You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Афган каршылык күчтөрү талибдерди чаап кетүүдө
Секундар Кермани; BBC News, Кабул
Талиберди Кабулдун түндүк тарабындагы Панжшер провинциясында каршылык күчтөрү менен кармашуудан кийин жергиликтүү элге зордук-зомбулук көрсөтүп жатат деп айыпташууда.
Жергиликтүү бир тургун өткөн жылы бийликке келген топ анын карып калган тууганын атып салышканын Би-Би-Сиге билдирди.
Дагы бирөө коңшусун талибдер эс-учун жоготконго чейин уруп-сабашканын көргөнүн айтууда.
Талибдердин жергиликтүү өкүлү жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн бирөөнүн киши колдуу болгонун же укуктарын бузган иштер болгонун четке кагууда.
Согуштук аракеттер жергиликтүү мүнөздө өтүп жатат жана азыркы этапта өлкөнү көзөмөлдөп турган талибдерге анчалык коркунуч туудурбайт. Ошентсе дагы бул талибдер бийликке келгенден кийинки аларга баш ийбей кармашып жаткан өзүнчө орчундуу куралдуу бирикме болуп саналат.
Панжшер 1990-жылдары талибдер биринчи жолу бийликке келгенде аларга каршы көтөрүлгөн каршылыктын негизги бастиону болгон.
Соңку күндөрү Улуттук каршылык фронтунун согушкерлери бул райондогу талибдердин күчтөрүнө бир нече жолу партизандык чабуул коюшту. Талибдер жооп катарында Панжшерге көп аскер жиберди.
Улуттук каршылык фронтунун башында убагында талибдер менен кармашкан атактуу командир Ахмад-Шах Масуддун уулу Ахмат Масуд турат. Ал талибдер бийликке келгенде Афганистандан чыгып кетти.
Бул куралдуу бирикмени ошондой эле мурда афган армиясында кызмат өтөгөн командирлер колдоого алууда.
Жергиликтүү булактар Би-Би-Сиге жашыруун билдирген маалыматка караганда, конфликт диний талаш-тартыштан чыккан. Көрсө, жергиликтүү динаятчы Курман айт талибдер айткан күндөн бир күн кеч белгиленет деп чечим чыгарган үчүн талибдердин каарына калып, аны камоого буйрук берилген.
«Талибандын» күчтөрү келгенде буктурмага туш болуп, бир топ адамын жоготкон, бирок муну алардын расмий жетекчилери ырастабай турат.
Бул кармаштын масштабын жана канча жоготуулар болгонун аныкташ кыйын. Талибдер бул урушту болбогон бир окуядай карап жатканда, Улуттук каршылык фронту аны көбүртүп-жабыртып жаткан болушу да ыктымал.
Жергиликтүү эки адамдын айтымында, талибдер ушул күнгө чейин Панжшерде куралсыз 15 жайкын тургунду өлтүрүштү.
Кармаш адегенде Абдулла Хель өрөөнүндө болуп жатканы айтылган, ал эми азыр ал жакта согуш бүттү деп жатышат.
Талибандын согушкерлери басып киргенден кийин жергиликтүү жашоочулардын арасынан жүздөгөндөр үй-жайын таштап, тоого барып баш калкалашууда.
Кыштактан бир жашоочусунун айтымында, ал карып калган акесин үйгө калтырып кеткен экен, талибдер аны кыйнап каршылык жоокерлеринин үйлөрүн көрсөтүп берүүнү талап кылышкан.
Аны менен кошо кыштактагы дагы бир адамды атып салышкан.
«Анын куралы да жок эле, каршылык фронту менен анын эч байланышы жок эле", — деди ал.
Бул киши өлтүрүүлөрдүн кандай жагдайда болгонун так аныктоо кыйын, бирок Би-Би-Си маркумдардын сүрөттөрүн карап көрдүк.
Райондун дагы бир жашоочусу Би-Би-Сиге анын туугандарынын бирин талибдер тинтүү жасап кирип келгенде коркуп кетип качып баратканда атып салышканын айтты.
Социалдык медиага чыккан сүрөттөрдөн талибдер көп эркектерди кармап кетип жатканын көрүүгө болот.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, жүздөй адам кармалды, ал эми кээ бир абройлуу адамдарды каршылык фронтунун жоокерлерин кармаш үчүн убактылуу камакка алышты.
Азыркы убакта камалгандардын көбү бошоп чыкканы айтылууда.
Дагы бир жергиликтүү жашоочунун айтымында, анын карып калган коңшусу каршылык көрсөткөндөрдүн тизмесине түшүп калган, бирок күнөөсүн мойнуна албай койгондо аны «эс-учунан тангыча мылтыктын кундагы токмоктошкон».
«Талибандын» Панджшердеги өкүлү Би-Би-Сиге бул провинцияда эч кандай согуштук аракеттер болгон эмес деп билдирди. Ошол эле убакта талибдердин жергиликтүү башка өкүлү афгандык Tolo News басылмасына “Талибандын” алты жоокери кармашууда каза тапканын айткан экен.
Түштүктөгү Гильменд провинциясындагы булактар Би-Би-Сиге билдиргендей, алар жакка Панжерден он беш согушкердин сөөгү жеткирилген.
Кагылыш-кармашуулар жана зордук-зомбулуктар Панжшердин башка жерлеринде, ошондой эле Баглан провинциясына жакын район Андарабда жана түндүктөгү Тахар провинциясындагы Варсаж деген жерде болгону жөнүндө кабарлар келүүдө.
Каршылык көрсөткөн топтордун баарында негизинен тажиктер, ал эми талибдердин катарында пуштундар көп. (КС)