Канттагы орус аскер базасын АКШ колдоношу мүмкүнбү?

Published

АКШ Москва менен Афганистандагы коркунучтарга каршы Борбордук Азиядагы орус аскер базаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын Wall Street Journal жазып чыкты.

Басылманын маалымытына ылайык, бул маселе Хелсинкидеги АКШнын штабдар башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы Марк Миллинин Орусиянын генералдык штабынын башчысы Финляндияга бейрасмий келген Валерий Герасимов менен болгон жолугушуусунда талкууланган.

АКШ менен Орусия президенттеринин июндагы саммитинде Владимир Путин Жо Байденге Афганистан боюнча иш-аракеттерди координациялоону, анын ичинде, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орусиянын аскер базаларын колдонууну сунуштаганын орусиялык медиалар жазышкан.

Жолугушууда Путин менен Байден Афганистан темасын талкуулашканын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктаган. Бирок ал аскер базалары тууралуу сөз болгонун тактаган эмес.

Wall Street Journal макаласынан кийин Песков, “бул жолугушуу жөнүндө [Байден менен Путиндин] айтыла турган нерсенин баары айтылган”, - деди. Ал Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларын пайдалануу маселеси президенттердин же генералдык штабдардын башчыларынын жолугушуусунда талкууланганбы деген суроого жооп берүүдөн баш тарты.

Орусия НАТОго Афганистандагы операцияларын өткөрүүгө бир нече жыл жардамдашып, иш жүзүндө 2009-жылдан тартып 2015-жылга чейин өз территориясынан жана аба мейкиндигинен транзиттик жүктөрдү алып өтүүгө уруксат берип келген.

Жардам 2010-жылы НАТОнун Лиссабондогу саммитине чакырылган президент Дмитрий Медведев тарабынан ырасмий колдоого алынган. Россия Ульяновск шаарында НАТОнун атайын жүк оодаруучу пунктун курууга бел байлап калган. 2012-жылы вице-премьер болуп турган Дмитрий Рогозин Орусия бул кызматташуудан акча таап жатканын билдирген.

Сенаторлор каршы

Американын сенатында бул кабар тынчыздануу жаратты. АКШ Конгрессинин Жогорку палатасынын вебсайтында бир нече республикачыл сенаторлордун мамкатчы Энтони Блинкенге жана коргоо министри Лойд Остинге кайрылуусу жарыяланган. Анда Байдендин администрациясын “терроризмге каршы күрөштө орустар менен эч кандай аскердик кызматташууга барбоого” чакырган.

Билдирүүдө Барак Обаманын учурундагы эки өлкөнүн аскерий кызматташуусунун натыйжасы “Орусия террористтик коркунучтар тууралуу маалымат бөлүшкөндүн ордуна, АКШ жана анын тарапташтары жөнүндө чалгын маалыматын жыйноо менен алек болорун” көрсөткөнү айтылган.

Андан сырткары, сенаторлордун сөзү боюнча, АКШ менен Орусиянын аскердик кызматташуусуна юридикалык тыюу салынган. Мындай чектөө Орусия Минск протоколунун шарттарын аткармайын сактала берери белгиленген.

Кызматташуу деги эле мүмкүнбү?

Carnegie.ru  сайтынын башкы редактору Александр Баунов Би-Би-Сиге берген маегинде АКШ Кыргызстанда жана Тажикстанда жайгашкан аскер базаларын пайдалануусу толук мүмкүн дейт.

Анын пикиринде афган багыты дайыма эки өлкөнүн каршылыгынан “сырткары” турат.

Андан сырткары, батыш өлкөлөрү менен Орусиянын Афганистан мамилесинде өзгөчөлүк бар экенин белгилеп: “Азия Европадан эки уюлдуулуктун жоктугу менен айырмаланат. Ал бар, бирок “же-же” түрүндө эмес”, - дейт ал.

“Ал жакта НАТО жок, орус-америка мамилелери жок. НАТО турган Европадагы орус-америка мамилелери жана “боз зона” бар. Чыгыш бар, Москва бар, Батыш бар жана чечим кабыл ала элек же алардын кабыл алган чечимине Москва же Батыш нааразы болгон территориялар жана өлкөлөр бар - азыр ушул “боз зона” үчүн күрөш жүрүп жатат. Азияда НАТО жок, Орусияга каршы аскердик блок жок, же ошол эле Пакистанда аскерлердин болушу, Польшадагыдай оор кабыл алынбайт”, - дейт эксперт.

Жогорку экономика мектебинин профессору Андрей Казанцев каршы пикирде. “Региондо америкалыктардын болушу Орусиянын бийлигин кооптондурат, керек болсо аны дүйнөлүк терроризмден дагы коркунучтуу деп эсептейт”, - дейт ал.

Чалгын жана маалымат

Тажикстанда Орусиянын 201-аскер базасы бар. Айрым маалыматтар боюнча, анда 6 миң, бөлөктөрү 3 миңге чукул аскер бар дешет. Базанын курамында Душанбеге жакын жердеги "Айни" аэродромунда жайгашкан Ми-8 жана Ми-24 тик учактарынан турган авиатоп  кирет.

Кыргызстан бир учурда америкалык жана орусиялык аскер базалары жайгашкан дүйнөдөгү жалгыз өлкө болуп турду. АКШнын аскер базасы “Манас” аэропортунда жайгашкан болсо, андан 30 километр аралыктагы “Кант” авиабасы дале турат.

“Манас” Афганистанга транзиттик жүктөрдү ташуу үчүн маанилүү болчу. 2001-2014-жылдар аралыгында бул авиабаза аркылуу 26 өлкөдөн 5 миллион аскер ташылып өткөн. 2014-жылы Кыргыз Республикасы АКШ менен келишимди узартуудан баш тарткан.

Аскерий эксперт Виктор Мураховскийдин пикиринде, теоретикалык көз караштан алганда, АКШ афган чек арасына жакын чалгын каражаттарын жайгаштыруу жана өзү учкан түзмөктөрдү башкаруучу пункт ачканга кызыкдар болушу мүмкүн.

“Бирок аскердик топту жайгаштыруу, жада калса, атайын максаттагы күчтөрдү жайгаштыруу жөнүндө сөз жүрүшү ыктымал деп ойлобойм. Сөз кандайдыр бир техникалык, авиациялык, радиоэлектрондук каражаттар жөнүндө”, - дейт эксперт.

Мураховский АКШ Орусияга каршы санкциялык саясатын токтотмоюн “экинчи Ульяновск” болушу мүмкүн эмес дейт. (CS)