Сүрөт баян: Түркияда күч сынаган “көчмөн аялдар”

Published

Кыргызстандын курама командасы Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 58 медаль багындырды - анын ичинен 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль. Бирок оюндардын уюштуруучулары Кыргызстан медалдар боюнча канчанчы орунда болгонун азыркыга чейин ачыктай элек.

Би-Би-Синин кабарчылары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изникте болуп, Көчмөндөр оюндарына келген спортчу айымдарды тарткан. Бул сүрөт баянда салттуу жаа атуу жана “Алыш” бел боо күрөшү боюнча күч сынаган аялдарды көрө аласыз.

Кыргызстандын спортчулары эң көп “Алыш” бел боо күрөшү боюнча ийгиликтерге жетти. Курама командасы жалпы 19 медаль жеңди - анын жетөөсүн балбан кыздар багындырган.