You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ-Кытай соода согушу дүйнөлүк экономикага кандай таасир этет?
Ben Chu, BBC Verify
Президент Дональд Трамп Кытай товарларынын импортуна 100% ашык тариф киргизгенден кийин Бээжин менен Вашингтондун ортосунда толук масштабдуу соода согушу чын эле реалдуу болуп калды.
Бул BBC Verify командасынын макаласынын котормосу. Материалдын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окусаңыз болот.
Кытай "акырына чейин күрөшөбүз" деп билдирди. Себеби АКШнын аракеттерин мажбурлоо катары баалоодо жана бул жагдайда багынып бербей турганын айтууда. Бээжин жооп иретинде АКШга каршы өзүнүн соода чектөөлөрүн күчөттү. Шаршемби, 9-апрелде Кытай АКШдан келген бардык товарларга болгон бажы төлөмдөрүн 84% чейин жогорулатканы белгилүү болду.
Соода жаңжалынын күчөшү дүйнөлүк экономика үчүн эмнени билдирет?
АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода канчалык деңгээлде чоң?
Өткөн жылы эки экономикалык державанын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү болжол менен 585 миллиард долларды түзгөн.
АКШ Кытайдан 440 миллиард долларлык товар импорттогон, ал эми Кытай АКШдан болгону 145 миллиард долларлык товар сатып алган.
Натыйжада 2024-жылы АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода балансынын дефицити – импорт менен экспорттун айырмасы 295 миллиард долларды түздү. Муну АКШ экономикасынын болжол менен 1% барабар ири соода тартыштыгы десе болот.
Бирок бул Трамп айтып жаткан бир триллион доллардан кыйла аз.
Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө эле Кытайга олуттуу бажы төлөмдөрүн киргизген. Анын мураскери Жо Байден бул төлөмдөрдү ошол бойдон сактаган, айрымдарын көбөйткөн
2016-жылы АКШга Кытайдан жеткирилген товарлар бардык чет өлкөлөрдөн келген товарлардын 21% түзгөн. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 13% чейин төмөндөгөн. Бул АКШнын Кытайга койгон соода чектөөлөрүнүн жыйынтыгы.
Натыйжада акыркы он жылда АКШнын Кытайга болгон соода көз карандылыгы азайды.
Аналитиктердин айтымында, буга карабастан Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарлар Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү аркылуу кайрадан жөнөтүлүп жаткан учурлар бар.
Мисалы, 2018-жылы Трамптын администрациясы Кытайдан импорттолгон күн панелдерине 30% тариф киргизген. Бирок 2023-жылы АКШнын Соода министрлиги Кытайдын күн панелдерин чыгаруучу компаниялар өндүрүшүн Малайзия, Таиланд, Камбоджа жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөргө көчүрүп, бул өлкөлөр аркылуу АКШга даяр өнүмүн жеткирип, тариф төлөөдөн качуунун жолун ойлоп табышканын далилдеген.
Трамптын бул өлкөлөргө киргизген жаңы тарифи тамыры Кытайга барып такалган товарлардын баасынын кымбатташына алып келет.
АКШ менен Кытайдын өз ара импорту
2024-жылы АКШдан Кытайга экспорттолгон товарлардын эң ири категориясы соя буурчагы болду. Алар негизинен Кытайдагы 440 миллион чочконун тоюту үчүн колдонулат.
Ошондой эле АКШ Кытайга фармацевтикалык препараттар жана мунай өнүмдөрүн да жеткирет.
Кытайдан АКШга болсо электроника, компьютерлер, оюнчуктар жана электромобилдер үчүн зарыл болгон аккумуляторлор чоң көлөмдө экспорттолуп келет.
АКШга Кытайдан импорттолуучу товарлардын эң ири түрү – смартфондор. Алар АКШнын Кытайдан алган товарларынын жалпы көлөмүнүн 9% түзөт. Бул смартфондордун көпчүлүгү Apple компаниясы үчүн Кытайда өндүрүлөт.
Акыркы жумаларда АКШнын Кытай товарларына койгон тарифтеринин кесепетинен Apple компаниясынын рыноктук наркы төмөндөп, акцияларынын баасы акыркы айда 20% түшүп кетти.
Трамптын администрациясы Бээжинге каршы 20% алым киргизгенден кийин АКШга Кытайдан алып келинген бул товарлардын баары америкалыктар үчүн кыйла кымбатташы керек болчу.
Азыр алымдар 104% чейин жогорулады. Мунун кесепети беш эсе оор болушу мүмкүн.
Мындан тышкары Кытай киргизген тарифтерден улам Американын Кытайга импорттогон товарларынын наркы да жогорулайт жана кытайлык керектөөчүлөр да ушундай эле зыян тартышат.
Тарифтерден тышкары бул эки өлкөнүн тең соода аркылуу бири-бирине зыян келтире турган башка ыкмалары бар.
Кытай – өнөр жай үчүн абдан маанилүү болгон жез жана литийден тарта сейрек кездешүүчү башка металлдарды кайра иштетүүдө дүйнөдө негизги оюнчу.
Бээжин бул металлдардын АКШга жеткирилишине тоскоолдук кыла алат.
Мисалы, аскердик өнөр жайда кеңири колдонулуп келген германий жана галлий сыяктуу материалдардын экспортуна мурда эле чектөө киргизилген.
АКШ болсо Кытайга каршы технологиялык блокадасын күчөтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бул жасалма интеллект сыяктуу технологиялар үчүн зарыл болгон алдыңкы микрочиптер болушу ыктымал. Аларды Кытай азырынча өз алдынча өндүрө албайт.
Ушул жумада Дональд Трамптын соода боюнча кеңешчиси Питер Наварро АКШ Камбоджа, Мексика жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөргө басым жасап, Кошмо Штаттарга товар экспорттоону улантууну каалашса, Кытай менен соода кылууну токтотууну эскертиши мүмкүн экенин божомолдоду.
Бул башка өлкөлөргө кандай таасир этиши мүмкүн?
Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, АКШ менен Кытай дүйнөлүк экономиканын олуттуу бөлүгүн түзөт. Бул жылдын көрсөткүчү болжол менен 43%.
Эгерде алар өсүштү басаңдата турган же артка тарта турган толук масштабдуу соода согушун баштаса, бул глобалдык экономикага зыянын тийгизет.
Дүйнөлүк инвестиция дагы жапа чегиши мүмкүн.
Башка да мүмкүн болгон кесепеттери бар.
Кытай – дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчү мамлекет катары ички керектөөдөн ашык товар чыгарат.
Ал дээрлик триллион доллар товардык профицитке ээ. Бул Кытайдын импортко караганда экспорту көп дегенди билдирет.
Көбүнчө бул товарлар ички субсидия жана мамлекеттик каржылоо, маселен, арзан насыя аркылуу чыныгы өндүрүш чыгымдарынан төмөн баада чыгарылат.
Буга болотту кайра иштетүү мисал боло алат.
Кытайдын товарлары АКШга кире албай калса, компаниялары бул товарларды чет өлкөлөргө демпинг (жасалма түрдө бааны түшүрүү) жолу менен сатууга аракет кылышы мүмкүн.
Бул кээ бир керектөөчүлөр үчүн пайдалуу болсо да, башка өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнө зыян келтирип, жумуш орундары жана эмгек акыга коркунуч жаратат.
Маселен, британиялык болот өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргогон UK Steel тобу британ рыногуна ашыкча болот келиши ыктымал экенин эскертти.
Кытай менен АКШнын ортосундагы толук масштабдуу соода согушунун терс таасири бүткүл дүйнөгө жайылышы мүмкүн. Экономисттердин көпчүлүгү анын кесепети оор болот деп эсептешүүдө. (AA)