүдө. Баштар шейшембинин таңында Париждин борборундагы жана четиндеги тогуз мечиттин жанынан табылып, коомдо чоң нааразылык жана талкуу жаратты.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, окуяга катыштыгы бар эки адам Сербияда катталган унааны, Хорватиянын SIM-картасы салынган уюлдук телефонду колдонуп, бир нече сааттан кийин Бельгия чек арасынан өтүп кеткен.
Муну соңку учурда катталган ушул сыяктуу башка дагы чагымчыл окуялар менен байланыштырып жатышат. Маселен, 2023-жылдын октябрында Париждеги бир нече имараттын дубалдарына Давид жылдызынын сүрөтү түшүрүлгөн. 2024-жылдын май айында болсо Холокост мемориалына кызыл алакан издери тартылган.
Биринчи окуяда полиция Молдова жарандарынын катыштыгы бар экенин аныктаган. Экинчи иш боюнча болсо, октябрында төрт болгар жараны сот жообуна тартылганы турат.
Холокост мемориалы боюнча ишти карап жаткан прокурор бул окуя "орус чалгын кызматы тарабынан Франциянын стабилдүүлүгүн бузуу үчүн жасалган аракет болушу мүмкүн" деп билдирди.
Франциянын чалгын кызматы Орусия менен Иранды "ыплас амалдар" менен өлкө ичинде чыр-чатак чыгарып, жиктешүүнү күчөтүүгө жөндөмдүү өлкө катары көрөт.
Соңку окуяны иликтеп жаткан полиция маалымат каражаттарына ага Нормандиядан фермер кайрылып, эки киши келип, сербиялык номери бар унаа менен "он чакты чочконун башын" сатып алышканын айтып бергенин билдирди.
Ошол эле унаа дүйшөмбү күнү кечинде Париждин чыгышындагы Оберкампф районундагы жана бир нече мечиттин жанындагы видеокамераларга түшүп калган.
Полициянын айтымында, хорватиялык уюлдук телефондун сигналы унаа шейшемби күнү эртең менен Бельгиянын чек арасын кесип өткөнүн көрсөткөн.
BFMTV телеканалынын колуна тийген видеодо ак футболка, кепка кийип, медициналык беткап тагынып, рюкзак асынган киши Париждин түштүк-батыш четиндеги Малакофф мечитинин жанына чочконун башын таштаганын көрүүгө болот. Кетип баратып аны сүрөткө тартып алган.
Ошол эле маалда башка бир киши ушул эле аракетти шаар четиндеги Монтрей мечитинин жанында жасаган.
Давид жылдызына байланыштуу окуя боюнча да кылмышкерлер жасаган иштерин сүрөткө тартып алышкан. Тергөөнүн баамында, бул алар үчүн акча төлөгөн тарапка "тапшырманы аткардык" деп далил көрсөтүү жана кийинчерээк социалдык тармактарда жайылтуу үчүн керек болгон.
Тергөөчүлөрдү өткөн жылы болгон дагы эки окуя кызыктырды. 2024-жылдын июнунда Париждин дубалдарынан айрымдарына канаттар тартылган табыттардын трафарет сүрөттөрү табылып, үстүндө "Өлүмдү азыр токтоткула" жана "Украина үчүн "Мираждар"" деген жазуулар болгон.
Ошол эле маалда Эйфель мунарасынын алдына үстү француз желектери менен жабылып "Украинада курман болгон француздар" деген жазуусу бар беш чыныгы табыт коюлган.
Эки учурда тең француз полициясы шектүү катары молдован тектүү адамдарды аныктаган.
Холокост мемориалы боюнча иштин материалдарына тиркелген атайын кызматтын отчетунда орус чалгын кызматынын "жалган маалымат таратуу жана француз коомун бөлүп-жарып, ички карама-каршылыктарды курчутууга" багытталган стратегиясы тууралуу айтылат.
Бул нерсени Орусия "ортомчулар аркылуу, башкача айтканда түздөн-түз орус атайын кызматында иштебеген, бирок алардын тапшырмаларын аткарып, ага акы алган, Орусиянын коңшу өлкөлөрүндөгү жардамчылар аркылуу ишке ашырып жатканы айтылат.
Франциянын социалдык тармактарды көзөмөлдөгөн Viginum агенттиги, аларда Орусия менен байланышкан айрым аккаунттар Холокост мемориалы боюнча иш тууралуу маалыматтарды X социалдык түйүнүндө миңдеген жасалма аккаунттар аркылуу таратып жатканынын далилдери бар экенин билдирди.