You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Уран калдыктары: Миң-Куштагы көчүрүү иштери токтоп калды
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз өкмөтү Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасындагы уран сакталган жайларды көчүрүү иштерин жарым жыл мурун баштаган.
Бул аймакта төрт мындай жай бар, алар: Талды-Булак, Туюк-Суу, Как жана Дальнее.
Жаңы жылдан бери өкмөт Талды-Булак уу калдык сактоочу жайынан уу заттарды ийгиликтүү көчүрүп жатат, бирок эми Туюк-Суу аймагына келгенде жергиликтүү элдин каршылыгына кабылып, иш токтоп калды.
“Биздин үй көчө башында, Туюк-Суудан уран калдыктарын ташышса, биринчи биздин үйдөн өтөт. Жергиликтүү эл каршы болуп жатканы чын. Анткени ал жакка барып иштеген балдар эч кандай коопсуздук чаралары жок чаңызгытып эле ташып жатат деп айтып келишкен экен. Анан айылды да аралап өтүшсө, балдарыбыздын ден-соолугу кантет деп кабатыр болуп атабыз. Буга чейин өкмөттөн да, парламенттен да келип-кетишти. Бирок эл ынабай турат. Бул боюнча аябай катуу каршылык билгендерди “эл душманы” да кылып ийишти. Албетте, ары жагында бул калдыктарды биздин аймактан биротоло алып кетишсе жакшы эле болмок. Бирок аны ачып алып, ташып атканда канчалык коопсуздук чараларын сактап иш алып барышат деп мен деле бушайманмын”, - деди Миң-Куштун атын айткысы келбеген тургуну.
Жумгал районунун алыскы Туюк-Суу аймагында жерге көмүлгөн уран калдыгын көчүрүү демилгеси 2013-жылдан бери эле көтөрүлүп келген. Бул жерде көмүлгөн уран калдыктарын Ыраакы Миң-Кушка ташуу каралып жатат.
Туюк-Суудагы уран калдыгын көчүрүүнүн зарылдыгы калдыктар тоонун этегинде жайгашканынан улам келип чыкты. Адистердин белгилөөсү боюнча бул жерде жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Эгер ошондой апаат болсо, уран калдыктары тоо этегиндеги сууларга түшүп, андан ары Нарын дарыясына кирип кетүү ыктымалдыгы бар. Андай болсо, бул чоң экологиялык апаатка алып барышы мүмкүн.
“Эки-үч айдан бери жергиликтүү эл менен үч-төрт жолугушуу өткөрдүк. Биз иш баштарда долбоордук смета түзгөнбүз. Жаңы жылдан бери бирөөсүн көчүрүп атабыз, экинчисине келгенде жергиликтүү эл ишти баштатпай атат, бирок антип тынчсызданууга олуттуу себеп жок. Чала-була маалыматтарды угуп эле, уу калдыктарды көчүрбөйбүз деп атышат. Коопсуздук чараларын жакшы сактап атабыз, биз МАГАТЭнин талаптарын сактап иш кылып атабыз, өзүбүздүн деле мыйзамдар бар, иш мамлекеттик экспертизанын негизинде жүрүп атат. Ташып аткан машиналарыбыз жабык, радиацияны ченөөчү жабдыктарыбыз, ал боюнча атайын кызматыбыз бар, генподрядчик”,- деди ӨКМнын калдык сактоочу жайлары менен иштөө боюнча департаментинин кызматкери Бакыт Асанкулов.
Жергиликтүү элдин мындай каршылык маанайынан улам Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул айда уран калдыктары сакталган жайлардын маселеси боюнча Жумгал районуна да барды. Миң-Куш шаарчасындагы уу калдыктар сакталган жайдагы рекультивациялоо иштери менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Туюк-Суу маселесин эл менен кеңешип, жергиликтүү тургундар арасында референдум жолу менен чечүүнү убада кылды.
Жергиликтүү элдин колдоосун тапкандан кийин кыргыз өкмөтү уу калдыктарды ташуу иштерин быйыл жыл аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпы 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36 - Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23дө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кезинде Майлы-Суудагы уран калдыктарына байкоо салып, иликтөө да жасаган. Ал мындай жайлар менен иштөөдө коопсуздук чараларын эки-үч эсе күчтөндүрүү керектигин айтып, жергиликтүү элдин тынчсыздануусу негиздүү эле экенин айтты.
“Майлы-Сууда уран калдыктары сакталган жайлар кезинде эч кандай техникалык коопсуздук эрежелери сакталбастан көчүрүлгөн. Жергиликтүү айдоочулар акча алабыз деп, уран калдыктарын ташыганга, жүктөгөнгө макул болуп көчүрүшкөн. Эки айдан ашык иш журүп, ал убакта катуу ооруп калган, кайтыш болгон да адамдар болгонун аныктап чыкканбыз. Радиация чыгып кетпегидей контейнерге салынып ташылып, ошо уранды ташыган машиналарды да жок кылыш керек эле. Кийин ошол машиналар колдонулганы да болгон. Инвалид болуп төрөлгөн балдар дагы өзүнчө бир чоң тема ”,- деди укук коргоочу.
Буга чейинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, Борбор Азияда уран калдыктарынын жети участкасы өтө кооптуу экени аныкталган. Алар Өзбекстандагы Чаркесар менен Янгиабад, Тажикстандагы Дегмай менен Истиклол жана Кыргызстандагы Миң-Куш, Шекафтар, Майлуу-Суу участкалары. Бул жердеги калдыктар сакталган жайлардын кээ бирлерин көчкү алганы турса, айрымдарын дарыялар жеп кетүү коркунучу күч.
Буга байланыштуу кыргыз, тажик жана өзбек бийликтери 2014-жылы эл аралык коомчулуктун жардамы менен калдык сактоочу жайларды зыянсыздандыруу боюнча иш-аракеттерин баштаган.
Уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Туюк-Суудагы уран калдыктары сакталган жайдан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин да ушул ишкана жүргүзүп жатат.