You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Байден президенттик жарыштан чыкты, эми Харрис Трампты жеңе алабы?
АКШ президенти Жо Байден шайлоого төрт ай калганда партиялаштарынын чакырыктарына кулак салып, планетадагы алдыңкы аскердик жана экономикалык державаны жетектөө укугу үчүн Дональд Трамп менен ат салышуу дымагынан баш тартты.
Жо Байден президенттик жоопкерчиликти аткаруу анын жашоосундагы эң чоң сыймык экенин Х коомдук медиасына жазды.
Чечимин жарыялаган Байден вице-президент Камала Харриске ыраазычылык билдирип, аны өзгөчө өнөктөш деп атады.
Эми Камала Харрис алдыдагы шайлоого демократтардан чыга турган эң ыктымалдуу талапкер болуп калды.
Келерки аптада Байден кайрылуу жасап, өзүнүн чечими жана кийинки аракеттери тууралуу кененирээк айтып берет.
Сексен бир жаштагы Байденге карата президенттик жарыштан баш тартуу чакырыгы акыркы учурларда кескин күчөп кетти. Буга Трамп менен дебаттагы начар көрсөткүч, жаш курагы жана Украин президентин эл алдында президент Путин деп атаганы себеп болду көрүнөт.
Байдендин чечими анын жаркын саясий карьерасына чекит койду. Ал Барак Обаманын тушунда вице-президент болуп сегиз жыл иштеген.
2020-жылдагы шайлоодо Байден Трампты жеңип, АКШнын 46-президенти болуп калды.
Анын президенттиги экономикалык өсүш, Американын эл аралык саясаттын чордонуна кайтып келиши жана Орусиянын агрессиясына каршы турууда Украинаны колдоо менен коштолду.
2024-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгү Американын саясий тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.
1981-жылы Рональд Рейган атып өлтүрүлгөндөн кийин президенттин же президенттикке талапкердин өмүрүнө кол салуу аракети болгон эмес, бирок он күн мурда бул кайра кайталанды.
Ошондой эле Вьетнам согушунан бери биринчи жолу талапкер жарыштан баш тартты. 1968-жылы демократ президент Линдон Жонсон талапкерлигин алып салып, жолду вице-президентке бошоткон. Бирок ал шайлоодо республикачы Ричард Никсонго утулуп калган.
Камала Харрис Байденге ыраазычылык билдирди
Шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тартып, ордуна Демократиялык партиядан талапкер кылып көрсөтүүнү сунуштаган Жо Байдендин колдоосуна АКШнын вице-президенти Камала Харрис ыраазычылык билдирди. Ал эмитен эле партиялаштарынын колдоосуна ээ болууга аракет кылып, талапкерлик үчүн күрөшө баштаганын айтууда.
"Президенттин колдоосуна ээ болуу мен үчүн сыймык жана мен талапкер болууга ниеттенип жатам. Мен Демократиялык партияны жана элибизди бириктирүү үчүн, Дональд Трампты жеңүү үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Шайлоо күнүнө чейин бизде 107 күн бар. Биз чогуу күрөшөбүз жана бирге жеңебиз", - деди Камала Харрис.
Вице-президенттин айтымында, Байдендин шайлоодон баш тартуу чечими патриоттуулуктун үлгүсү. "Президент Байден ар дайым АКШ элинин жана биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп келет".
Байден менен Трамп дебатка чыкканда көпчүлүк Байдендин дебат жыйынтыктары начар болду деп айткан эле, ошондон көп өтпөй президент жарышта кала алабы же жокпу деген талкуулар башталган.
Ошол учурда да Камала Харрис президенттин жанында туруп, шайлоодогу үгүт иштеринде "Биз президентибиз Жо Байденге ишенебиз" деди.
Демократтардын азырынча расмий талапкери жок. Байден Харристи колдосо дагы анын атаандаштары чыгышы мүмкүн. Добуш берүү 19-августта Чикагодо ачыла турган Демократиялык партиянын улуттук курултайында өткөрүлөт.
Би-Би-Синин ишенимдүү булактарынын айтымында, Харрис жекшемби күнү кечинде белгилүү демократтардын, анын ичинде мыйзам чыгаруучулардын жана губернаторлордун колдоосуна ээ болуу үчүн телефон чалууларды жасай баштаган.
Клинтондор Харристи колдоду, Обама үн каткан жок
АКШнын мурдагы президенти жана мамлекеттик катчысы болгон Билл жана Хиллари Клинтондор Камала Харристин талапкерлигин кодоп чыкты:
"Азыр Камала Харрис менен бирге туруп, анын өтүп келиши үчүн күрөшө турган мезгил келди. Трамптын жеңип чыгышына жол бербешибиз керек. Биздин өлкөдө өйдө-ылдый кыйынчылыктар болду, бирок өлкөнүн келечеги үчүн Трамптын экинчи мөөнөткө бийликте калуу коркунучунан көбүрөөк тынчсыздандырган окуя болгон жок".
Мурдагы президент Барак Обама шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тартуу чечими үчүн Байденге ыраазычылык билдирип, аны эң жогорку даражадагы патриот деп атады, бирок Харрис тууралуу үн каткан жок.
Дональд Трамп CNN телеканалынын суроосуна жооп берип жатып Камала Харристи жеңип чыгуу Байденге караганда оңой болорун айтты.
Мындан ары эмне болот?
Байден буга чейин 3896 партия делегатынын добушун алган, бул талапкерлигин коюу үчүн керектүү болгон добуштан алда канча көп.
Съезддин башталышы 19-августка белгиленген. Эгерде Демократиялык партия ага чейин жаңы талапкердин артында бирикпесе, анда 1968-жылдан берки биринчи жолу "ачык курултайга" алып барышы мүмкүн.
Бюллетенде талапкердин аты-жөнүн көрсөтүлүшү үчүн жок дегенде 300 делегаттын (ар бир штатта элүүдөн ашык эмес) колу керек.
Добуш берүүнүн биринчи айлампасына 3900 делегат катышат. Эгерде бир дагы талапкер көпчүлүк добуш албаса, анда добуш берүүнүн дагы бир нече айлампасы өткөрүлөт.
Мында партия лидерлери жана кызмат адамдары катышат, алар талапкер тандалганга чейин добуш беришет.
Партиянын талапкерлигин алуу үчүн ага 1976 делегаттын добушу керек болот.(ErA/SA)