"Олуттуу жылыш болгон жок". Украина менен Орусиянын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнүн үчүнчү айлампасы

Украин делегациясы менен Орусия делегациясынын Стамбулдагы үчүнчү жолугушуусу. Объективди карап турган Рустем Умеров, ал жакында кызматын алмаштырганына карабай, делегацияны жетектөөнү улантууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин делегациясы менен Орусия делегациясынын Стамбулдагы үчүнчү жолугушуусу. Объективди карап турган Рустем Умеров, ал жакында кызматын алмаштырганына карабай, делегацияны жетектөөнү улантууда
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Шаршемби күнү кечинде Стамбулда Украина менен Орусия делегациялары согушту токтотуу боюнча үчүнчү жолку сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Саясатчылар, байкоочулар буга чейинкилер сыяктуу бул жолку жолугушуудан дагы эч кандай майнап чыкпай турганын айтып жаткан. Жолугушуунун жыйынтыгында олуттуу жылыш болгон жок. Ал кыска убакытка гана созулду.

Бир саатка жетпеген кыска сүйлөшүүлөрдөн кийин украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров журналисттерге Киев Москвага президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусун августтун аягына чейин уюштурууну сунуштаганын айтты.

Мындай жолугушууга Орусия ушул күнгө чейин макул болгон эмес. Анын үстүнө, Орусия президенти Владимир Путин эч кандай юридикалык негиздемесиз эле Зеленскийди мыйзамдуу президент деп эсептебей турганын айтып келет.

Ошондой эле Умеров Украина согуштук аракеттерди дароо токтотууну көздөй турганын айтып, Киев мындай кадамга даяр экенин билдирди.

Орус делегациясын жетектеген Владимир Мединский сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге эки тарап тең 1200дөн кем эмес туткунду алмашууга макулдашканын маалымдады.

Мунун алдында орус делегациясынын атын атагысы келбеген өкүлү ТАСС агенттигине алмашчу туткундардын арасында аскер кызматкерлери да, жөнөкөй жарандар да болушу мүмкүн экенин айткан.

Мединский орус тарап Украинага дагы үч миң украин жоокеринин сөөгүн өткөрүп берүүнү сунуштаганын билдирди.

Ошондой эле, орус делегациясы украин делегациясына согуш талаасында 24 сааттан 48 саатка чейин кыска мөөнөттүү тыныгууларды жарыялоону сунуштаганын кошумчалады.

"Санитардык топтор жарадарларды, командирлер жоокерлеринин сөөгүн алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн" — деп жазды Орусиянын "Интерфакс" агенттиги Мединскийдин айткандарын.

Сүйлөшүү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы майдын ортосунда, экинчиси июнь айынын башында өткөн.

Биринчи жолку жолугушууда Украина менен Орусия "1000ге 1000" формуласы боюнча туткундарды алмашууга макул болушкан. Экинчи раундда – тараптар согуштук аракеттерди токтотуунун шарттары тууралуу меморандумдар менен алмашып, каза болгондордун сөөгүн алмашууну макулдашкан.

Үчүнчү жолугушууда тараптар мазмуну боюнча бири-бирине карама-каршы деп атаган бул меморандумдарды талкуулоо пландаштырылган.

Украина президенти Володимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы башталар алдында, украин делегациясы кайрадан ок атышууну токтотууга жетишүүгө аракет кыларын билдирген.

"Бүгүн Түркиядагы сүйлөшүүлөрдө украин делегациясы ок атышууну дароо жана толук токтотууну дагы бир жолу талап кылат. Айрыкча жарандык инфраструктурага жасалып жаткан соккулар боюнча",- деди Зеленский видео кайрылуусунда. Ошол эле учурда ал Сумск облусундагы Орусиянын дрондорунун массалык чабуулунун кесепеттерин айтып өттү.

Мындан тышкары, Украинадагы бир нече басылма бийликке жакын булактарга таянып сүйлөшүүлөрдө Украинанын башкы максаты, же болбосо негизги темалардын бири — президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусун уюштуруу маселеси боло турганын жазды.

Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермактын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөрдүн алдында ал украин делегациясын жетектеп барган Рустем Умеров менен бирге Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Анкарада жолуккан.

Бул жолугушууда украин аткаминерлери "согушту токтотуу боюнча реалдуу сүйлөшүүлөргө жетүү үчүн" Зеленский, Дональд Трамп, Эрдоган жана Путиндин жолугушуусун уюштуруу керектигин билдиришкен.

Москва тынчтыкты каалабайбы?

Соңку эки айда Украинадан жана башка өлкөлөрдөн бир катар комментаторлор Орусия фронтто Украинага акырындап басым кылып жатат деген көз карашын билдирип, Москва ок атышпоо же согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмес экенин айтышууда.

Алардын пикиринде, АКШнын президенти Дональд Трампты капа кылып албоо үчүн Москва убакытты созуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр өңдүү түр көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Трамп мурда бир нече жолу түшүнүксүз жүйөлөр менен "Путин тынчтыкты каалайт" деп айткан болчу. Бирок соңку апталарда ал Путинге карата нааразылыгын ачык айткан.

Орусия делегациясы менен Стамбулдагы жолугушууга чейин украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров (оң жакта) менен Президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Ермак (сол жакта) Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Анкарада жолукту

Сүрөттүн булагы, t.me/RBC_ua_news

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия делегациясы менен Стамбулдагы жолугушууга чейин украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров (оң жакта) менен Президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Ермак (сол жакта) Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Анкарада жолукту

Стамбулдагы делегациялардын кезектеги жолугушуусунан чоң жылыш болот деп күтүүгө болбой турганын Кремль өзү да ачык билдирген.

"Украина маселесин жөнгө салуу ушунчалык татаал тема болгондуктан, туткундарды алмашуу же каза болгондордун сөөгүн кайтаруу боюнча макулдашуунун өзү эле жыйынтык", – деп айткан Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшемби күнү журналисттерге.

Бул жолугушууда талкууланат деп пландалган меморандумда белгиленген Орусиянын талаптары Украина үчүн кабыл алынгыс экени анык.

Орусия мыйзамсыз эле өзүнүкү деп жарыялап, атүгүл али басып ала элек аймактардан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылып жатат.

Мындан тышкары, Москва басып алган жерлерин эл аралык деңгээлде Орусияныкы катары таанууну, украин армиясынын санын жана курал-жарактарын чектөөнү жана өлкөнүн НАТОго кирүүсүнө тыюу салууну талап кылып жатат.

Делегациялардын курамы

Украина менен анын өнөктөштөрүнүн пикиринде, Орусия бул сүйлөшүүлөрдү олуттуу кабыл албай жатканын далилдеген дагы бир көрүнүш - президент Путиндин кеңешчиси, Орусия тарыхы боюнча мифтерди даңазалаганы менен белгилүү Владимир Мединскийди делегация башчысы кылып дайындоосу.

Орусия сүйлөшүүлөргө олуттуу өкүлдөрдүн ордуна "XII кылымдан баштап Орусиянын тарыхын айтып отурган бир тарыхчыны жөнөттү",- деп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте июнь жана июль айларында кеминде үч жолу айтып чыкты.

"Согушту токтотуу үчүн сүйлөшүү столунда Путин өзү отурушу керек. А бул тарыхчы эки жолу Стамбулга келип алып, бизге кайра Орусия менен Украинанын XII кылымдагы тарыхын айтып баштады. Бул эмне экенин түшүнгөн жокмун",- деген Рютте июндун башында.

Ал бул сөздөрүн июлдун ортосунда Вашингтондо Дональд Трамп менен жолукканда дагы бир жолу кайталап, Украина өз өнөктөштөрүнүн талабы менен делегацияга жогорку деңгээлдеги мамлекеттик адамдарды кошконун баса белгилеген.

Украин делегациясын буга чейин коргоо министри болгон, учурда Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин башчылыгына өткөн Рустем Умеров жетектеп жатат.

Мындан тышкары делегация курамында ТИМ, Украинанын Коопсуздук кызматы, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, аскерий чалгындоо жана президенттик аппараттан орун басарлар жана кеңешчи деңгээлиндеги өкүлдөр бар.

Эрдоган менен Анкарадагы жолугушууга Умеров менен бирге катышканын Андрей Ермак делегация курамына кирген эмес.