You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зеленский кытайлык аскерлер колго түшкөнүн билдирди. Бул боюнча эмнелер белгилүү?
Украиналык аскерлер Донецк облусунда Орусия үчүн согушуп жүргөн кытайлык эки жаранды туткунга алганын Володимир Зеленский билдирди. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын өкүлүн чакырып, алардын жарандарынын Орусиянын катарында Украинага каршы согушуп жатканын сынга алды. Пекин туткунга түшкөндөр тууралуу азырынча комментарий бере элек.
"Оккупанттардын бөлүмдөрүнүн арасында Кытайдын бул сыяктуу жарандарынын саны кыйла көп экендиги, экөө эле эместиги тууралуу бизде маалымат бар. Азыр фактыларды тактап жатабыз. Чалгын кызматыбыз, Украинанын коопсуздук кызматы, Куралдуу күчтөрдүн тиешелүү бөлүмдөрү иштеп жатат",- деп жазды Зеленский.
Зеленский журналисттерге маалымат берип жатып, украиналык аскерлер кытайлык алты аскер менен согушуп, алардын экөөнү колго түшүргөнүн айтып берди. Украин президентинин сөзүнө караганда, туткунга түшкөндөрдүн жанында алардын өздүгүн тастыктаган документтери, банк карталары дагы болгон.
Володимир Зеленский кытайлык бул туткундар тууралуу видео дагы жарыялады. Анда кытайча сүйлөгөн кишинин колу кишенделип отурганын көрүүгө болот. Мында согушту сүрөттөп берип жатканы чагылдырылган. Ал мунун баарын колу менен жаңсап, атышууларды үн чыгарып туурап берген.
AFP агенттиги туткундалган аскер мамлекеттик мандарин тилинде (хань тилинде) сүйлөп жаткандыгын билдирди.
Володимир Зеленский тышкы иштер министрине кайрылып, "Пекин менен тез арада байланышып" жана Кытай тараптын реакциясын билүүнү тапшырды.
Кытайдын өкүлдөрү европалык журналисттердин бул кырдаал боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө азырынча жооп бере элек. Кытай жарандарынын колго түшүрүлүшү боюнча Орусия дагы эч кандай үн ката элек.
Туткундалгандар азыр Украинанын коопсуздук кызматынын колунда турат.
Кандай реакция болот?
Украин президентинин сөзүнө караганда, Пекиндин орус-украин согушуна аралашып жаткандыгынын күбөсү — "Путин кандай болсо дагы согушту токтотуудан башканын баарына даяр экендигин көрсөтөт. Ошондой эле Путин мындан ары согушту кандай улантуунун айла-амалын издеп жаткандыгынын таасын сигналы".
Украин президенти АКШны жана Европаны бул боюнча реакция кылууга чакырып, "жалпы эле дүйнөдө тынчтык болушун каалагандарды" дагы үндөдү.
"Кытай жарандарынын Украинага басып кирген орусиялык армия тарабында аралашып жүргөнү Кытайдын тынчтык жөнүндө декларацияланган позициясы боюнча күмөн жаратып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу жана жооптуу мүчөсү болгон Пекинге карата ишенимди солгундатат",- деп билдирди Украинанын тышкы иштер министри Андрий Сибига.
АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Тамми Брюс Кытай жарандарынын туткунга алынганы тууралуу билдирүүгө кабатыр болууда.
Ал Кытайдын мындай аракети Орусиянын Украинадагы согушту улантуусуна өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле Орусияда кош максатта (күнүмдүк тиричиликте жана аскердик максатта) колдонула турчу товарлардын 80 пайызын Кытай жеткирип жатканын билдирди.
Кытай орус-украин согушу боюнча нейтралдуулук жөнүндө формалдуу түрдө айтып келе жатат. Бирок Орусия Украинага толук кандуу басып киргенден бери Москва менен тыгыз мамилесин сактап, Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулган жок.
Туткунга түшкөн кишилер ким?
Кытайдын туткунга түшкөн жарандары боюнча, алардын согушка кантип аралашып калгандыгы жөнүндө ачык булактарда ишенимдүү маалыматтар жок.
Бирок Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңешинин өкүлү Андрей Коваленко аларды "Европадагы согушка орус армиясынын катарында жалданган аскерлер" деп атады.
Би-Би-Синин коргонуу маселелери боюнча кабарчысы Жонатан Билдин айтымында, кытайлык аскерлер Украинадагы согушка мамлекеттин көмөгүнүн аркасында жиберилгени тууралуу кандайдыр бир далилдерди, күбөлөрдү европалык чиновниктер азырынча көрүшө элек.
Ал ортодо AFP агенттиги атын атабаган украиналык чиновникке шилтеме берип, Кытайдын туткундалган жарандарын Пекин жибербей эле, алар өз демилгелери менен орус армиясынын катарына келишим менен кирген болушу ыктымал деп жазды.
Булактын берген маалыматына караганда, алар мындан "бир нече күн мурун туткунга түшкөн. "Азырынча толугу менен эч нерсеси түшүнүксүз. Качан гана аларды Коопсуздук кызматына жеткирип, аларды суракка алганда, биз эмне болуп жатканын түшүнөбүз",- деген AFP агенттигине жашыруун маектешкен киши.
Ал агенттиктин журналисттерине туткундалгандардын биринин сүрөтүн жана өздүгүн тастыктай турган күбөлүгүнүн сүрөтүн жиберген. Анда колго түшкөн кытайлык жарандын туулган жылы (1991-жыл) жана улуту "хань" (Кытайдын калкынын көп бөлүгү ушул улутка туура келет) деп көрсөтүлгөн.
Франциялык Le Monde гезити буга чейин Douyin (TikTok тиркемесинин Кытайда гана иштей турган туунду тиркемеси) аркылуу кыркка жакын каттоо жазууларын тапканын жазган. Анда аккаунттун колдонуучулары орус армиясынын катарында кызмат өтөшкөнүн жазышкан.
Би-Би-Си Орус кызматы орус армиясы менен келишим түзгөн чет өлкөлүктөр тууралуу мурда эле бир нече жолу айтып келген. Алардын кээ бири өз ыктыяры менен келишим түзүшсө, кээ бирлери алданып калышкан. Бирок буга чейин Кытай жарандарынын фронтто жүрүшкөнү тууралуу мурда кабарланган эмес.
Туткунга түшкөн Түндүк Кореялык аскерлер
Володимир Зеленский быйыл 11-январда Орусиянын Курск облусунда украиналык аскерлер түндүк кореялык эки жоокерди колго түшүргөнүн билдирген.
Украин президентинин сөзүнө караганда, орусиялык жана түндүк кореялык аскерлер Түндүк Кореянын Украинага каршы согушка катышып жатканы боюнча кандай гана далил болбосун жок кылып салуу үчүн жарадар болгон аскерди өлтүрүп жатышканы тууралуу айткан эле.
Украинанын Коопсуздук кызматы ошол учурда колго түшкөндөрдүн биринен Орусияга таандык аскер күбөлүгүн табышканын, ал күбөлүк Тыва Республикасында катталган башка эле кишинин атында болгонун билдирген. Экинчисинде болсо эч кандай документ болгон эмес деген маалымат беришкен.
Орусиялык аскер күбөлүгү менен колго түшкөн аскер сурак учурунда ага документти 2024-жылдын күзүндө Орусиядан беришкенин айтып берген. Анын сөзүнө караганда, ошол учурда Түндүк Кореянын кээ бир согуштук түзүмдөрү орусиялык аскерлер менен бир апталык машыгуу өткөрүшкөн.
"Толук кандуу басып киргенден бери карай эле туткунга түшкөн орусиялык аскерлер дагы Украинага каршы согушка эмес, машыгууга келгенбиз",- дешет деп айтылат Украин Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө.
Украин чалгын кызматынын маалыматына караганда, ал 2005-жылы туулуп, 2021-жылдан бери карай Түндүк Кореянын армиясында аткычтардын катарына кошулганын айтып берген.
2024-жылдын 27-декабрында Түштүк Кореянын чалгын кызматы Орусия тарапта Украинага каршы согушуп жүргөн түндүккореялык украиналык аcкерлердин туткунуна түшкөнүн ырастаган. Бирок алган жаракатынан улам ал туткун өлүп калган.
Түндүккореялык аскерлер негизинен Орусиянын Курск аймагындагы салгылаштарга катышышкан. Ал жакка украин күчтөрү басып кирген эле. Бирок кийинчерээк олуттуу жоготуулардан улам чыгарып кетишкени тууралуу медиада билдирүүлөр чыккан.
Орусия Украинага каршы согушта түндүккореялык аскерлер согушка катышышканын ырастаган дагы эмес, ошол эле учурда четке каккан дагы эмес.