You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Чек ара кызматы: чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу
1-декабрда кыргыз-тажик чек арасында аңчылык үчүн куралдан ок атылды деген кабар тарагандан кийин тынсыздангандар окуянын чоо-жайын, жыйынтыгы эмне болгонун чек ара кызматынан, жергиликтүүлөрдөн сурамжылап жаткан чагы.
Жазындагы кандуу окуядан кийин чек ара чырын алдын алуу үчүн бир катар чаралар дагы көрүлгөн эле. Тиешелүү мекеме, облус жетекчилиги коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен алдын алуу, түшүндүрүү иштерин бирге жүргүзүү зарылдыгын билдирип келе жатат. Соңку окуядан кийин чек ара кызматы атайын билдирүү дагы таратты.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү Баткен облусунун Баткен районунун Дахма жерлигинде түн тынч өткөндүгүн маалымдайт. Кечээ 2021-жылдын 1-декабры Баткен облусунун Төрт-Көчө жерлигинде саат 23.30 Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу чектешкен райондордун акимдеринин, укук коргоо жана эки тараптын компетентүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусунун Баткен районунун Дахма жерлигиндеги шартуу мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде кечки 21.15 болгон Тажикстан тараптан белгисиз адамдар тарабынан 7-8 жолу ок атылган окуя боюнча талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында 2021-жылдын 2-декабрынан баштап эки тараптын укук коргоо органдары коомдук тартипти камсыздоо максатында чектешкен аймакта биргелешкен кайгуул уюштуруу чечимин кабыл алышты. Эки тараптын чек ара тарамдары күнүмдүк тартипте кызмат өтөп жатышат. 2021-жылдын саат 09.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.
Мал издеп барып, ур-токмокко кабылды деген тургунга байланыштуу окуяга облусттук милициянын билдирүүсү
Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы кырдаал:
2021-жылдын 1-декабрында саат 14:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын 65жаштагы тургуну Ж. Айдаровтун 1 баш бодо малы өзүнүн огородунан бошонуп кетип, Таджикистан республикасынын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткендиктен, артынан издеп барган учурда, ТРнын чек ара кызматкерлери кармап, Исфара РИИБнын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары чогулушуп, Ж.Айдаровду ТРнын жарандары ургандыгын айтышып, чогулган эл Таджик республикасынын Майский айылынын тургуну 1962-жылы туулган Сабиров Камал Сирожидиновичти кармап алышкан. Андан соң, Таджик республикасынын Майский айылынын 10-15ке жакын жергиликтүү тургундары чогулушкан.
Эки тараптуу жергиликтүү милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Таджик республикасынын укук коргоо органдары, кармалган Ж.Айдаровду Баткен РИИБнин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.
Ж.Айдаров Баткен шаарындагы Баткен ооруканасына жеткирилди, абалы орто оор.
Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Ж.Айдаровтун денесинен алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Эки тараптуу сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда абал туруктуу. Окуя болгон жерде коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо максатында ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайгуулдар уюшулган.
Кошумча маалымат
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы 972 чакырым чек ара сызыгынын 375 чакырымы тактала электиги айтылган. Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде көп катталган. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылышкан. Тажикстан тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары сунуш кылганы белгилүү. Ошентип тараптар чек ара тактоо маселесинде орток пикир таба албай келишет.
Соңку учурда эки өлкөнүн тишелүү мекемелери чек араны тактоо боюнча иш жүргүзүп жатышканын, акырындап болсо дагы жакшы жагына жылыштар бар экени айтылууда. Кээ бир адистер дагы муну кубаттап, улам четинен болсо дагы акырындап чечүү аракетинин өзү жакшы деп баа берип келишет. Ошол эле учурда иш созулуп жатканын, кыргыз бийлиги бул иште өтө кылдат мамиле кылышы керектигин эскерткендер да аз эмес.