Украинага ири сокку урулду: Киевде метро жабыркап, Ивано-Франковск катуу чабуулга кабылды

Сүрөттүн булагы, t.me/UA_National_Police
Дүйшөмбүгө караган түнү Орусия Киевге жана Украинанын башка шаарларына кезектеги массалык аба соккуларын жасады. Украина президенти Володимир Зеленский эки адамдын каза болгонун билдирди. Ивано-Франковск үчүн бул согуш башталгандан берки эң катуу чабуул болгонун шаар бийлиги маалымдады.
"Орусия дайыма адамзатка каршы соккуларды жасайт. Киевде бала бакча, турак-жайлар жана башка жарандык объектилер күйүп кетти. Харьковдо, Ивано-Франковскто жана алардын айланасында үйлөр кыйрады. 15 киши жаракат алды, алардын эң кичүүсү 12 жаштагы бала. Бардыгына жардам көрсөтүлүп жатат. Эки киши чабуул маалында каза болду",- деп жазды Зеленский телеграм-каналында.
Буга чейин Киевде бир адам каза болгонун шаар бийлиги кабарлаган. Экинчи маркум кайсы жерде мерт болгонун Зеленский тактаган жок.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, дүйшөмбүгө караган түнү Орусия Украинага асмандан 450 аба чабуул каражатын колдонуп сокку урду.
Алардын ичинде 426 дрон болгон (согуштук жана имитациялык), ошондой эле беш "Кинжал" аэробаллистикалык ракетасы, төрт "Калибр" канаттуу ракетасы, 14 Х-101 канаттуу ракетасы жана бир "Искандер" ракетасы колдонулган.
Маалыматта "Шахед" тибиндеги 200 дрон-камикадзе жана ракеталардын "басымдуу бөлүгү" атып түшүрүлгөнү айтылат. 203 имитациялык дрон өз максатына жете алган эмес.
"Үч жерге жалпы 23 сокку уруучу дрон түз тийген. Андан тышкары, 12 жерге дрондордун же ракеталардын сыныктары кулап түшкөн",- деп айтылат билдирүүдө.
Орусиянын аскер жетекчилиги бул массалык чабуул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек. Украина бийлигинин маалыматына караганда, сокку негизинен Киев, Ивано-Франковск жана Харьковго багытталган.
Украинанын борбору буга окшогон ири аба соккусуна соңку ирет 4-июлда кабылган. Мындай чабуулдар быйыл жаз жана жай айларында көбөйө баштады.
Киевде метро станциясы жана турак-жайлар жабыркады
Полиция билдиргендей, Киевдин Голосеев, Дарница, Днепр, Оболонь, Святошин, Соломенка жана Шевченко райондорунда жарылуудан улам кыйроолор болду.
Киев мэри Виталий Кличконун айтымында, аба соккусунун кесепетинен бир киши каза болуп, жети киши жаракат алды. Жабыркагандардын арасында 15 жаштагы кыз да бар. "Бешөө ооруканага жеткирилди, дагы экөөсүнө дарыгерлер жеринде жардам көрсөтүштү",- деп жазды ал телеграм-каналында.

Сүрөттүн булагы, t.me/UA_National_Police
Полиция ал киши Киевдин Соломенка районунда каза болгонун тастыктады. Дарница районунда 36дан 55 жашка чейинки беш киши, анын ичинде 15 жаштагы кыз, ар кандай жаракат алган. Шевченков районунда улгайган аял ооруканага жаткырылып, бул райондо көп кабаттуу турак-жай олуттуу зыянга учураган.
Калаада башка үйлөр да зыян тартканы айтылды. "Лукьянов" метро станциясы убактылуу ишин токтотуп, анын жер үстүндөгү бөлүгү катуу зыян тарткан.
Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо чабуул маалында ондогон адамдар метродо корголоп, чаң-тополоң каптаганын көрүүгө болот. Учурда "Лукьянов" кадимки режимде иштеп жатат.
"Эң катуу сокку Дарница районуна тийди. Ал жерде бала бакча, супермаркет, кампалар жана башка имараттар күйүп кетти", — деди Киев шаарынын Аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко.
"Шевченков районунда көп кабаттуу турак үй жабыркады. Терезелер талкаланып, батирлер кыйрады", — деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ивано-Франковск облусуна жасалган эң ири сокку
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын башка шаарлары да аба соккуларына кабылды.
Ивано-Франковскто төрт киши жаракат алганын, алардын бири бала экенин куткаруу кызматы билдирди. "Бул согуш башталгандан берки эң масштабдуу чабуул болду", - деди шаар мэри Руслан Марцинкив.
Айтымында, шаар четинде жайгашкан үч айылга ракеталар жана "Шахед" дрондору чабуул жасап, кесепетинен инфраструктура жабыркады.
Харьков мэри Игорь Терехов болсо, түн ичинде Орусия 12 жолу сокку урганын, алардын бири Киев районундагы көп кабаттуу үйдүн жанына түшкөнүн билдирди.
"Бир нече үйдүн терезелери талкаланып, жол, трамвай рельстери жана электр зымдары жабыркады", — деп жазды ал телеграмга. Жаракат алгандар тууралуу маалымат түшкөн эмес.
Ал ортодо дем алыштагы чабуулдардан кийин, дүйшөмбүгө караган түнү украин дрондору кайрадан Москваны көздөй багыт алганын Орус бийлиги билдирди.
Москва мэри Сергей Собянин түн жарымынан кийин билдирүү таратып, шаарга жакындаган 13 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Ага чейин, бир күндүн ичинде жалпысынан 31 дрон Москвага жетпей жок кылынганын айткан.
Дүйшөмбү таңга маал, мэрдин телеграмдагы билдирүүлөрүнө караганда, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары Москва облусунун Троицк округундагы Киев кыштагына кулаган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, олуттуу зыян же жабыркагандар жок", — деп жазды Собянин.
Дем алыш күндөрдөгүдөй эле, бул күнү да Москвадагы төрт аэропорт убактылуу ишин токтоткон. Росавиация саат 03:49да аба каттамдары кайра жанданганын кабарлады.
Украина бийлиги Москва тарапка багытталган дрон чабуулдары тууралуу комментарий берген жок. Бирок бул чабуулдар дагы бир жолу аэропорттордун ишине олуттуу тоскоолдук жаратты.
Орусиянын Ростов облусунун Каменоломни кыштагындагы темир жол чатыры дрон сыныктарынан улам күйүп кеткенин аймактын убактылуу жетекчиси Юрий Слюсарь билдирди. Жабыркагандар жок.
Түндүк Кавказ темир жол башкармалыгынын маалыматына караганда, 26 жүргүнчү поезди кармалып турат. Буга чейин Орусиянын темир жол компаниясы Ростов облусунда байланыш зымдары жабыркагандыктан 130дан ашуун поезд кечигип жатканын билдирген.































