You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШда балдарды коронавируска каршы эмдөө аракети, Бишкекте бийик үйдөн секирип жанын кыйган жигит
АКШда балдар коронавируска каршы эмделе башташы мүмкүн
АКШда көз карандысыз консультативдик кеңеш коронавируска каршы Пфайзер вакцинасы менен 5 жаштан 11 жашка чейинки балдарды эмдөөнү кубаттады. Эксперттер вакцинанын зыянынан пайдасы көбүрөөк болорун чечим кылган. АКШнын саламаттыкты сактоо органдары соңку чечимин жакынкы күндөрү чыгарат деп күтүлүүдө.
Пфайзер вакцинасын сыноодон кийинки тыянактарга ылайык, вакцина дозасынын үчтөн бири өспүрүмдөр жана чоңдор үчүн 90% натыйжалуулугун көрсөттү.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун алдындагы консультативдик кеңештин бул ачылышы жакында 28 миллион балага вакцина саюуга болот дегенди түшүндүрөт.
АКШда пандемия башталгандан бери ковидге чалдыккан балдардын саны эки милионго жетип, вирустан 200дөй бала каза тапкан. Ошентсе да өлкөдө балдарга вакцина сайыш кекрепи же жокпу деген маселе боюнча бир пикир жок. Айрым ата-энелер вакцинаны кыйыр кандай кесепети болушу мүмкүн деп кабатыр. (EK)
"Эч кимди жанына жолотпой койду"
Бишкекте шаршембиде кечинде 8-кабаттан секирип жанын кыйган жигит жөнүндө ӨКМдин өкүлү билдирүү жасады.
Министрликтин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы - подполковник Ырыспек Жолдошбаев жанын кыюуга барган адамды сактап калууга мүмкүн болбогондугун түшүндүрдү.
"Бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жигит чечкиндүү түрдө өз жанын кыюуга бел байлаганын билдирген. Ал биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн, эч кимди жанына жолотпой койгон".
Социалдык тармактагы талкууга катышкандар беш саат ичинде кризисте турган баланы сактап калышпагандыгы үчүн куткаруучуларды сынга алышууда. Эң жок дегенде бала секире турган жерге батуттарды эмнеге коюшкан жок деп жатышат.
"Социалдык тармактарда батуттарды орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары, ар кандай нюанстар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак",-дейт Ырыспек Жолдошпаев.
Трагедиялуу окуя болгон жерде алты куткаруучу, психологдор, өз жанын кыйган жигиттин жакындары да болгон, бирок эч кимиси жардам бере алышпады, анын өзү дагы айткан акылга такыр көнбөй койгон. (КС)
"Көчмөндөр кагылышы" - Нарын театрынын сахнасында
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын областтык академиялык музыкалык драма театры өзүнүн 84-театралдык сезонун «Көчмөндөр» аттуу жаңы спектаклдин премьерасы менен баштады.
Белгилүү болгондой, бул жаңы спектаклдин сценарийи кыргыз эл жазуучусу Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы» аттуу романын негизинде жазылган. Оюндун сценарийин жазган жана койгон режиссер - театрдын көркөм жетекчиси Шамбет Мендебаиров.
Айтмакчы, Шамбет Мендебаиров 40 жыл мурда жарык көргөн, убагында советтик идеологиянын куугунтугунда калган бул тарыхый чыгармага кайрылгандардын эң алгачкы режиссерлордон болуп саналат.
Буга чейин К.Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы» романын белгилүү журналист Эрнис Кыязов көркөм окуп, анын аудиожазуу вариантын интернетке чыгарган. (КС)