You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Голограмма жакында видео-чалуулардын ордун басабы?
Андрэ Мурад жана Уилл Смэйл
Швейцариялык саат компаниясынын башкы жетекчиси Кристоф Грейнжер-Херр COVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрдүн кесепетинен Кытайдагы соода көргөзмөсүнө келе албай калганда, ал көргөзмөгө “Жылдыз жолу" (англ. Star Trek) тасмасынын стилинде голографиялык трансляция аркылуу катышып, кырдаалдан чыгуунун амалын тапты.
“IWC” люкс-класстагы саат брэндинин башкы аткаруучу директору Грейнжер-Херр мырза, Шанхайда 2021-жылы апрель айында өтө турган “Watches and Wonders” иш-чарасына катышмак болчу.
Бул иш-чарага иш жүзүндө катышуу мүмкүн болбой калгандыктан, ал өз бою менен тең 3D-голограмма түрүндө катыша алды. Анын сөлөкөтү жогорку 4K сапатындагы голограмма түрүндө пайда болуп, Грейнжер-Херр иш-чаранын оффлайн катышуучуларын көрө алды, уга алды, алар менен сүйлөшө да алды.
“Биз анын голограммасын Швейцариядагы Шаффхаузен шаарындагы кеңсесинен Шанхайдагы иш-чарага түз телепортацияладык”, - дейт америкалык Portl голограмма компаниясынын башчысы Дэвид Нуссбаум.
“Ал өзүнүн иш кылып жатты, башка жетекчилер менен сүйлөшүп жүрдү, ал түгүл жаңы саатынын бет ачарын да өткөрдү -- мунун баары реалдуу убакытта өңүндөгүдөй болуп жатты! Эң аягында, анын голограммасы кандай пайда болсо, ошондойчо эле көздөн кайым болду”.
2020-жылы келип чыккан коронавирус пандемиясы көптөгөн эл аралык саякаттарды токтотуп койгондуктан, ал голограммаларды — адамдын 3D нур проекциясын колдонууга чоң кызыгуу жаратты. Мындай технология видео-чалуулардын ордуна чындыкка алда канча жакын, бүйүр кызытуучу, сезимдерди өңүндөгүдөй кылып көрсөтүп берүүчү альтернатива боло алды.
Лос-Анжелесте жайгашкан Portl компаниясы бул багытта иш алып барган алдыңкы технологиялык ишканалардын бири, бирок Нуссбаум: “Биз порталдарыбызды жетишерлик деңгээлде тез иштечүдөй кыла албай жатабыз”, - дейт.
Бул порталдар - бийиктиги 2,5 м, бет жагы айнектен жасалган, компүтерлештирилген куту түрүндө жасалган. Кабинанын ичинде адамдын бою менен тең голограмма пайда болот.
Порталдардын ичине динамиктер орнотулган, алар аркылуу голограмманын “үнүн” укса болот. Ошондой эле, мында камералар жана микрофондор да бар, алардын жардамы менен голограмманын колдонуучусу проекциясынын алдындагы адамдарды көрө да алат, уга да алат.
Ал эми голограммага чагылдырылган киши өзү турган жерде - ал дүйнөнүн башка бурчунда болушу мүмкүн - ага жөнөкөй фон, камера, динамиктер жана микрофондор топтому керек.
Portl программалык системасы мобилдик колдонмо менен башкарылат, интернет аркылуу адамды бир же бир нече портал менен байланыштырат. Сиз кайда гана болбоңуз, каалаган сандагы порталга туташа аласыз.
“Сигнал дээрлик кечикпейт”, - дейт Нуссбаум. “Голограмманын алдында айнек болбогондо, ал жерде тирүү киши тургандай көрүнөт. Эгер айнекке кабинанын ичинен жарык чагылбаганда, анын ичинде чын эле киши турат деп ойломоксуз” .
Portl системасы бизнес-сектордогу кардарлар менен иштешүүнү көздөйт, учурда Netflix жана T-Mobile сыяктуу компаниялар тарабынан колдонулат.
Порталдын баасы - $60000 жогору, алар өтө кымбат болгону анык, бирок компаниянын айтымында, порталдарды арзаныраак баага ижарага алса болот.
Microsoft компаниясынын голографиялык байланыш технологиясы HoloLens 2 деп аталган атайын гарнитурага негизделген. Баасы $3500 түзүп, ал Portl системасына караганда алда канча арзаныраак болуп жатат, бирок 3D голограммалар реалдуулукка анча жакын эмес.
Эки же андан көп колдонуучу бири бирине чалганда, алардын голограммалары ар биринин көз алдында анимациялык аватарлар сыяктуу болуп чагылдырылып, бир бөлмөдө чогуу тургандай элес жаратат.
“Сүйлөшүүчүлөр бир эле физикалык мейкиндикте турган сыяктуу элес жаралат. Алар виртуалдуу үстөлдүн тегерегинде ары-бери басып, бир иштин үстүндө чогуу иштеше алгандай болушат”, - дейт Microsoft компаниясынын аралаш реалдуулук бөлүмүнүн башчысы Грег Салливан.
Германиялык Thyssenkrupp инженердик тобу да бизнес-кардарларга кызмат көрсөтүүнү максат коюп, бул технологияны иш жүзүндө колдонгон фирмалардын бири болуп саналат.
Дүйнөдөгү лифттердин эң ири өндүрүүчүлөрүнүн бири кандайдыр бир оңдоо иштерин аткаруу үчүн мурда техникалык кызматкерлери менен бүткүл дүйнө боюнча учуп барууга аргасыз эле. Бүгүнкү күндө компаниянын кызматкерлери бир жакка учуп баргандын ордуна, HoloLens 2 гарнитурасын тагынып алып, жергиликтүү адис менен голографиялык байланышка чыгып, ага тийиштүү иштерди аткарууда алыстан эле жардам бере алат.
Мындан тышкары, Japan Airlines авиакомпаниясы мындай гарнитураларды учактардын экипаждарын жана кыймылдаткыч механиктерин үйрөтүүдө колдонот.
Голографиялык технологияларды өндүрүп чыгарган башка фирмалардын ишмердиги көбүнчө жалпы керектөөчүлөргө багытталган. Мисалы, Сан-Диегодо жайгашкан Ikin компаниясы.
2022-жылы бул компания атайын бир түзмөктү иштеп чыгарат. Аны мобилдик телефонго беките карматыш керек. Ошондо сиз видео-чалуу аркылуу сүйлөшүп жаткан адамдын үч ченемдүү тунук голограммасы абага чагылдырыла көрсөтүлүп берилет.
Стэнфорд университетинин электротехника жана компүтердик илимдер боюнча доценти, Гордон Ветцштейндин айтымында: “Голограммалар - видеоконференцияларга караганда эффективдүүрөөк баарлашуу ыкмасы болуп саналат”.
Ветцштейн: “[Голограммалардын жардамы менен] көзмө-көз байланыш түзсө болот. Ким кимди карап жатканы сыяктуу байкалаар-байкалбас сигналдарды окуй аласыңар”.
Бирок, ошол эле учурда, эгер бул голографиялык сүрөттөр келечекте өтө реалдуу болуп, аларды чыныгы адамдан айырмалоо мүмкүн болбой калса, көйгөйлүү маселелер жаралышы ыктымал экенин да эскертет.
“Эгер сиз өзүңүздү реалдуу кабыл алууга уламдан улам жакындаткан санарип же синтетикалык тажрыйбаларды аткара алсаңыз, сиз манипуляцияларга оңой эле жол беришиңиз ыктымал”, - дейт Ветцштейн.
Portl компаниясына кайтып келе турган болсок, бул фирманын алгачкы инвесторлорунун бири Тим Дрейпер болгон, ал Skype жана Tesla компанияларына да алгачкы колдоо көрсөткөндөрдүн бири болгон. Portl компаниясынын жетекчиси Нуссбаумдун ою боюнча, голограммалык технология беш жылдан кийин видеоконференциялардагы стандарттык видеоэкрандардын ордун басат.
Ошондой эле, анын божомолу боюнча, голограммалар видеоматериал көрсөтүү үчүн экрандардын баарынын ордун басат. “Биз ар бир соода борборундагы, ар бир вестибюлдагы ар бир санарип киосктун ордун тез эле ээлей алабыз. Бул жаңы ыкманын жардамы менен, компаниялар өздөрүнүн контентин түз эфирде же жаздырып алып көрсөтүүнү каалашат”. (KGNE)