Түркиянын кайсыл туристтик аймактары өрттөн жабыркады?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бир жумадан бери Түркиянын токойлорун каптаган өрт кеминде сегиз кишинин өмүрүн алды. Эми жалын курорттук райондорго да жетип, чет элдик туристтерди эвакуациялоо жүрүп жатат.

Учурда Түркияда жашап жаткан кыргызстандык Арсланбек Кенжетегин өрттүн кесепети тууралуу түрк басылмаларына сереп салып берди.

А.Кенжетегин: Түрк басылмалары өрттүн 150 жакын очогу аныкталганын жазып жатышат. Анын көбү Жер ортолук деңизинин жээги жана шаарларда болуп жатат. Бүгүнкү күнгө өрттүн жүзгө жакын очогу өчүрүлүп бүткөнү айтылууда.

Өрт дагы эле жүрүп жаткан аймактарда өрт өчүрүү кызматы дале иштеп жатат. Аларга чет өлкөлөрдөн: Украина, Азербайжан жана Орусиядан жардамга келишүүдө.

Би-Би-Си: Түркиянын кайсы туристтик аймактары көп жабыркады?

А.Кенжетегин: Анталия жана Муглада десем болот. Ал жакта өрттүн көлөмү да чоң болгону айтылып жатат. Өзгөчө Анталиянын Манавгат, Сиде райондору, ал эми Муглада болсо Бодрум, Мармарис, Ичмелер деген райондору жабыркады.

Өрттөр бир эле токойлорго жайылбай, фермаларды, жакын жердеги мал-жандыктарды да жалмап кетти. Мал-чарбасы эле эмес, дыйкандардын чарбасы дагы өрттөндү деп жатышат. Жергиликтүү тургундардын үйлөрү өрттөндү.  Жаратылыш коюнунда орун алган кафе-ресторандар, мейманканалар күйүп кетти.

Би-Би-Си: Түркияга барып эс алган кыргызстандыктар көп, бул өрттөрдө алардан бирөө жарым жабыркаган жокпу?

А.Кенжетегин: Азырынча андай маалымат чыга элек. Эки күн мурун бул жердеги кыргыз элчилиги андай учур жок экендигин маалымдаган. Ошондой эле, кыргыз жарандарына эскертүү берилген. Сак болуп, коопсуз жайларга чыгуу керектиги айтылган. Түрк басылмаларында дагы ал тууралуу сөз боло элек.

Би-Би-Си: Түркиянын туристтик тармагы бул өрттөрдө катуу жабыркады. Жергиликтүү өкмөт кандай аракет көрүүдө?

А.Кенжетегин: Эми өрттүн масштабы чоң болуп жатат. Бул окуяны Туркиянын "улуттук катастрофасы" болду деп да сыпаттап жатышат.  Кесепети да оор болууда.

Президент Эрдогандын тапшырмасы менен кайра баарын калыбына келтирүү үчүн биринчи этапта 50 миллион лира жардам катары берилет дешти. Өрттөлүп кеткен жерлерде бак-дарактарды отургузуу үчүн иштер башталып, фонддор түзүлүп жатат. Бардык керектен чыккан мүлк жана күйүп кеткен мал-жандыктарды орду толтурулуп берилери да убадаланып жатат.

Бизнес, туризм тармагында чыгымдарга учурагандарга да ошондой эле жардам болот дешти. Бул иштердин бары бир апта ичинде башталып, бир жыл ичинде ишке ашат деген үмүттөрү бар. Айрымдар быйылкы туристтик сезонун жапканга мажбур болушту, бирок кийинки сезонго даяр болуп калабыз деген үмүттө.